Накыл сөздөр | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Накыл сөздөр 28 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мыйзамсыз адам артынан эч ким кубалабаса деле качып жүрөт, ал эми адил адам арстандай айбаттуу.

2 Мамлекет мыйзамдан четтегенде, аны башкаргандар көбөйөт. Ал эми акылман жана билерман адам башкарганда, ал көпкө жашайт.

3 Алсыздарды эзген жакыр адам эгинди жууп кеткен нөшөрдөй.

4 Мыйзамдан четтегендер адилетсиздерди макташат, ал эми мыйзамды сактагандар аларга каршы чыгышат.

5 Кара өзгөй кишилер адилеттикти түшүнүшпөйт, ал эми Теңирди издегендер бардыгын түшүнүшөт.

6 Бай болуп терс жолдо жүргөнгө караганда, кедей болуп күнөөсүз жашаган жакшы.

7 Мыйзамды сактаган уул – акылдуу уул, ал эми ысырапчылар менен достошкон уул атасын уятка калтырат.

8 Сүткордук кылып, ашыгы менен алып байыган адам байлыгын жакырларга кайрымдуулук кылган адам үчүн жыйнап жатат.

9 Мыйзамды уккусу келбей кулагын жапкан адамдын сыйынуусу да жийиркеничтүү.

10 Адил адамдарды жаман жолго азгырган адам өз оруна өзү түшөт, ал эми кемчиликсиз адамдар жакшылыкты мурасташат.

11 Бай адам өзүн акылдуу эсептейт, бирок акылдуу кедей аны ашкерелейт.

12 Адил адамдар салтанат курушканда, чоң кубаныч болот, ал эми мыйзамсыздар бийликке келгенде, адамдар жашына башташат.

13 Өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат.

14 Кудайдын алдында ар дайым коркуп жашаган адам бактылуу, ал эми жүрөгүн өжөрлөнткөн адам кырсыкка кабылат.

15 Жакыр элге үстөмдүк кылган мыйзамсыз өкүмдар айкырган арстандай, ачка аюудай.

16 Акылы жок өкмөт башчысы көп кысымчылык көрсөтөт, ал эми ачкөздүктү жек көргөн өкүмдардын өмүрү узун болот.

17 Адамдын канын төгүп айыптуу болгон адам бирөө кармап албасын деп, көргө киргенге чейин качып жүрүп өтөт.

18 Түз жүргөн адам зыян тартпайт, ал эми туура эмес жолдор менен жүргөн адам ошол жолдордун биринде чалынып жыгылат.

19 Жерин иштеткен адам нанга тоёт, бекерпоздорду туураган адам жокчулукка тоёт.

20 Ишенимдүү адам батага бай, ал эми байыганга ашыккан адам жазаланбай калбайт.

21 Бет карама болуу жакшы эмес, андай адам бир сындырым нан үчүн да адилетсиздикке барат.

22 Ичи тар киши байлыкка ашыгат, башына жакырчылык келерин ойлобойт.

23 Тили менен жасакерленген адамга караганда, бетке айткан адам акыры чоң ылым табат.

24 Өз атасы менен өз энесин тоноп, «Бул күнөө эмес» деген адам – каракчылардын шериги.

25 Менменсинген адам чыр-чатак чыгарат, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам жыргал турмуш өткөрөт.

26 Өзүнө таянган адам акылсыз, акылмандык менен жүргөн адам аман-эсен болот.

27 Жакырга берген адам жакырланып калбайт, ал эми аларга көзүн жуумп койгон адам көп каргышка калат.

28 Мыйзамсыздар бийликке келишкенде, адамдар жашына башташат; алар кулашканда, адил адамдар көбөйө башташат.