1 Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми кордогон сөз ачууну козгойт.
2 Акылдуу адамдардын тили билимди кабарлайт, ал эми акылсыздардын оозу акылсыздыкты сүйлөйт.
3 Теңирдин көзү бардык жерде, ал жакшыларды да, жамандарды да көрүп турат.
4 Момун тил – өмүр дарагы, ал эми ооздукталбаган тил рухту талкалайт.
5 Акылсыз адам атасынын акыл-насаатын барктабайт, ал эми айыбын ачканды уккан адам акылдуу.
6 Адил адамдын үйүндө байлык көп, ал эми мыйзамсыздын кирешеси өзүнө бүлүнүү алып келет.
7 Акылдуу адамдардын оозу билим таратат, акылсыздардын жүрөгү андай эмес.
8 Мыйзамсыздардын курмандыгы Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми адил адамдардын сыйынуусу Ага жагат.
9 Мыйзамсыздын жолу Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми акыйкат жолу менен жүргөн адамды Ал жакшы көрөт.
10 Түз жолдон чыккандар катуу жазаланат, айыбын ачкан адамды жек көргөн адам өлөт.
11 Өлгөндөр жаткан жай менен Абадон Теңирдин алдында ачык, андан бетер адам баласынын жүрөгү Анын алдында ачык.
12 Шылдыңчыл адам айыбын ашкере кылган адамдарды сүйбөйт, акылдуу адамдарга да барбайт.
13 Жүрөктөгү кубаныч жүздү жайдары кылат, ал эми жүрөктөгү кайгы көңүлдү чөгөрөт.
14 Акылдуунун жүрөгү билим издейт, ал эми акылсыздардын оозу акылсыздык менен тамактанат.
15 Бактысыздын бардык күндөрү кайгылуу, ал эми жайдары адамда күндө той.
16 Бай болуп тынчсызданып жашаганча, кедей болуп Теңирден коркуп жашаган жакшы.
17 Жек көрүү бар жерде семиз буканын этин жегенге караганда, сүйүү бар жерде жашылчадан жасалган тамак жеген жакшы.
18 Ачуусу чукул адам чатак чыгарат, ал эми сабырдуу адам чатакты басат.
19 Жалкоонун жолу – тикенектүү чырмоок, ал эми адил адамдардын жолу тегиз.
20 Акылдуу уул атасын кубантат, акылсыз уул энесин барктабайт.
21 Акылсыздык – кем акыл адам үчүн кубаныч, ал эми акылдуу адам түз жол менен жүрөт.
22 Кеңешпей кылган иштер бузулат, кеңешчилер көп болсо, алар ишке ашат.
23 Адам берген туура жообунан кубаныч алат, ошондой эле өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!
24 Төмөн жактагы өлгөндөр жаткан жайга түшпөс үчүн, акылмандын өмүр жолу жогору кетет.
25 Теңир менменсингендердин үйүн кыйратат, ал эми жесирдин чегин бекемдейт.
26 Кара ниеттердин ойлору Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми кемчиликсиз адамдардын сөздөрү Теңирге жагат.
27 Алдым-жуттум адам өз үйүн бүлдүрөт, ал эми параны жек көргөн адам жашайт.
28 Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет, ал эми мыйзамсыздардын оозунан жаман сөз чыгат.
29 Теңир мыйзамсыздардан алыс, ал эми адил адамдардын сыйынуусун угат.
30 Жарык жүз жүрөктү кубантат, жакшы кабар сөөктү агартат.
31 Турмуш сабактарын кунт коюп уккан адам акылдуу адамдардын арасында болот.
32 Акыл-насаатты четке каккан адам өз жанына кайдыгер, ал эми сынга кулак салган адам акылга ээ болот.
33 Теңирден коркуу акылдуу кылат, моюн сунуудан кийин даңк келет.