Ышайа | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Ышайа 12 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошол күнү сен мындай деп айтасың: «Даңктайм Сени, Теңир! Сен Мага каардандың, бирок каарыңды басып, мени соороттуң!

2 Мына, Кудай менин куткарылуум, Ага таянам, ошондуктан коркпойм. Анткени менин күчүм да, ырым да – Кудай-Теңир, Ал менин Куткаруучум болду».

3 Куткаруу булагынан кубаныч менен суу сузуп аласыңар.

4 Ошол күнү мындай деп айтасыңар: «Теңирди даңктагыла, Анын ысымын чакыргыла! Анын иштери жөнүндө элдерге кабарлагыла, Анын ысымы улуу экенин эскерткиле!

5 Теңирди даңктап ырдагыла, анткени Ал улуу иш жасады, муну бүт жер жүзү билсин!»

6 Кубан, шаттан, Сион тургуну, анткени силердин араңардагы Ысрайылдын Ыйыгы улуу!