Ышайа | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Ышайа 39 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошол кезде Бабыл падышасы, Баладан уулу Меродах Баладан Хискияга кат жана белектерди жиберди, анткени Хискиянын ооруп айыкканын уккан.

2 Хиския жиберилген элчилерге кубанып, аларга өзүнүн казына үйүн: алтын-күмүштөрүн, жыпар жыттуу заттарын, кымбат баалуу, жыпар жыттуу майларын, курал-жарак сактаган үйүн, кампаларын, аларда эмне болсо, ошонун баарын көрсөттү. Хиския өз үйүндөгү, өз падышачылыгындагы бардык нерсени көрсөттү, аларга көрсөтпөгөн эч нерсеси калган жок.

3 Ошондо Ышайа пайгамбар Хиския падышага келип: «Бул кишилер эмне дешти, алар сага кайдан келишти?» – деп сурады. Хиския ага: «Алар мага алыс жактан, Бабылдан келишти», – деп жооп берди.

4 Ышайа: «Алар сенин үйүңдөн эмнени көрүштү?» – деп сурады. Хиския: «Алар менин үйүмдө эмне болсо, ошонун баарын көрүштү. Менин казыналарымда аларга көрсөтпөгөн эч нерсе калган жок», – деп жооп берди.

5 Ошондо Ышайа Хискияга мындай деди: «Себайот Теңирдин сөзүн ук:

6 “Сенин үйүңдө эмне болсо, ошонун баарын, ата-бабаларың ушул күнгө чейин эмне жыйнап келишсе, ошонун баарын Бабылга алып кетчү күндөр келет. Эч нерсе калбайт, – дейт Теңир.

7 Сенин тукумуңдан, сенин уулдарыңдан алып кетишет, алар Бабыл падышасынын падыша сарайында эбнух болушат”».

8 Ошондо Хиския Ышайага: «Сен айткан Теңирдин сөзү жакшы», – деди. Ал: «Менин өмүрүм өткүчө тынчтык жана жыргалчылык болот», – деп ойлогондуктан ушинтип айтты.