- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
- 53
- 54
- 55
- 56
- 57
- 58
- 59
- 60
- 61
- 62
- 63
- 64
- 65
- 66
1 Маап жөнүндө пайгамбарчылык: Чынында эле, түн ичинде Ар-Маап талкаланып жок болот. Чынында эле, түн ичинде Кир-Маап талкаланып жок болот!
2 Ал ыйлаш үчүн Байыт менен Дибонго чыгып бара жатат, бутканага чыгып бара жатат. Маап Небо менен Мейдеба үчүн боздоп ыйлап жатат. Алардын бардыгынын чачы кырылган, бардыгынын сакалы алынган.
3 Анын көчөлөрүндө зумбал кийип жүрүшөт, анын үйлөрүнүн үстүндө, аянттарында бардыгы боздоп ыйлап, көз жашын көлдөтүп жатышат.
4 Кешпон да, Элалей да боздоп ыйлап жатат. Алардын үнү Жааска чейин угулуп жатат. Алардын артынан Мааптын жоокерлери да боздоп ыйлап жатышат. Ал коркунучтан титиреп жатат.
5 Жүрөгүм Маап үчүн боздоп ыйлап жатат. Андан Соарга, үчүнчү Эглатка чейин качып бара жатышат. Лухитке ыйлап чыгып бара жатышат, Хоронайымга бараткан жолдо катуу кыйкырып бара жатышат.
6 Анткени Нимримдин суулары соолуду, шалбаалар куурады, чөптөр күйүп кетти, өсүмдүктөр жок калды.
7 Ошондуктан алар өздөрүнүн жыйнаган байлыгын, өздөрүнүн жыйган-тергенин Аравия дарыясынын аркы өйүзүнө ташып жатышат.
8 Анткени Мааптын бүткүл аймагын ый басты. Анын ыйы Эглайымга чейин, Бейир-Эйлимге чейин жетип жатат.
9 Анткени Димондун суулары канга толду, анткени Мен Димонго дагы жаңы мүшкүл салам. Мааптын качып чыккандарына да, өлкөдө калгандарына да арстандарды жиберем.