Ышайа | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Ышайа 13 Бөлүм

тез өтүү:

1 Бабыл тууралуу Амос уулу Ышайанын айткан пайгамбарчылыгы:

2 «Токою жок тоонун үстүндө туу көтөргүлө, катуу кыйкыргыла. Аларга кол булгагыла, алар төрөлөрдүн дарбазаларына киришсин.

3 Мен Өзүмдүн тандалгандарыма буйрук берип, Өзүмдүн каарымды иш жүзүнө ашырыш үчүн, Менин улуулугума кубанып жаткан күчтүүлөрүмдү чакырдым».

4 Тоолордон чыккан ызы-чуу көп сандаган элдин, падышачылыктардын жана чогулган элдердин козголоңдуу ызы-чуусуна окшош. Себайот Теңир согуш аскерлерин карап турат.

5 Бүт жерди кыйратыш үчүн, эң алыскы өлкөлөрдөн, асмандын эң четинен Теңир менен Анын каарынын куралы келе жатат.

6 Ыйлагыла, анткени Теңирдин күнү жакын калды, ал Кудуреттүүнүн кыйратуучу күчү катарында келе жатат!

7 Ошондуктан бардыгынын колдору шалдайды, бардык адамдардын жүрөгү суу жүрөк болуп калды.

8 Алардын үрөйү учуп, калтырап, онтоп жатышат, төрөп жаткан аялдай кыйналып жатышат, бири-бирин таң калуу менен карашат, жүздөрү оттой жанат.

9 Мына, жерди чөлгө айлантыш үчүн, андагы күнөөкөрлөрдү кырыш үчүн, ачууга, жалындаган каарга толгон Теңирдин ырайымсыз күнү келе жатат.

10 Асмандагы жылдыздар, топ жылдыздар өз жарыгын бербей калат, күн чыгары менен өчөт, ай өз жарыгын чачпай калат.

11 «Мен дүйнөнү кыянаттыгы үчүн, мыйзамсыздарды мыйзамсыздыктары үчүн жазалайм. Текеберлердин акылдуусунганын токтотом, эзүүчүлөрдүн менменсингендигин басынтам.

12 Адамдарды таза алтындан кымбат кылам, эркектерди Опирдин таза алтынынан кымбат кылам.

13 Ал үчүн асманды солкулдатам, жер Себайот Теңирдин ачуусунан Анын каары жалындаган күнү ордунан жылат».

14 Ошондо ар бир адам аңчыдан качкан жейрендей жана ээси таштап кеткен койлордой болуп өз элине кайрылат, ар бир адам өз жерине качып барат.

15 Бирок колго түшкөн адам жебеге сайылат, кармалган адам кылычтан өлөт.

16 Алардын көзүнчө наристелерин өлтүрүшөт, үйлөрүн талап-тоношот, аялдарынын абийирин төгүшөт.

17 «Мына, Мен аларга каршы күмүштү баалабаган, алтынга кызыкпаган мадайлыктарды көтөрөм».

18 Алардын жаалары уландарды өлтүрөт, боюнда бар аялдарды аябайт. Алардын көздөрү жаш балдарга боор оорубайт.

19 Ошентип, падышачылыктардын көркү, каздимдердин сыймыгы болгон Бабылды Кудай Содом менен Амордой кылып кулатат.

20 Ал жерге эч ким эч качан көчүп барбайт, ал жерде түбөлүккө эч ким жашабайт. Ал жерге аравиялык адам чатырын тикпейт, ал жерде койчулар койлорун жайышпайт.

21 Бирок ал жерде чөл жырткычтары жашайт, алардын үйлөрүнө үкүлөр толот, төө куштар уя салышат, жапайы текелер секирип жүрөт.

22 Алардын падыша сарайларында чөөлөр, көңүл ачуучу үйлөрүндө карышкырлар улуйт.