- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
- 53
- 54
- 55
- 56
- 57
- 58
- 59
- 60
- 61
- 62
- 63
- 64
- 65
- 66
1 Теңир мындай дейт: «Силердин энеңерди кетиргенде, анын колуна берген талак кат кайда? Же силерди Мен Өзүмдүн карыз берүүчүлөрүмдүн кимисине сатып жибердим? Силер өзүңөрдүн күнөөңөр үчүн сатылгансыңар, силердин кылмышыңар үчүн энеңер коё берилген.
2 Эмне үчүн Мен келгенде эч ким жок эле? Эмне үчүн Мен чакырганда эч ким жооп берген жок? Чын эле, куткарып калуу үчүн Менин колум кыскарып калдыбы? Же сактап калуу үчүн Менин күчүм жокпу? Мен Өзүмдүн каарым менен деңизди какшытып жатам, дарыяларды чөлгө айландырып жатам. Алардын ичиндеги балыктар суу жетпегендиктен чиришет, суусап өлүшөт.
3 Мен асманга караңгылык кийгизип жатам, ага зумбалды жабуу кылып жатам».
4 «Чарчаганга сөз менен кубат берип турушум үчүн, Кудай-Теңир мага акылмандардын тилин берди. Ал ар күнү эртең менен ойготот, Мен шакиртке окшоп угушум үчүн, кулагымды ойготот.
5 Кудай-Теңир менин кулагымды ачты, Мен каршылык кылган жокмун, артка кетенчиктеген жокмун.
6 Мени уруп жаткандарга Мен кыр аркамды тосуп бердим, уруп жаткандарга бетимди тосуп бердим. Маскаралап, жаба түкүрүшкөндө, жүзүмдү жапкан жокмун.
7 Кудай-Теңир Мага жардам берип жатат, ошондуктан Мен уялбайм, ошондуктан Мен жүзүмдү оттук таштай кармап турам, уятка калбасымды да билем.
8 Мени актоочу жакын: Мени менен ким тартышкысы келет? Бирге туралы. Мени менен ким соттошкусу келет? Ал мага келсин.
9 Кудай-Теңир Мага жардам берип жатат: Мени ким айыптайт? Алардын бардыгы кийимдей эскирет, аларды күбө жейт.
10 Силердин араңардан ким Кудайдан коркот? Ким Анын Кулунун үнүн угат? Жарык эмес, караңгыда жүргөн адам Теңиринин ысымынан үмүт кылсын, Кудайына ишенсин.
11 «Мына, силер, баарыңар, от күйгүзүп жаткандар, оттуу жебелер менен куралдангандар, өзүңөрдүн отуңардын жалынына баргыла, өзүңөр абдан ысыткан жебелерге баргыла! Муну силерге Менин колум кылат: силер кыйналып өлөсүңөр.