Ышайа | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Ышайа 4 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошол күнү жети аял бир эркекке жабышып: «Өз наныбызды жейли, өз кийимибизди киели, болгону, сенин ысымың менен аталалы, бизден маскарачылыкты алып ташта», – дешет.

2 Ошол күнү Теңирдин бутагы сулуулук жана урмат менен келет, жердин жемиши Ысрайыл элинин тирүү калган уулдары үчүн улуулук жана даңк менен келет.

3 Теңир Сион кыздарынын жийиркеничтерин жууп салгандан кийин, Иерусалимдин канын анын ичинен жазалоо руху менен, оттун руху менен тазалагандан кийин,

4 Сиондо калгандар жана Иерусалимде тирүү калгандар – Иерусалимде жашаш үчүн китепке жазылгандардын баары ыйык деп аталышат.

5 Теңир Сион тоосунун бүт жерине, анын үстүндөгү бүт элдин үстүнө күндүз булут жана түтүн, түнкүсүн жалындап күйгөн оттун жаркырагын жаратат, анткени бул бардык даңктуу нерсенин үстүнө жабуу болот.

6 Күндүз аптаптан калкалай турган чатыр болот, нөшөр менен жамгырдан корголой турган, сактай турган жай болот.