- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
- 53
- 54
- 55
- 56
- 57
- 58
- 59
- 60
- 61
- 62
- 63
- 64
- 65
- 66
1 «Бабылдын кызы, эркек көрө элек кыз, жерге түш, топуракка отур, жерде отур. Каздимдердин кызы, падыша тагы жок, мындан ары сени назик жана бай деп аташпайт.
2 Жаргылчакты алып, ун тарт. Жабууңду алып таштап, этегиңди көтөр, тизеңди ач, дарыядан кечип өт.
3 Сенин этиң ачылат, атүгүл, абийириң да көрүнүп калат. Өч алам, эч кимди аябайм».
4 Биздин Куткаруучубуз – Теңир, Анын ысымы – Себайот, Ысрайылдын Ыйыгы.
5 «Каздимдердин кызы, унчукпай отур, караңгыга кет, анткени мындан ары сени падышачылыктардын ханышасы деп аташпайт.
6 Мен Өз элиме каардандым, Өз мурасымды кордоттум, аларды сенин колуңа салып бердим, бирок сен аларга ырайым кылган жоксуң, карыларга өзүңдүн эң оор моюнтуругуңду салдың.
7 Сен: “Түбөлүккө ханыша болом”, – дегенсиң, бирок аны оюңда элестеткен жоксуң, андан кийин эмне болорун ойлогон жоксуң.
8 Бирок азыр муну ук, эрке, камырабай жашаган, өз жүрөгүндө: “Мен элемин, мага тең келген эч ким жок, мен жесир болуп отурбайм, балдарым өлбөйт”, – деген кыз.
9 Бирок күтүлбөгөн жерден, бир күндүн ичинде сага экөө тең келет: балдарыңдан ажырайсың, жесирлик башыңа түшөт. Сыйкырчылыкты көп кылганыңа карабастан, сыйкырчылыгыңдын чоң күчүнө карабастан, алар сенин башыңа жетишерлик түшөт.
10 Анткени сен өзүңдүн кыянатчылыгыңа таяндың: “Мени эч ким көрбөйт”, – дедиң. Акылмандыгың менен билимиң сени жолдон чыгарды, жүрөгүңдө: “Мен элемин, менден бөлөк эч ким жок”, – дедиң.
11 Ошондуктан башыңа алаамат түшөт, анын кайдан келерин билбейсиң, башыңа мүшкүл түшөт, сен аны болтурбай коё албайсың, сенин башыңа күтүлбөгөн жерден бүлгүн түшөт, сен ал жөнүндө ойлогон да эмессиң.
12 Эми сен жаш чагыңдан бери кылып келе жаткан сыйкырчылыктарың менен, көп сандаган көз байлоочулуктарың менен кала бер. Балким, ошолордон пайда табарсың, балким, туруштук бере аларсың.
13 Сен өзүңдүн кеңешиңдин көптүгүнөн чарчадың: асманды байкоочулар, жылдыз саноочулар, жаңырган ай боюнча алдын ала айтуучулар келип, сени башыңа түшө турган нерседен куткарышсын.
14 Мына, алар самандай. Аларды от күйгүзүп кетти. Алар өздөрүнүн жандарын жалындан куткара алышкан жок, жылынууга чок да калган жок, кактанып отурууга от да калган жок.
15 Жаш кезиңден бери сен ким менен иштешип, ким менен соода-сатык жүргүзүп келсең, ошолор сен үчүн ушундай болуп калышты. Ар ким өз тарабына илкип басып кетти, сени эч ким куткарбайт».