Ышайа | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Ышайа 55 Бөлүм

тез өтүү:

1 «Суусагандар, баарыңар сууга келгиле! Атүгүл, күмүшү жоктор, силер да келгиле, сатып алып жегиле. Келгиле, күмүшсүз сатып алгыла, шарап менен сүттү бекер алгыла!

2 Силер эмнеге нан эмес нерсеге күмүш тартып берип жатасыңар, эмнеге тойгузбаган нерсеге эмгек акыңарды берип жатасыңар? Мени кунт коюп уккула, жакшы нерсени жегиле, силердин жаныңар майга ыракаттансын.

3 Кулак төшөп, Мага келгиле. Мени уккула, ошондо жаныңар тирүү болот. Мен силерге Дөөткө убада кылган түбөлүк келишимимди, өзгөрүлбөс ырайымдарымды берем.

4 Мына, Мен Аны элдер үчүн күбө кылып бердим, элдерге жол башчы жана насаатчы кылып бердим.

5 Мына, сен өзүң билбеген элди чакырып аласың, сени билбеген элдер да сенин Кудай-Теңириң үчүн, Ысрайылдын Ыйыгы үчүн сага келгенге шашылышат. Анткени Ал сени даңктады».

6 Теңирди тапканга мүмкүн болуп турганда, Аны издегиле. Ал жакын турганда, Аны чакыргыла.

7 Күнөөкөр өз жолун, мыйзамсыз жаман ойлорун таштап, Теңирге кайрылсын. Ошондо Ал ага ырайым кылат, биздин Кудайга кайрылсын, анткени Ал өтө ырайымдуу.

8 «Менин ойлорум силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум силердин жолдоруңар эмес, – дейт Теңир.

9 Асман жерден канчалык бийик болсо, Менин жолдорум силердин жолдоруңардан ошончолук бийик, Менин ойлорум силердин ойлоруңардан бийик.

10 Анткени жамгыр менен кар асмандан түшөт, асманга кайтпайт. Бирок жерди сугарат, аны өндүргөнгө жана өстүргөнгө жөндөмдүү кылат, ошондо ал үрөн сепкен адамга үрөн, жей турган адамга нан берет.

11 Ошол сымал Менин оозумдан чыккан сөз да кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт, бирок Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат».

12 Ошондуктан силер кубаныч менен чыгасыңар, силерди тынчтык менен узатышат. Силердин алдыңарда тоолор жана адырлар ырдайт, талаадагы бардык бак-дарактар силерге кол чабат.

13 Тикенектин ордуна кипарис өсөт, чалкандын ордуна мирт өсөт. Бул Теңирдин даңкы үчүн, түбөлүктүү, кыйрагыс жышаан үчүн болот.