- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
- 53
- 54
- 55
- 56
- 57
- 58
- 59
- 60
- 61
- 62
- 63
- 64
- 65
- 66
1 Деңиз жээгиндеги чөл тууралуу пайгамбарчылык. Түштүктө учуп жүргөн бороондой болуп, ал чөлдөн, коркунучтуу жерден келе жатат.
2 Мага коркунучтуу көрүнүш көрсөтүлдү: талоончу талап жатат, кыйратуучу кыйратып жатат. Тур, Эйлам! Мадай, курчоого ал! Бардык муң-зарды Мен токтотом!
3 Ошондуктан бүткөн боюм титиреп жатат, мен төрөп жаткан аялдай толгоо тартып жатам, төрөп жаткан аялдай кыйналып жатам. Мен эмнени угуп жатсам, ошондон толкунданып жатам, мен эмнени көрүп жатсам, ошондон коркуп жатам.
4 Жүрөгүм дүкүлдөп, калтырап коркуп жатам. Мен үчүн кубанычтуу болгон түн коркунучтуу түнгө айланды.
5 Үстөл даярдап жатышат, дасторкон жайып жатышат, ичип-жеп жатышат. Тургула, төрөлөр, калканыңарды майлагыла!
6 Анткени Теңир мага: «Бар, күзөт кой. Ал көргөнүн айтып турсун», – деп айтты.
7 Ошондо ал эки-экиден болуп келе жаткан атчан, эшекчен, төөчөн адамдарды көрдү. Ал көңүл коюп, бүт дитин коюп кулак төшөдү.
8 Анан арстандай болуп мындай деп кыйкырды: «Мырзам, мен күзөттө күн бою турдум, түн бою өз ордумда турдум.
9 Мына, адамдар – эки-экиден атчандар келе жатышат». Андан кийин ал мындай деп кыйкырды: «Кулады, Бабыл кулады. Анын бардык жасалма кудайлары жерде талкаланып жатат».
10 О, менин бастырылган уулум, менин кырманымдын уулу! Мен Ысрайыл Кудайы Себайот Теңирден эмнени уксам, ошону силерге кабарладым.
11 Дума тууралуу пайгамбарчылык. Мага Сеирден: «Күзөтчү! Түндүн канчасы калды? Күзөтчү! Таң атканга канча калды?» – деп кыйкырып жатышат.
12 Күзөтчү: «Таң сүрүп келе жатат, бирок али түн. Эгерде сурагыңар келсе, сурагыла, кайра келгиле», – деп жооп берди.
13 Аравия тууралуу пайгамбарчылык: «Дыдан кербендери, Аравиянын токоюна түнөгүлө!
14 Тейма жеринде жашагандар! Суусагандардын алдынан суу көтөрүп тосуп чыккыла, качкындарды нан менен тосуп алгыла.
15 Анткени алар сунулган кылычтан, тартылган жаадан, согуштун катаалдыгынан качып келе жатышат».
16 Анткени Теңир мага мындай деп айтты: «Жалданган жыл боюнча эсептегенде, бир жылдан кийин Кейдардын бүткүл атак-даңкы жок болот.
17 Ошентип, Кейдардын тайманбас уулдарынын жаалары да аз калат». Анткени Ысрайыл Кудайы, Теңир ушинтип айтты.