Лебилер | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Лебилер 1 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Мусаны чакырып, жыйын чатырынын ичинен ага мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Силердин араңардан кимдир бирөө Теңирге арнап малдан курмандык чалгысы келсе, анда бодо малдан же майда малдан чалсын.

3 Эгерде ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бодо малдан чала турган болсо, кемчилиги жок эркек мал чалсын. Ал аны Теңирден ырайым табыш үчүн жыйын чатырынын кире беришине жетелеп келсин.

4 Анан колун бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын башына койсун, ошондо ал ырайым таап, күнөөлөрүнөн тазаланат.

5 Анан букачарды Теңирдин алдында сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар анын канын алып келип, жыйын чатырынын кире беришиндеги курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

6 Анан ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын терисин сыйрып алып, этин жиликтеп бөлсүн.

7 Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар болсо курмандык чалынуучу жайга от алып келип, үстүнө отун салышсын.

8 Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар курмандыктын жиликтенген этин, башын, майын курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө орду-орду менен коюшсун.

9 Ал эми ичеги-карындары менен шыйрактарын сууга жуушсун. Анан ыйык кызмат кылуучу анын бардыгын курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

10 Эгерде анын курмандыгы майда мал: кой же эчки болсо, анда кемчилиги жок, эркек болсун.

11 Аны Теңирдин алдында курмандык чалынуучу жайдын түндүк тарабына сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

12 Анан аны жиликтеп бөлүп, башын кесип, майын ажыратышсын. Ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө орду-орду менен койсун.

13 Ал эми ичеги-карындары менен шыйрактарын сууга жуушсун. Анан ыйык кызмат кылуучу баарын алып келип, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

14 Эгерде ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка Теңирге арнап канаттуулардан алып келгиси келсе, бактек же жаш көгүчкөн алып келсин.

15 Ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайга алып келип, башын бурап, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, канын болсо курмандык чалынуучу жайдын капталына сыксын.

16 Анын жемсөөсү менен жүндөрүн курмандык чалынуучу жайдын чыгыш тарабындагы күл жаткан жерге таштасын.

17 Анын канаттарын сындырып койсун, бирок жулуп албасын. Ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө коюп өрттөп жиберсин. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.