1 Ким Теңирге арнап тынчтык курмандыгына эркек же ургаачы бодо малдан алып келсе, анда кемчилиги жогунан алып келсин.
2 Анан колун өз курмандыгынын башына коюп, жыйын чатырынын эшигинин алдында сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар болсо анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.
3 Анан ал тынчтык курмандыгынан Теңирге арнап карын майын жана ичиндеги бүт майын,
4 карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөк менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.
5 Арундун уулдары буларды курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүндөгү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен кошо өрттөп жиберишсин. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.
6 Ким Теңирге арнап тынчтык курмандыгына эркек же ургаачы майда малдан алып келе турган болсо, кемчилиги жогунан алып келсин.
7 Эгерде ал курмандыкка кой алып келсе, аны Теңирдин алдына жетелеп келсин.
8 Анан колун өз курмандыгынын башына коюп, жыйын чатырынын эшигинин алдында сойсун. Арундун уулдары болсо анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.
9 Анан ал Теңирге арнап өрттөө үчүн тынчтык курмандыгынын майын, кыр арканын учунан кесилген куйрук майын, карын майын, ичиндеги бүт майын,
10 карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.
11 Ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул отко өрттөлгөн курмандык Теңирге арналган курмандык болот.
12 Эгерде ал курмандыкка эчки алып келсе, аны Теңирдин алдына жетелеп келсин.
13 Анан колун анын башына коюп, жыйын чатырынын алдына сойсун. Арундун уулдары анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.
14 Анан андан Теңирге арнап, анын карын майын жана ичиндеги бүт майын,
15 карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.
16 Анан ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул отко өрттөлгөн курмандык – жыты Теңирге жаккан курмандык, анын бардык майы Теңирге арналсын.
17 Бул көрсөтмө силердин укум-тукумуңарга алардын жашаган жерине карабастан түбөлүккө калсын. Эч кандай май, эч кандай кан жебегиле».