1 Синай тоосунда Теңир Мусага мындай деп айтты:
2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: Мен силерге берген жерге келгениңерде, ал жер Кудай белгилеген жетинчи жылы эс алсын.
3 Алты жыл катары менен талааңа эгин эк, алты жыл катары менен жүзүм бутактарын кый, алардын түшүмдөрүн жыйна.
4 Ал эми жетинчи жыл жердин эс алуу жылы болсун, ал жыл – Теңирдин ишемби жылы. Бул жылы талааңа эгин экпе, жүзүм бутактарын кыйба.
5 Өзү өсүп чыккан эгинди орбо, кыйылбаган жүзүмдүн түшүмүн жыйнаба. Бул жыл жердин эс алуу жылы болсун.
6 Жердин эс алуу жылында өзү өсүп чыккан түшүм өзүңө да, кулуңа да, күңүңө да, жалданган жумушчуңа да, араңарда жашаган келгинге да,
7 малыңа да, жаныбарларга да тамак болсун.
8 Өзүң үчүн эс алуу жылынан жети жолу жети жылды эсептеп ал, ошондо кырк тогуз жыл болот.
9 Жетинчи айдын онунчу күнү сурнай тарт, ошол күнөөдөн арылуучу күнү бүткүл жериңерде сурнай тарткыла.
10 Элүүнчү жылды ыйык туткула, ушул жылы жериңердеги бардык элдерге эркиндик жарыялагыла. Бул жыл силер үчүн юбилей жылы болсун. Ар ким өз менчигине кайтып келсин, ар ким өз үй-бүлөсүнө келсин.
11 Элүүнчү жыл юбилей жылыңар болсун. Үрөн сеппегиле, өзү өсүп чыккандарды орбогула, кыйылбаган жүзүмдүн мөмөсүн үзбөгүлө.
12 Анткени бул жыл – юбилей жылы. Бул жыл силер үчүн ыйык жыл болсун. Ушул жылы талаада эмне өссө, ошону жегиле.
13 Ушул юбилей жылы ар бириңер өз менчигиңерге кайтып келгиле.
14 Жакыныңарга бир нерсе сатканда же жакыныңардан бир нерсе алганда, бири-бириңерди таарынтпагыла.
15 Жерди жакыныңдан юбилей жылынан кийинки жылдары сатып алсаң болот, анткени ал сага жерди киреше бере турган маалында сатат.
16 Эгерде юбилей жылына чейин көп жыл бар болсо, баасы кымбат болот. Эгерде юбилей жылына аз жыл калса, баасы арзан болот, анткени ал жерди түшүм бере турган жылдардын санына жараша сатат.
17 Бири-бириңерди таарынтпагыла. Кудайыңардан корккула, анткени Мен силердин Кудай-Теңириңермин.
18 Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, ошондо жер бетинде тынч жашайсыңар.
19 Жер да өз түшүмүн берет, тойгончо жеп, жер үстүндө тынч жашайсыңар.
20 Эгерде жетинчи жылы: “Же үрөн сеппесек, же түшүм жыйнабасак, эмне жейбиз?” дей турган болсоңор,
21 Мен алтынчы жылы силерге батамды беремин, ошондо жер үч жылдын түшүмүн берет.
22 Сегизинчи жылы үрөн себесиңер, бирок тогузунчу жылга чейин, анын түшүмүн жыйнаганга чейин, мурунку жылдын түшүмүнөн жейсиңер.
23 Жер биротоло сатылбасын, анткени жер Меники. Силер Мен үчүн келгинсиңер жана убактылуу тургундарсыңар.
24 Өзүңөрдүн ээлеп турган жериңерди кунун төлөп кайрып алсаңар болот.
25 Эгерде бир тууганың жакырланып кетип, ээлеген жерин сатып жиберсе, анда анын жакын тууганы кун төлөп ал жерди кайра кайрып алсын.
26 Эгерде анын кун төлөп кайрып ала турган жакын тууганы жок болсо, бирок кийин өзү кунун төлөгөнгө каражат тапса,
27 анда ал саткан жылдарын эсептеп, саткан кишисине калганын төлөп берсин, ошентип өз жерине кайрадан ээ болот.
28 Эгерде кайра алууга каражат таппаса, анда сатылган жер алган кишинин колунда юбилей жылына чейин калат, ал эми юбилей жылы жер кайрадан ээсине тиет.
29 Ким дубал менен курчалган шаардагы тамын сатса, анда аны саткан күндөн баштап бир жыл өткөнчө кун төлөп кайрып алса болот. Бир жылдын ичинде кун төлөп кайра кайрып алса болот.
30 Эгерде дубал менен курчалган шаардагы там бир жылдын ичинде кун төлөнүп кайрылып алынбаса, анда ал там сатып алган адамга жана анын тукумуна түбөлүккө калат, ээсине юбилей жылы да кайтарылбайт.
31 Ал эми дубал менен курчалбаган айылдагы үйлөрдү, жерди кун төлөп кайтарып алгандай кайтарып алыш керек. Ал үйлөрдү кун төлөп кайра кайтарып алууга болот, ээсине юбилей жылы кайра берилет.
32 Ал эми лебилер шаардагы үйлөрүн каалаган убагында кун төлөп кайра кайтарып алышса болот.
33 Лебилердин ичинен ким үйүн кун төлөп кайтарып албаса, анда ал үй юбилей жылы лебиге кайрадан өтөт, анткени шаарлардагы лебилердин үйлөрү Ысрайыл уулдарынын ичинен лебилерге гана таандык.
34 Шаарларынын тегерегиндеги жерлери да сатылбайт, анткени бул – алардын түбөлүк ээлиги.
35 Эгерде сенин жаныңда жашаган элиңдин ичинен келгин болобу, көчкүн болобу, жакырланып, турмушу начарлап баратса, ага жардам бер, ал сенин жаныңда жашасын.
36 Ага бергениңдин үстүнө үстөк кошуп алба, бергениңден түшкөн кирешени да алба, Кудайыңдан корк. Жакының сенин жаныңда жашасын.
37 Күмүшүңдү үстөк алыш үчүн бербе, тамагыңды пайда табыш үчүн бербе.
38 Силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерге Канаан жерин бериш үчүн, Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин.
39 Сенин жаныңда жашаган бир тууганың жакырланып кетип, сага кулчулукка сатылса, сен ага кулдун жумушун иштетпе.
40 Ал сен үчүн жалданган кызматчы, келгин катары болсун. Юбилей жылына чейин сеникинде иштеп турсун.
41 Ошондон кийин гана ал сенден бөлүнүп кетсин, өзү да, балдары да өз үй-бүлөсүнө кайтып келсин, кайрадан өз ата-бабаларынын ээлигин ээлесин.
42 Анткени алар – Менин кулдарым, аларды Мен Мисир жеринен алып чыккам. Аларды кулдарды саткандай сатпагыла.
43 Аларга катаал бийлик кылба, Кудайыңдан корк.
44 Өз кулуң, өз күңүң болсун десең, тегеректеги элдерден сатып ал.
45 Араңарда жашаган келгиндердин балдарынан да сатып алсаңар болот, алардын силердин жериңерде төрөлгөн балдарынан да сатып алсаңар болот, ошондо алар силердин менчигиңер болуп калат.
46 Аларды өзүңөрдөн кийин балдарыңарга мураска калтырсаңар болот. Аларды кул катары түбөлүк ээлегиле. Бирок өз бир тууганыңарга, Ысрайыл уулдарына, бири-бириңерге катаал бийлик кылбагыла.
47 Эгерде сенин жаныңда жашаган келгин же көчкүн жетиштүү жашап калса, ал эми бир тууганың анын алдында жакырланып кетип, келгинге же келгиндин уругунан бирөөнө өзүн кулчулукка сатса,
48 анда ал сатылгандан кийин, анын кунун төлөп кайра кайтарып алса болот. Бир туугандарынын ичинен бирөө анын кунун төлөп кайрып алсын.
49 Же анын атасынын бир тууганы же анын баласы, же анын жакын туугандарынан бирөө, же уруусунан бирөө анын кунун төлөсүн. Эгерде каражат тапса, өзүн өзү бошотуп алат.
50 Ал өзүн саткан жылдан баштап, юбилей жылына чейинки жылдарды эсептеп, ошол жылдардын санына жараша күмүш төлөсүн. Ал тигинин колунда убактылуу жалданган адамдай болуп эсептелсин.
51 Эгерде юбилей жылына чейин дагы көп жыл бар болсо, анда өзүнүн куну үчүн төлөнгөн күмүштү калган жылдардын ичинде төлөп берсин.
52 Эгерде юбилей жылына аз эле жыл калса, анда өзүнүн куну үчүн төлөнгөн күмүштү калган жылдардын ичинде төлөп берсин.
53 Кулчулукка сатылган жылдарда ал тигинин колунда жалданган адамдай болсун. Ал сенин көзүңчө ага катаал бийлик кылбасын.
54 Эгерде ага ушундай жол менен кун төлөнбөсө, анда юбилей жылы өзү да, балдары да бошотулат.
55 Анткени Ысрайыл уулдары – Менин кулдарым. Алар – Мен Мисир жеринен алып чыккан Менин кулдарым. Мен силердин Кудай-Теңириңермин».