1 «Табыныш үчүн жасалма кудайларды, балбалдарды, мамыларды, сүрөт чегилген таштарды жашаган жериңерге орнотпогула, анткени силердин Кудай-Теңириңер Менмин.
2 Менин ишембилеримди сактагыла, Менин ыйык жайымды ыйык туткула. Мен Теңирмин.
3 Эгерде силер Менин көрсөтмөлөрүм боюнча жашасаңар, Менин осуяттарымды сактасаңар жана аткарсаңар,
4 анда Мен жамгырды өз убагында жаадырам, жер да өз түшүмүн берет, талаадагы дарактар да мөмөлөрүн берет.
5 Бастырган даныңар жүзүм үзгөнгө чейин жетет, жыйнаган жүзүмүңөр үрөн сепкенге чейин жетет, наныңарды тойгончо жеп, өз жериңерде бейкут жашай бересиңер.
6 Жериңерге бейпилдик берем. Уктап жатканыңарда эч ким тынчыңарды албайт. Силер жашаган жерден жырткыч айбандарды кууп чыгарам, кылыч көтөргөндөрдү жолотпойм.
7 Кастарыңарды качырасыңар, алар силердин кылычыңардан өлүшөт.
8 Бешөөң жүздү качырасың, жүзүң түмөндү качырасың, душманыңар силердин кылычыңардан кыйрайт.
9 Мен Өзүм силерге назарымды салып, укум-тукумуңарды көбөйтөм, силер менен түзгөн келишимиме бек турам.
10 Өткөн жылдыкын жейсиңер, жаңы түшүмдүн молдугунан эскини таштап коёсуңар.
11 Өзүмдүн турагымды силердин араңарга тургузам, Мен силерден баш тартпайм.
12 Силердин араңарда жүрүп, силердин Кудайыңар болом, силер Менин элим болосуңар.
13 Силер Мисир жеринде кул болбошуңар үчүн, кулчулуктун кишендерин талкалап, башыңарды бийик көтөртүп, Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин.
14 Эгерде Мага тил албасаңар, ушул осуяттардын баарын аткарбасаңар,
15 Менин көрсөтмөлөрүмдү жек көрсөңөр, Менин мыйзамдарымдан баш тартсаңар, Менин осуяттарымды аткарбасаңар, Менин келишимимди бузсаңар,
16 анда Мен да мындай кылам: үрөй учурган коркунуч, кургак учук, безгек каптатам, ошондо айлаңар кетип, жаныңар кыйналат. Сепкен үрөнүңөр текке кетет, аны кас душманыңар жейт.
17 Мен силерге каршы чыгам, ошондо душманыңардын алдында кыйрайсыңар, душмандарыңар силерге үстөмдүк кылат, аркаңардан эч ким куубаса деле качып жөнөйсүңөр.
18 Ошондон кийин да Менин тилимди албасаңар, анда күнөөңөр үчүн жазаны жети эсе көбөйтөм.
19 Кекирейген текебердигиңерди сындырып, асманыңарды темирдей, жериңерди жездей кылам.
20 Силердин күчүңөр текке кетет, жериңер түшүм бербейт, дарактарыңар жемиш бербейт.
21 Эгерде ушундан кийин да Мага каршы чыксаңар жана Мени уккуңар келбесе, анда күнөөңөр үчүн соккуну дагы жети эсе көбөйтөм.
22 Силерге жырткыч айбандарды каптатам, алар балдарыңарды жейт, малдарыңарды кырат, өзүңөрдү да кырат, ошондо көчөлөрүңөр ээн калат.
23 Эгерде ушундан кийин да оңолбой, Мага каршы чыга турган болсоңор,
24 анда Мен да силерге каршы чыгам, күнөөңөр үчүн силерди жети эсе талкалайм.
25 Менин келишимимди бузганыңар үчүн, кылыч менен өч алам. Эгерде шаарыңарга жашырынып алсаңар, анда жугуштуу оору каптатып, душманыңардын колуна салып берем.
26 Адамга кубат берүүчү нандан өксүтөм. Он аял биригип, бир очокко нан бышырып, нанды өлчөп беришет. Жейсиңер, бирок тойбойсуңар.
27 Эгерде ушундан кийин да Менин тилимди албай, Мага каршы чыксаңар,
28 анда Мен да каарымды төгүп, силерге каршы чыгам, күнөөңөр үчүн силерди жети эселеп жазалайм.
29 Балдарыңар менен кыздарыңардын этин жейсиңер.
30 Бутканаларыңарды кыйратам, мамыларыңарды талкалайм, өлүгүңөр кыйраган жасалма кудайларыңардын астында калат. Мен силерден жийиркенем.
31 Шаарларыңарды чөлгө айлантам, ыйык жайыңарды ээн калтырам, курмандыгыңардын жагымдуу жытын жыттабайм.
32 Жериңерге отурукташкан душманыңар айран-таң калгандай кылып, жериңерди кыйратам.
33 Ал эми өзүңөрдү болсо ар кыл элдин арасына таратам, аркаңардан кылычымды сунам, жериңер ээн калат, шаарларыңарды талкалайм.
34 Ошондо ээн калган жер ишемби жылдары үчүн эс алат. Силер душман жеринде жашап жатканыңарда гана жер эс алып, ишемби жылдары үчүн эс алат.
35 Силер жашап жатканда, ишемби жылдары эс албаган жер ээн калган күндөрдө эс алат.
36 Душман жеринде тирүү калгандарыңарды суу жүрөк кылам, алар жалбырактын дирилдегенинен качып жөнөй турган болушат, артынан эч ким куубаса да, кылычтан качкансып качышат.
37 Эч ким куубаса да, кылычтан жыгылгансып, бири-бирине чалынып жыгылышат, душманыңарга каршы турганга алыңар келбей калат.
38 Ар кыл элдин арасында кырыласыңар, душманыңардын жеринде жок болосуңар.
39 Ал эми тирүү калгандарыңар өзүңөрдүн мыйзамсыздыгыңар үчүн, ата-бабаларыңардын мыйзамсыздыгы үчүн душмандарыңардын жеринде чирийсиңер.
40 Ошондо гана алар өздөрүнүн күнөөсүн, ата-бабаларынын күнөөсүн, Мага каршы чыгышканын, Мага каршы кылган кылмыштарын мойнуна алышат.
41 Мына ошол үчүн Мен да аларга каршы чыгып, аларды өздөрүнүн душмандарынын жерине алып келгенде, алардын сүннөтсүз жүрөктөрү моюн сунуп, өздөрүнүн мыйзамсыз иштеринин азабын тартышат.
42 Ошондо Мен Жакып менен, Ыскак менен, Ыбрайым менен түзгөн келишимимди жана ал жерди эстейм.
43 Ошондо алар калтырып кеткен жер, ишемби жылдары үчүн эс алат. Алар Менин мыйзамдарымды жек көргөндүгү үчүн, Менин мыйзамдарымдан баш тарткандыгы үчүн, өздөрүнүн мыйзамсыз иштери үчүн жазасын алышат.
44 Бирок алар душмандарынын жеринде жашап жатканда да, Мен аларды четке какпайм, алардан жийиркенбейм, алар менен түзгөн келишимимди бузбайм, аларды таптакыр жок кылбайм, анткени Мен алардын Кудай-Теңиримин.
45 Мен алар үчүн алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимди эстейм. Мен алардын ата-бабаларынын Кудайы болуш үчүн, аларды башка элдердин көз алдында, Мисир жеринен алып чыккам. Мен Теңирмин».
46 Теңир Муса аркылуу Синай тоосунда Өзү менен Ысрайыл уулдарынын ортосуна койгон көрсөтмөлөрү, чечимдери, мыйзамдары ушулар.