Лебилер | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Лебилер 24 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук кыл: Чырактан үзгүлтүксүз күйүп, жарык берип турушу үчүн, алар сага чырактанды күйгүзүү үчүн тазаланган, жанчылган зайтун майын алып келишсин.

3 Арун аны жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдында тартылып турган көшөгөнүн сыртында дайыма кеч киргенден таң атканга чейин Теңир алдында күйүп турушу үчүн даярдасын. Бул – силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө.

4 Ал таза алтындан жасалган чырактандын үстүндөгү чырактарды Теңирдин алдында дайыма күйүп турушу үчүн даярдасын.

5 Буудай унунан он эки нан бышыр. Ар бир нанга эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк ун кетсин.

6 Аларды Теңирдин алдында турган таза алтындан жасалган үстөлдүн үстүнө алты-алтыдан эки катар кылып кой.

7 Ар бир катар нандын үстүнө ладан кой, бул Теңир эсине алышы үчүн коюлган курмандык болсун.

8 Ишемби сайын аларды Ысрайыл уулдарынан алып, Теңирдин алдына дайыма коюп турсун. Бул – түбөлүккө калган мыйзам.

9 Алар Арун менен анын уулдарына таандык, аларды ыйык жайда жешсин, анткени алар Теңирге арналган курмандыктардын ичинен эң ыйыгы. Бул – түбөлүккө калган көрсөтмө».

10 Ысрайылдык бир аялдын мисирлик адамдан төрөлгөн уулу Ысрайыл уулдарына келип, ысрайылдык бир адам менен стандын ичинде чатакташа кетти.

11 Ысрайылдык аялдын уулу Теңирдин ысымына тил тийгизип, жаман сөздөрдү айтты. Ошондо аны Мусага алып келишти.

12 Теңирдин буйругу жарыялангыча, аны камап коюшту.

13 Ошондо Теңир Мусага мындай деп айтты:

14 «Жаман сүйлөгөн адамды стандын сыртына алып чык, анын жаман сөздөрүн уккандардын бардыгы колдорун анын башына коюшсун, анан бүт жамаат аны таш бараңга алып өлтүрсүн.

15 Ысрайыл уулдарына болсо мындай де: Ким Кудайга жаман сөз айтса, ал өз күнөөсүн өзү көтөрөт.

16 Теңирдин ысымына тил тийгизген адам өлүшү керек, бүткүл жамаат аны таш бараңга алсын. Теңирдин ысымына тил тийгизген келгин да, жергиликтүү тургун да өлүм жазасына тартылсын.

17 Ким адам өлтүрсө, ал өлүм жазасына тартылсын.

18 Ким мал өлтүрсө, ал малдын ордуна мал төлөп берсин.

19 Ким өз жакынын жарадар кылса, аны да жарадар кылышсын.

20 Сыныкка сынык, көзгө көз, тишке тиш. Ким бир адамды кандай жарадар кылса, аны да так ошондой жарадар кылышсын.

21 Ким мал өлтүрсө, ал аны төлөп берсин. Ким адам өлтүрсө, ал өлүм жазасына тартылсын.

22 Келгин үчүн да, жергиликтүү тургун үчүн да бир мыйзам болсун, анткени Мен силердин Кудай-Теңириңермин».

23 Муса Ысрайыл уулдарына ушуларды айтты. Ысрайыл уулдары Теңир Мусага кандай буйруса, ошондой кылып, Теңирдин ысымына тил тийгизген адамды стандын сыртына алып чыгып, таш бараңга алышты.