Лебилер | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Лебилер 2 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ким Теңирге арнап нан курмандыгын алып келе турган болсо, буудай унун алып келсин. Ага зайтун майын куюп, үстүнө ладансалсын.

2 Анан аны Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга алып келсин. Ыйык кызмат кылуучу зайтун майы менен ладан кошулган ундан бир ууч алып, аны курмандык чалынуучу жайда Теңир эсине алышы үчүн өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.

3 Ал эми нан курмандыгынын калганы Арунга жана анын уулдарына тиешелүү. Бул Теңирге арналган курмандыктардын эң ыйыгы болот.

4 Эгерде нан курмандыгына тандырга жабылган нан алып келсең, анда ачыткы кошулбаган, зайтун майы кошулган буудай унунан жуурулган нан болсун жана зайтун майы сыйпалган, ачыткы кошулбаган токоч болсун.

5 Эгерде нан курмандыгына көмөч казанга бышырылган нан алып келсең, анда ал ачыткы кошулбаган, зайтун майы кошулган буудай унунан болсун.

6 Аны сындырып-сындырып, үстүнө зайтун майын куй. Бул нан курмандыгы болот.

7 Эгерде нан курмандыгына карапага бышырылган нан алып келсең, анда ал зайтун майы кошулган буудай унунан жасалсын.

8 Теңирге ушундай жасалган нан курмандыктарын алып кел. Аларды ыйык кызмат кылуучуга бер, ал болсо аны курмандык чалынуучу жайга алып келип коёт.

9 Ыйык кызмат кылуучу ал курмандыктардын бир бөлүгүн алып, Теңир эсине алышы үчүн курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберсин. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.

10 Ал эми нан курмандыгынын калганы Арунга жана анын уулдарына тиешелүү. Бул Теңирге арнап өрттөлүүчү курмандыктардын эң ыйыгы.

11 Теңирге арнап алып келген нан курмандыгыңардын эч бирине ачыткы кошпогула, анткени ачыткы кошулган курмандыкты, балды Теңирге арнап өрттөгөнгө болбойт.

12 Аларды биринчи түшүм курмандыгы катары Теңирге алып келсеңер болот, бирок аларды жагымдуу жыт чыгаруу үчүн курмандык чалынуучу жайда өрттөгөнгө болбойт.

13 Нан курмандыктарыңдын ар бирине туз сал. Курмандыктарыңа Кудайыңдын келишим тузун кошпой койбо. Ар бир курмандыгыңды алып келгенде, туз ала кел.

14 Эгерде биринчи түшүмүңдөн Теңирге арнап нан курмандыгын алып келсең, анда алгачкы буудай баштарынан отко кууруп, жанчып майдалап алып кел.

15 Аларга зайтун майынан куюп, үстүнө ладан салып кой. Бул нан курмандыгы болот.

16 Ыйык кызмат кылуучу зайтун майы менен ладан кошулган дандардын бир бөлүгүн алып, Теңир эсине алышы үчүн өрттөсүн. Бул Теңирге арналган курмандык болот.