Лебилер | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Лебилер 13 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты:

2 «Эгерде кимдир бирөөнүн денесине шишик, же темирөткү, же так пайда болуп, ал пес оорусунун жарасына окшошо баштаса, анда аны ыйык кызмат кылуучу Арунга же анын ыйык кызмат кылуучу уулдарынын бирине алып келишсин.

3 Ыйык кызмат кылуучу денесиндеги жараны карап көрөт. Эгерде жаранын түгү агарып кетсе, жара денеге тереңдеп баратса, анда ал – пес оорусунун жарасы. Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрүп, таза эмес деп жарыялайт.

4 Ал эми анын денесине ак так түшүп, бирок тагы денеге тереңдеп кетпеген болсо, тактын түгү агарып кетпеген болсо, анда ыйык кызмат кылуучу тагы бар адамды жети күн обочо камайт.

5 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде жара эч өзгөрүлбөсө, денеге тарап кетпеген болсо, анда ыйык кызмат кылуучу аны дагы жети күн обочо камайт.

6 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу аны дагы карап көрөт. Эгерде жара анча билинбесе, денеге жайылып кетпеген болсо, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт. Бул темирөткү, ал өз кийимин жууп алсын, ошондо таза болуп калат.

7 Эгерде ал ыйык кызмат кылуучуга көрүнүп, таза деп эсептелсе, бирок темирөткү денеге жайыла баштаса, анда ал экинчи жолу ыйык кызмат кылуучуга келсин.

8 Ыйык кызмат кылуучу темирөткү денеге жайылып баратканын көрүп, аны таза эмес деп жарыялайт. Бул – пес оорусу.

9 Кимде пес оорусунун жарасы болсо, ал ыйык кызмат кылуучуга келсин.

10 Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде денедеги шишик ак болсо, түгү агарып кетсе, шишик кызыл эт болуп турса,

11 анда бул анын денесиндеги эски пес оору экенин билдирет. Ошондо ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялап, каматып коёт, анткени ал таза эмес.

12 Эгерде пес оору бүт денеге жайылып, оорулууну башынан бутуна чейин каптап кетсе, ыйык кызмат кылуучу караган жердин баары агарып турса,

13 ыйык кызмат кылуучу пес оорусу анын бүт денесин каптап калганын көрсө, анда ал оорулууну таза деп жарыялайт, анткени баары агарып кеткен, ал таза.

14 Ал эми анын денеси кызыл эт болуп турса, анда ал таза эмес.

15 Ыйык кызмат кылуучу кызыл этти көрүп, аны таза эмес деп жарыялайт. Кызыл эт таза эмес болуп эсептелет. Бул – пес оорусу.

16 Эгерде кызыл эт өзгөрүп, агарып кетсе, анда ал ыйык кызмат кылуучуга келсин.

17 Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде жара агарып кетсе, ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт, ал таза.

18 Кимдин денесине жара чыгып, анан айыгып калса,

19 анан жаранын ордуна ак шишик, же ак, же кызыл так пайда болсо, анда ал ыйык кызмат кылуучуга келсин.

20 Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде так денеге тереңдеп кетсе, тактын түгү агарып кетсе, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт. Ал – жарадан ырбап кеткен пес оорусунун жарасы.

21 Эгерде ыйык кызмат кылуучу тактын түгү ак эмес экенин жана жара тереңдеп кетпегенин көрсө, жара анча билинбесе, анда ал аны жети күн камап коёт.

22 Эгерде жара бүт денеге жайылып кетсе, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт. Бул – жара.

23 Эгерде жара жайылбай, өз ордунда турса, анда бул ириңдеп кеткен жара, ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт.

24 Эгерде бирөө денесин күйгүзүп алса, күйүктөн айыккан жеринде кызыл же ак так пайда болсо,

25 ыйык кызмат кылуучу тактын түгү агарып калганын, тактын тереңдеп кеткенин көрсө, анда бул – пес оорусу, ал күйүктөн ырбап кеткен. Ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт, бул – пес оорусунун жарасы.

26 Эгерде ыйык кызмат кылуучу тактын түгү ак эмес экенин, так денеге тереңдеп кетпегенин көрсө, анча билинбесе, анда ыйык кызмат кылуучу аны жети күн камап коёт.

27 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде ал денеге аябай жайылып кеткен болсо, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт. Бул – пес оорусунун жарасы.

28 Эгерде так денеге жайылбай, өз ордунда турса жана анча билинбесе, анда бул – күйүктөн болгон шишик. Ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт, анткени бул – күйүктөн болгон жара.

29 Эгерде эркектин же аялдын башына же ээгине жара чыкса,

30 ыйык кызмат кылуучу жараны карап көрөт. Эгерде жара денеге тереңдеп кетсе, жаранын түгү саргарып, ичкерип кетсе, анда ыйык кызмат кылуучу аларды таза эмес деп жарыялайт. Бул – таз, бул – башка же ээкке чыккан пес оорусу.

31 Ыйык кызмат кылуучу таздын жарасын карап көрөт. Эгерде жара денеге тереңдеп кетпесе, анын кара түгү калбай калса, анда ыйык кызмат кылуучу таз болгон адамды жети күн камап коёт.

32 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу жараны карап көрөт. Эгерде таз жайылып кетпесе, түгү саргарып кетпесе, таз денеге тереңдеп кетпесе,

33 анда оорулуунун түгүн кырыш керек, бирок таз болгон жеринин түгүнө тийбеш керек, ыйык кызмат кылуучу таз болгон адамды кайрадан жети күн камап коюшу керек.

34 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу таз болгон жерди карайт, тазы жайылып кетпесе жана денесине тереңдеп кетпесе, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт. Ал кийимдерин жуусун, ошондо таза болот.

35 Эгерде тазалангандан кийин тазы денесине тарай баштаса,

36 ыйык кызмат кылуучу таздын денеге тарап бара жатканын көрсө, анда ыйык кызмат кылуучу саргарган түктү издебесин, ал таза эмес.

37 Эгерде таз өзгөрүлбөй кала берсе, анын үстүнөн кара түктөр көрүнсө, анда тазы айыккан, ал таза. Ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт.

38 Эгерде эркектин же аялдын денесинде ак тактар пайда болсо,

39 ыйык кызмат кылуучу алардын денесиндеги тактардын ак экенин көрсө, анда бул – теридеги эле темирөткү, ал таза.

40 Эгерде кимдир бирөөнүн башынан чачтары түшүп калса, анда ал такыр баш, ал таза.

41 Эгерде маңдайындагы чачтары түшсө, анда ал кашка баш, ал таза.

42 Эгерде адамдын башынын такыр же кашка жеринде агарган же кызарган тактар пайда болсо, анда анын башынын ушул жерлеринде пес жарасы бар.

43 Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде анын такыр башындагы же кашка башындагы тактар агарып же кызарып турганын көрсө, ал теринин пес оорусуна окшош болсо,

44 анда ал пес оорулуу, ал таза эмес. Ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыяласын, анткени анын башында жара бар.

45 Мындай жарасы бар пес оорулуу кийимдерин айрып, башына эч нерсе жаппай, оозун калкалап: “Таза эмесмин! Таза эмесмин!” – деп кыйкырсын.

46 Жара чыгып ооруп жаткан күндөрүндө ал таза эмес болуп эсептелсин, ал таза эмес, ал стандын сыртында өзүнчө жашасын.

47 Эгерде пес оорусунун жарасы кийимде, жүндөн же зыгыр буласынан токулган кийимде,

48 же болбосо зыгыр буласынан же жүндөн токулган кездеменин эришинде же аркагында, же булгаарыда, же булгаарыдан жасалган кандайдыр бир буюмда пайда болсо,

49 кийимдеги же булгаарыдагы, кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган нерселердеги тактар жашыл же кызгылтым болсо, анда бул – пес оорусунун жарасы. Ал ыйык кызмат кылуучуга көрсөтүлсүн.

50 Ыйык кызмат кылуучу жараны карап көрүп, жара жуккан нерсени жети күнгө өзүнчө бөлүп коёт.

51 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу жара жуккан нерсени карап көрөт. Эгерде кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жара жайылып кетсе, анда бул – оюп кете турган пес оорусу, ал – таза эмес жара.

52 Ал жара жуккан кийимди, жүндөн же зыгыр буласынан токулган кездеменин эришин же аркагын, же булгаарыдан жасалган кандай нерсе болбосун өрттөп жибериши керек, анткени бул – оюп кете турган пес оорусу. Аны отко өрттөп жибериши керек.

53 Эгерде ыйык кызмат кылуучу кийимдеги, кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жаранын жайылбаганын көрсө,

54 анда ыйык кызмат кылуучу жара жуккан нерсени жууганга буйрук берет да, экинчи жолу жети күнгө өзүнчө бөлүп коёт.

55 Эгерде жара жуккан буюмду жуугандан кийин, ыйык кызмат кылуучу жаранын өзгөрүлбөгөнүн жана жайылбаганын көрсө, анда ал нерсе таза эмес, аны өрттөп жибер. Ал – буюмдун аркагын же эришин оюп кеткен жара.

56 Эгерде жуулгандан кийин, ыйык кызмат кылуучу жаранын азайып калганын көрсө, анда ал кийимдин, же булгаарынын, же кездеменин эришинин же аркагынын ошол жерин жулуп салсын.

57 Эгерде кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жара кайрадан пайда болсо, анда бул – ырбап бара жаткан пес оорусу. Жара жуккан нерсени өрттөп жибер.

58 Эгерде кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жара жуугандан кийин жоголуп кетсе, анда аларды экинчи жолу жууш керек, ошондо алар таза болот.

59 Жүндөн же зыгыр буласынан токулган кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы пес оорусунун жарасы жөнүндөгү, аларды кандайча таза же таза эмес деп жарыялоо жөнүндөгү мыйзам ушул».