Лебилер | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Лебилер 21 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Мусага мындай деп айтты: «Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга мындай деп айт: Алардын эч кимиси өз элинин ичинен өлгөндөргө тийип булганышпасын.

2 Бирок алардын каны бир болгон жакыны: энеси, же атасы, же уулу, же кызы, же бир тууганы,

3 же жакыны болгон күйөөгө чыга элек карындашы өлүп, аларга колун тийгизсе, булганбайт.

4 Таза эмес болуп калбашы үчүн, өз элинин ичинен кимге болбосун, колун тийгизип булганбашы керек.

5 Алар чачтарын алдырышпасын, сакалдарынын учтарын кырктырышпасын, денелерине так салдырышпасын.

6 Алар өз Кудайынын алдында ыйык болушсун жана өз Кудайынын ысымын булгашпасын. Алар Теңирге курмандык чалышат, өз Кудайына нан тартуулашат, ошондуктан алар ыйык болушсун.

7 Алар бузулган аялды, жаманатты болгон аялды, күйөөсү таштап кеткен аялды алышпасын, анткени алар – Кудайга арналган ыйык адамдар.

8 Аларды ыйык тут, анткени алар Кудайыңа нан тартуулайт. Алар сен үчүн ыйык болушсун, анткени силерди ыйык кылган Теңириңер Мен ыйыкмын.

9 Эгерде ыйык кызмат кылуучунун кызы ойноштук кылып өзүн булгаса, ал атасынын атын булгаган болот. Аны отко өрттөп жибергиле.

10 Бир туугандарынын ичинен башына майлоочу май куюлуп майланган, ыйык кийим кийген башкы ыйык кызмат кылуучу баш кийимин чечпесин жана кийимдерин айрыбасын.

11 Өлгөн адамга жакындабасын. Ал турсун, өлгөн атасы менен энесине колун тийгизип өзүн булгабасын.

12 Ыйык жайдан алыстабасын, Кудайынын ыйык жайын булгабасын, анткени анын башы майлоочу май менен майланып, Кудайга арналган адам. Мен Теңирмин.

13 Ал кызга үйлөнсүн.

14 Ал жесир аялды, же күйөөсү таштап кеткен аялды, же жаманатты болгон аялды, же бузулган аялды албасын. Ал өз элинен чыккан кызды гана аялдыкка алсын.

15 Ал өз тукумун өз элинин арасында булгабасын, анткени аны ыйык кылган Теңири Менмин».

16 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

17 «Арунга мындай деп айт: Сенин укум-тукумуңдун ичинен денесинде кемчилиги бар адам Кудайына нан тартуулабасын.

18 Денесинде кемчилиги бар адам ыйык кызмат кылуучу болбосун. Сокур, төкөр, кебетеси бузук,

19 буту сынган, колу сынган,

20 бүкүр, кургак учук менен ооруган, көзүн чел баскан, котур, таз, энеги майып адам курмандык чалбасын.

21 Ыйык кызмат кылуучу Арундун тукумунан денесинде кемчилиги бар адам Теңирге курмандык чалбасын. Анын денесинде кемчилиги болгондуктан, Кудайына нан тартуулабасын.

22 Ал адам Кудайынын эң ыйык курмандыктарынан жана ыйык курмандыктарынан жесе болот.

23 Бирок ал ыйык жайдын көшөгөсүнө келбесин, курмандык чалынуучу жайга жакындабасын, анткени анын денесинде кемчилиги бар. Ал Менин ыйык жайымды булгабасын, анткени аларды ыйык кыла турган Теңири Менмин».

24 Анан Муса ушулардын баарын Арунга, анын уулдарына жана Ысрайыл уулдарына айтты.