Лебилер | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Лебилер 9 Бөлүм

тез өтүү:

1 Сегизинчи күнү Муса Арунду, анын уулдарын жана Ысрайыл аксакалдарын чакырып алып,

2 Арунга мындай деди: «Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бодо малдын ичинен бир букачар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир кочкор алып келип, Теңирдин алдына кой, экөө тең кемчилиги жок болсун.

3 Анан Ысрайыл уулдарына мындай де: Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок букачар жана бир жылдык козу алып келгиле.

4 Теңирдин алдында курмандык чалуу үчүн тынчтык курмандыгына бир өгүз, бир кочкор, нан курмандыгына зайтун майы кошулган нандарды алып келгиле, анткени бүгүн силерге Теңир келет».

5 Ошондо алар Муса эмне буйруса, ошонун баарын жыйын чатырынын алдына алып келишти. Бүт жамаат келип, Теңирдин алдында турду.

6 Ошондо Муса аларга: «Теңир буйругандай кылсаңар, силерге Теңирдин даңкы келет», – деди.

7 Анан Муса Арунга мындай деди: «Теңир буйругандай, курмандык чалынуучу жайга чыгып, күнөө үчүн чалынуучу жана бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды чалып, өзүңдү да, элиңди да күнөөдөн тазала, элдин алып келген курмандыктарын да чалып, бардыгын күнөөдөн тазала».

8 Ошондо Арун курмандык чалынуучу жайга келип, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка өзү үчүн букачар сойду.

9 Арундун уулдары ага анын канын алып келишти. Анан ал сөөмөйүн канга малып, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүнө сыйпады, ал эми калган канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төктү.

10 Ал эми күнөө үчүн чалынган курмандыктын майын, бөйрөктөрүн жана боор майын, Теңир Мусага буйругандай кылып, курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберди.

11 Эти менен терисин стандын сыртына алып чыгып өрттөп жиберди.

12 Анан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты мууздады. Арундун уулдары ага курмандыктын канын алып келишти. Ал канды курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.

13 Анан ага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын жиликтеп бөлүнгөн эттерин, башын алып келишти. Ал аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберди.

14 Ал эми ичеги-карыны менен шыйрактарын сууга жууп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен кошо курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберди.

15 Анан эл алып келген курмандыкты, күнөө үчүн алып келген текесин сойду. Аны мурунку курмандыктай кылып, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалды.

16 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да өзүнүн эрежеси боюнча курмандыкка чалды.

17 Анан нан курмандыктарынан колдоруна толтуруп алып келип, эртең менен өрттөлүүчү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын үстүнө кошуп өрттөп жиберди.

18 Анан тынчтык курмандыгына эл алып келген өгүз менен кочкорду чалды. Арундун уулдары алардын канын алып келишти. Арун канды курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.

19 Өгүздүн майын да, кочкордун куйрук майын да, карын майын да, бөйрөктөрүн да, боор майын да алып келип,

20 төштүн үстүнө коюшту. Анан Арун ал майларды курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберди.

21 Теңир Мусага буйругандай кылып, Арун төш менен оң санды Теңирдин алдында силкилдетти.

22 Анан Арун колун жайып, элге кайрылып, аларга батасын берди. Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана тынчтык курмандыгын чалып, курмандык чалынуучу жайдан түштү.

23 Муса менен Арун жыйын чатырына киришти. Анан сыртка чыгып, элге бата беришти. Ошондо бүт элге Теңирдин даңкы көрүндү.

24 Теңирден от түшүп, курмандык чалынуучу жайдын үстүндөгү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен майды өрттөп жиберди. Муну бардык эл көргөндө, кубанганынан кыйкырып, жүзтөмөндөп жыгылышты.