Лебилер | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Лебилер 23 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

2 «Теңирдин мына бул майрамдарын “ыйык жыйын” деп атоо керек экенин Ысрайыл уулдарына жарыяла, аларга мындай деп айт: Менин майрамдарым булар:

3 Алты күн иштегиле, ал эми жетинчи күн – ишемби, дем алуу күнү, ыйык жыйын күнү. Ал күнү эч кандай иш кылбагыла. Кайсы жерде жашасаңар да, бул күн – Теңирдин ишемби күнү.

4 Белгиленген убагында майрамдала турган Теңирдин ыйык жыйындары булар:

5 Биринчи айдын он төртүнчү күнү кечинде Теңирдин Пасах майрамы.

6 Ошол эле айдын он бешинчи күнү Теңирдин ачыткысыз нан майрамы. Жети күн Ачыткысыз нан жегиле.

7 Бул майрамдын биринчи күнү силерде ыйык жыйын болсун. Эч кандай жумуш кылбагыла.

8 Жети күн катары менен Теңирге курмандык чалгыла. Жетинчи күнү дагы ыйык жыйын болсун. Эч кандай жумуш кылбагыла».

9 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

10 «Ысрайыл уулдарына жарыяла, аларга мындай деп айт: Мен силерге берген жерге келип, эгин оро баштаганыңарда, эгиниңердин биринчи боосун ыйык кызмат кылуучуга алып келгиле.

11 Ыйык кызмат кылуучу боону силер ырайым табышыңар үчүн, Теңирдин алдына алып барат. Ал аны майрамдын экинчи күнү көтөрүп барат.

12 Боону көтөрүп барган күнү Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок бир жылдык козу чалгыла.

13 Аны менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун, анын үстүнө куюла турган гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк шарапты жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.

14 Кудайыңарга ушул курмандыктарды алып келмейинче, эч кандай нан, куурулган буудай жана жаңы бышкан буудай жебегиле. Бул силердин укум-тукумуңарга, алар кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

15 Боону силкилдетип алып келген майрамдын биринчи күнүнөн баштап, толук жети жума эсептегиле.

16 Жети жума, бир күн болгондо (эсептегенде элүү күн болот) Теңирге арнап биринчи түшүмдөн нан курмандыгын алып келгиле.

17 Үйүңөрдөн Теңирге биринчи түшүм катары нан курмандыгына эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унунан ачыткы кошулуп бышырылган эки нан алып келгиле.

18 Нан менен кошо эч кемчилиги жок бир жылдык жети козу, бодо малдан бир букачар жана эки кочкор алып келгиле. Булар Теңирге арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык болсун. Нан курмандыгын жана үстүнө куюлуучу шарапты жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.

19 Ошондой эле күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир текени, тынчтык курмандыгына бир жаштагы эки козуну даярдап койгула.

20 Буларды ыйык кызмат кылуучу силкилдетиле турган биринчи түшүмдүн наны жана эки козу менен бирге Теңирдин алдында силкилдетсин. Теңирге арналган ушул ыйык нерселер ыйык кызмат кылуучуга таандык.

21 Ошол күнү элди чакырып, ыйык жыйын өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла. Бул силердин укум-тукумуңарга, алар кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

22 Эгиниңерди оруп жатканыңарда, талааңардын четин орбой калтырып койгула, жерге түшүп калганын албагыла. Аны жарды менен келгиндерге калтыргыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин».

23 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

24 «Ысрайыл уулдарына айт: Жетинчи айдын биринчи күнү силер эс ала турган күн – сурнай майрамы. Ушул күнү ыйык жыйын өткөргүлө.

25 Эч кандай жумуш кылбагыла, Теңирге курмандык чалгыла».

26 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

27 «Ошондой эле ошол жетинчи айдын онунчу күнү, күнөөдөн арылуу күнү силерде ыйык жыйын болсун. Өзүңөрдү орозо кармап жоошутуп Теңирге курмандык чалгыла.

28 Бул күнү эч кандай жумуш кылбагыла. Бул – тазалануу күнү, силердин Кудайыңар болгон Теңириңердин алдында тазалана турган күн.

29 Бул күнү орозо кармап, өзүн жоошутпаган адам өз элинин арасынан жок кылынат.

30 Ким бул күнү жумуш кылса, Мен ал адамды өз элинин арасынан жок кылам.

31 Эч кандай жумуш кылбагыла. Бул силердин укум-тукумуңарга алар, кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

32 Бул күн – силер эс алуучу ишемби күн, ушул күнү орозо кармап, өзүңөрдү жоошуткула. Айдын тогузунчу күнүнүн кечинен баштап, кийинки күндүн кечине чейин ишемби күндү майрамдагыла».

33 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

34 «Ысрайыл уулдарына мындай де: Ошол эле жетинчи айдын он бешинчи күнү – Алачыктар майрамы. Бул майрам жети күнгө созулат.

35 Ал майрамдын биринчи күнү ыйык жыйын өткөргүлө. Эч кандай жумуш кылбагыла.

36 Жети күн бою Теңирге курмандык чалгыла. Сегизинчи күнү ыйык жыйын өткөргүлө, Теңирге курмандык чалгыла. Бул майрамдын акыркы күнү эч кандай жумуш кылбагыла.

37 Мына ушулар – Теңирдин майрамдары. Бул күндөрү ыйык жыйындар өткөрүлсүн. Бул күндөрү Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыктарын, союлуучу курмандыктарды, куюлуучу курмандыктарын өздөрүнүн белгиленген убагында чалгыла.

38 Бул курмандыктар силердин Теңирге арнап Теңирдин ишемби күндөрүндө алып келген курмандыктарыңардан, тартууларыңардан, убада боюнча же өзүңөр каалап алып келген курмандыктарыңардан башка болсун.

39 Ал эми жетинчи айдын он бешинчи күнү, түшүмүңөрдү жыйнап жатканыңарда Теңирдин майрамын жети күн майрамдагыла. Майрамдын биринчи жана сегизинчи күнү – эс алуу күнү.

40 Майрамдын биринчи күнү кооз дарактардын бутактарын, курма пальмасынын бутактарын, жазы жалбырактуу жыгачтын бутактарын жана дарыя жээгиндеги кызыл тал бутактарын алып, Кудай-Теңириңердин алдында жети күн көңүл ачкыла.

41 Теңирдин бул майрамын бир жылда жети күн майрамдагыла. Бул – силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө. Аны жетинчи айда майрамдагыла.

42 Алачыктарда жети күн жашагыла. Ысрайылдын ар бир жергиликтүү тургуну алачыкта жашасын

43 Мен Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыкканда, аларды алачыктарда жашатканымды силердин урпактарыңар биле жүрүшсүн. Мен силердин Кудай-Теңириңермин».

44 Муса мына ушул Теңирдин майрамдары жөнүндө Ысрайыл уулдарына жарыя кылды.