меню

Элчилердин Иштери 1 Бөлүм


1-2 Ыйса асманга көтөрүлгөн күнгө чейинки убакытта Өзү тандап алган элчилерине Ыйык Рухтун колдоосу менен берген жол-жоболорунун, кылган иштеринин жана таалиминин баарын мен сизге, улуу урматтуу Теопил, биринчи китебимде жазган элем.

3 Ал азап чегип, өлгөндөн кийин кырк күн бою бир нече жолу элчилерине көрүнүп, тирүү экендигин ишеничтүү далилдер менен көрсөттү жана Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып берди.

4 Андан соң, алар менен бирге отурганда: — Иерусалимден кетпей, Атабыз убада кылган Ыйык Рухту күткүлө. Силер Ал жөнүндө Менден уккансыңар.

5 Жакыя адамдарды сууга чөмүлдүргөн болчу, силер да бир нече убакыттан кийин Ыйык Рухка чөмүлөсүңөр, — деди.

6 Элчилер Ыйсадан мындай деп сурашты: — Эгебиз, Сенин Ысрайыл падышачылыгын кайра калыбына келтире турган убагың келип жеттиби?

7 Ыйса аларга: — Атабыз Өзүнүн бийлиги менен белгилеп койгон убакыт-саатты билүүнү силерге буйруган эмес.

8 Бирок үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндө, Анын кудуретине толосуңар жана Иерусалимде, Иудея менен Самариянын бардык жерлеринде, ал тургай, жер чегине чейин Мен жөнүндө адамдарга айтып бересиңер, — деп жооп берди.

9 Ыйса жогорудагы сөздү айтып бүткөн соң, элчилеринин көз алдында көккө көтөрүлө баштады да, булуттун кучагына кирип кетти.

10 Элчилер Анын көтөрүлүп бара жатканын карап турушканда, бет алдыларында күтүлбөгөн жерден ак кийимчен эки адам пайда болуп, мындай дешти:

11 — Эй, галилеялыктар, эмнеге бул жерде асманды карап турасыңар? Бул — Ыйса, Аны Кудай силердин араңардан асманга алып кетти. Ал көз алдыңарда кандай көтөрүлүп кетсе, дал ошондой эле болуп кайра келет.

12 Ушундан соң, элчилер Зайтун тоосунан Иерусалимге кайтып келишти. Зайтун тоосу Иерусалимден бир чакырымдай аралыкта жайгашкан.

13 Шаарга кирип, алар өздөрү жайгашкан бөлмөгө барышты. Ал жерде Петир, Жакан, Жакып, Идрис, Филип, Том, Барталамей, Матай, Алпейдин уулу Жакып, Динчил Ысман, Жакыптын уулу Жүйүт олтурушкан эле.

14 Баары тең Кудайга берилүү менен сыйынып жатышкан. Алардын арасында Ыйсанын энеси Мариям, бир туугандары жана Анын жолун жолдогон башка аялдар бар болчу.

15 Ошол күндөрдүн биринде, жүз жыйырмадай шакирт чогулуп олтурушкан жерде Петир ортого чыгып, мындай деди:

16 — Боордоштор! Ыйык Рух аркылуу айтылган Дөөттүн сөзү жана Ыйык Жазууларда жазылгандай, Жүйүт тууралуу алдын ала айтылган пайгамбарчылык аткарылууга тийиш болчу.

17 Жүйүт бизге кошулуп, кызматташ болууга тандалган эле.

18 Бирок арам жол менен тапкан акчасына сатып алган жеринде оңкосунан сайылып, ичегиси чубалып өлдү.

19 Мунун баары бүткүл иерусалимдиктерге билинип, ал жер алардын тилинде «Акелдама», башкача айтканда, «Кандуу жер» деп аталды.

20 Себеби Забур китебинде дагы мындай деп жазылган: «Ылайым үйү ээн калсын, Эч ким жашабай калсын!» Дагы мындай деген жери бар: «Анын ордун башка бирөө бассын!»

21-22 Ошондуктан Жүйүттүн ордун бир киши ээлеш керек. Ал киши Эгебиз Ыйса арабызда болгон бардык күндөрү, башкача айтканда, Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүлгөн кезинен тартып, асманга кеткенине чейин биз менен жүрүп, Анын кайра тирилгенине күбө болгон адам болууга тийиш.

23 Ошентип, алар эки кишини: Барсап атка конгон Жусуп (анын башка аты — Жуст) жана Матыйды алдыга чыгарышты.

24 Анан Кудайга сыйынышты: «Оо Эгебиз, Сен бардык адамдардын оюн билесиң.

25 Элчилик кызматка ушул экөөнүн кайсынысын тандаганыңды көрсөтсөң экен. Анткени Жүйүт кетчү жагына кетти».

26 Сыйынган соң, чүчү кулак кармашышты эле, Матыйдын энчисине тийди. Ошентип, Матый он бир элчинин катарына кошулду.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28