меню

Элчилердин Иштери 2 Бөлүм


1 Түшүм майрамы келгенде, шакирттердин баары бир жерге чогулушту.

2 Аңгыча асмандан катуу шамал жүргөндөй гүүлдөгөн добуш угулуп, алар олтурган үйдү толтурду.

3 Анан жалындын тилиндей болгон нерселер көрүндү. Алар бөлүнүп-бөлүнүп, ар бирине бирден конду.

4 Ошондо баары тең Ыйык Рухка толуп, Анын бергенине жараша бөтөн тилдерде сүйлөй башташты.

5 Ошол кезде бардык элдердин арасында жашап, Кудайды урматтаган иудейлер Иерусалимге төгөрөктүн төрт бурчунан келишкен.

6 Алар бул добуш чыкканда, эмне болгонун билүү үчүн жүгүрүп келишип, ар кимиси шакирттердин анын өз тилинде сүйлөп жатканын угушуп, өтө таңыркашты.

7 Баары тең айран-таң калышып, өз ара: — Бул сүйлөп жаткан адамдардын баары галилеялыктар эмеспи?

8 Анан кантип алар ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат?

9 Арабызда парфтыктар, мидиялыктар, эламдыктар, ошондой эле Месопотамияда, Иудеяда, Кападокияда, Понт менен Асияда,

10 Фригияда, Памфилияда, Мисир менен Ливиянын Киринеяга караштуу жагында жашагандар, Римден келген

11 иудейлер менен иудей динине киргендер, криттиктер менен арабдар бар эмеспи. Ошентсе да булардын Кудай кылган улуу иштер тууралуу биздин тилдерде айтканын угуп жатабыз, — дешти.

12 Ошентип, баары таң калышып, бири бирине: «Ой тобо, бул эмнеси, ыя?» — дешти.

13 Бирок алардын арасында: «Шарапка тоюп алышкан тура!» — деп шылдыңдашкандар да болду.

14 Ошондо Петир он бир элчи менен бирге ортого чыкты да, үнүн бийик чыгарып, мындай деди: — Иудей боордошторум! Жалпы Иерусалим тургундары! Сөзүмдү кунт коюп угуп, билип алгыла:

15 булар силер ойлогондой мас эмес! Анткени азыр эле таң атып, саат араң тогуз болбодубу.

16 Бирок бүгүнкү көргөнүңөр Жайыл пайгамбар алдын ала айткан сөздүн аткарылышы. Ал мындай деген:

17 «Кудай айтат мындай деп: Ошол соңку күндөрдө Бүт адамзат үстүнө Төгөм Ыйык Рухумду. Ошондо уул-кыздарың Кудай Сөзүн айтышат. Аян көрүп жаштарың, Карыларың түш көрөт.

18 Ошол соңку күндөрдө Кул-күңдөрүм үстүнө Рухум төгөм. Алар да Кудай Сөзүн айтышат.

19 Жогоруда асмандан Кереметтер көрсөтөм. Төмөндөгү жерден да Канды жана отту Мен, Уюлгуган түтүндү Жышаан кылып көргөзөм.

20 Эгебиздин сот күнү — Улуу жана даңктуу күн Келеринин алдында Күндүн бети караят, Айдын жүзү канталайт.

21 Эгебиздин ысымын Чакыргандын ар бири Куткарылат ошондо».

22 Ысрайылдыктар, кулак салып, угуп алгыла! Кудай Өзүнүн кудуреттүү жана ажайып жышаандары менен коштоп, силерге назареттик Ыйсаны дайындап, Өзү жибергенин көрсөттү. Араңарда болуп өткөн ошол окуяларды өзүңөр да билесиңер.

23 Аны Кудай Өзүнүн алдын ала көрөгөчтүгү жана түзгөн максаты боюнча силердин колуңарга тапшырды. Силер болсо күнөөкөр адамдардын колу менен жыгачка мыктап, өлтүрдүңөр.

24 Бирок Кудай Аны өлүмдүн чеңгелинен бошотуп, кайра тирилтип алды. Себеби Аны өз колунда кармап турууга өлүмдүн кудурети жеткен жок.

25 Дөөт пайгамбар Ал тууралуу мындай деген: «Эгем дайым көз алдымда, оң жагымда, Мен эч качан жыгылбаймын ошондуктан.

26 Толуп-ташат жүрөгүм кубанычтан, Тилим безеп, даңктагандан тажабайм, Денем дагы үмүт менен өмүр сүрөт.

27 О дүйнөдө мени эч качан калтырбайсың, Ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң.

28 Сен өмүрдүн жолун мага ачып бердиң, Сен менин кубанычка бөлөөрүмсүң».

29 Боордоштор! Сөздүн ачыгын айтканга уруксат эткиле: түп атабыз Дөөт өлгөн жана көргө коюлган. Анын бейити бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат.

30 Ал өзү пайгамбар болгондуктан, Кудай ага берген убадасы боюнча анын тукумунан чыккан бирөөнү Машаяк катары тактыга олтургузарын билген.

31 Ал Машаяктын кайра тирилишин алдын ала көргөн. Ошондуктан Анын о дүйнөдө калбастыгын, денесинин чирибестигин айткан.

32 Мына ошол Ыйсаны Кудай кайра тирилтти, буга баарыбыз күбөбүз.

33 Ошентип, Ыйса Кудайдын кудурети менен көккө көтөрүлдү да, азыр өзүңөр угуп, көрүп тургандай, Атасы убада кылган Ыйык Рухту кабыл алып, бизге төгүп жиберди.

34 Дөөт болсо көккө көтөрүлгөн эмес. Бирок мындай деген: «Жараткан Эгем Эгеме деди мындай:

35 Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча, Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда».

36 Ошондуктан, бүткүл Ысрайыл эли, жакшылап билип ал: силер жыгачка кадап салган ошол Ыйсаны Кудай биздин Эгебиз жана Куткаруучу Машаягыбыз кылды.

37 Бул сөздөр уккандардын жүрөгүнө катуу тийди. Алар Петирден жана анын жанындагы элчилерден: — Боордоштор, биз эмне кылалы? — деп сурашты.

38 Петир аларга: — Ар бириңер ниетиңерди өзгөрткүлө да, күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн Ыйса Машаяктын атынан сууга чөмүлүү расмисинен өткүлө. Ошондо Ыйык Рухтун белегин аласыңар.

39 Анткени Кудай Эгебиздин Ыйык Рухту берем деген убадасы силерге, силердин балдарыңарга жана Кудай чакырган башка адамдардын баарына берилген, — деди.

40 Петир аларга башка дагы көптөгөн сөздөрдү айтып: — Бул бузулган муундан өзүңөрдү сактагыла! — деп эскертти.

41 Ошентип, анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар сууга чөмүлүштү. Ошол күнү үч миңдей адам аларга кошулду.

42 Баары тең элчилердин окуусун кабыл алышып, бири бири менен тыгыз мамиледе болушуп, чогуу нан сындыруу расмисин өткөрүп, бирге сыйынып жүрүштү.

43 Элдин баарын Кудайдан коркуу сезими бийледи. Анткени элчилердин колдору менен Иерусалимде көптөгөн ажайыптар, кереметтүү жышаандар көрсөтүлүп жатты.

44 Ыйсага ишенгендердин баары чогуу жүрүшүп, чарбасы да бир болду.

45 Колдо болгонун сатышып, ар кимисинин муктаждыгына карап, бөлүп беришти.

46 Ар күнү ийбадатканада чогуу табынышып, бири бирин конокко чакырышып, өз ара жөнөкөй жана кубанычтуу боордоштук мамиледе болушту.

47 Дайыма Кудайды мактап, бүтүндөй элдин сүймөнчүлүгүнө айланышты. Эгебиз болсо куткарыла тургандарды ар күнү жыйынга кошуп жатты.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28