меню

Элчилердин Иштери 15 Бөлүм


1 Иудеядан түшүп келген кээ бир адамдар Антахиядагы ишенгендерге: «Эгер Муса пайгамбардын мыйзамы боюнча сүннөткө олтурбасаңар, анда куткарыла албайсыңар», — деп окута башташты.

2 Пабыл менен Барнап алар менен бир далайга чейин талашып-тартышты. Акыры антахиялыктар Пабыл менен Барнапка бир нече адам кошуп, бул маселени башка элчилер менен жыйын жетекчилеринин алдында тактоо максатында аларды Иерусалимге жиберүүнү чечишти.

3 Ишенүүчүлөр жыйынынын тапшырмасы менен сапарга чыгышкан булар Финикия жана Самария аймагы аркылуу жол жүрүп, андагы ишенгендерге башка улуттагы адамдардын кандайча Кудай жолуна түшкөндөрүн айтып, абдан кубантышты.

4 Иерусалимге келгенде, ишенгендер жыйыны, элчилер жана жыйын жетекчилери аларды жылуу кабыл алышты. Пабыл жана анын жолдоштору Кудайдын алар аркылуу эмнелерди кылганын айтып беришти.

5 Бирок алардын арасындагы мурда фарисей тобуна киргендери ордунан туруп: — Башка улуттагыларды сүннөткө олтургузуп, Муса пайгамбардын мыйзамына баш ийүүнү буйруш керек! — дешти.

6 Ошондо элчилер менен жыйын жетекчилери бул маселени чечүүгө чогулушту.

7 Көптөгөн суроолордон соң, Петир ордунан туруп, мындай деди: — Агайындар! Мындан бир нече убакыт мурда башка улуттагыларга Жакшы Кабарды жеткирип, ишенимге келтирүүгө Кудай сиздердин араңыздардан мени тандаган эле. Муну сиздер жакшы билесиздер.

8 Жүрөктүн түпкүрүндөгү сырларды билген Кудай бизге берген Ыйык Рухту аларга да берүү менен аларды Өзүнө кабыл алганын көрсөттү.

9 Ыйсага ишенгендиги үчүн дилин тазалап, биз менен тең кылды.

10 Анда эмнеге сиздер Кудайды сынап, биз өзүбүз да, ата-бабаларыбыз да көтөрө албаган оор жүктү Ыйсанын шакирттерине жүктөгөнү жатасыздар?

11 Алар деле биз сыяктуу Эгебиз Ыйсанын ырайымы аркылуу ишенимге келип, куткарылышты.

12 Петирдин сөзүнөн кийин жымжырттык өкүм сүрүп, Кудайдын Барнап менен Пабыл аркылуу башка улуттардын арасында кылган кереметтүү жышаандары менен укмуштары тууралуу алардын айткандарына кулак төшөштү.

13 Алар сүйлөп бүткөндө, Жакып мындай деди: — Агайын-туугандар!

14 Ысман өз сөзүндө Кудайдын башка улуттагылардын арасынан Өз адамдарын тандап, аларга Өзүн таанытып, кылган камкордугу тууралуу айтып өттү.

15 Пайгамбарлар китебинде жазылган сөздөр да буга дал келет:

16 «"Андан кийин Мен кайтып, Талкаланган бузулган Падышалыгын Дөөттүн Калыбына келтирем, Алып урандыларын, Тургузамын кайрадан.

17-18 Калган эл да ошондо, Башка улуттун бардыгы Эгебизди издешет. Анткени Мен аларды ‘Элим бол’ деп чакырдым, Өз атыман атадым", — Дейт ушунун бардыгын Ишке ашырар Эгебиз».

19 Менимче, башка улуттан Кудай жолуна түшкөндөргө орунсуз талап коюп, кабатыр кылбашыбыз керек.

20 Андан көрө кат жазып, «буркандарга арналып, курмандыкка чалынган арам оокаттан жебегиле, бузуктуктан сактангыла, арам өлгөн малдын этин жана канды жебегиле» деген насаатыбызды айталы.

21 Анткени Муса пайгамбардын мыйзамында жазылган бул эрежелер илгертен бери дем алыш сайын ар бир шаардагы синагогаларда окулуп келе жатат.

22 Ошентип элчилер, жыйын жетекчилери жана ишенүүчүлөр жыйыны арасынан бир нече адамды тандап, Пабыл менен Барнапка кошуп, Антахияга жиберүүнү туура көрүштү. Алар Барсап деп аталып кеткен Жүйүт менен Силаны тандашты. Булар жыйында кадыр-барктуу адамдар болушкан.

23 Алып бара турган каттын мазмуну төмөнкүдөй эле: «Ушул катыбызды андагы Антахия, Сирия жана Киликиядагы бардык иудей эмес боордошторубузга арнайбыз. Катты Иерусалимдеги элчилерден, жыйын жетекчилеринен жана жамы ишенген боордошторуңардан деп билгиле.

24 Угушубузга караганда, биздин арабыздан чыккан кээ бир адамдардын сөзү тынчыңарды алып, көңүлүңөрдү чөгөрүптүр. Бирок биз алардын барып, андай кылышын тапшырган эмеспиз.

25 Ошол себептен биз өз ара акылдашып, бир пикирге келдик да, арабыздан бир нече адамды тандап, аларды азиз боордошторубуз Барнап менен Пабылга кошуп, силерге жиберүүнү оң көрдүк.

26 Бул экөө Эгебиз Ыйса Машаяк үчүн жанын да аябаган адамдар.

27 Ошондой эле Жүйүт менен Силаны да жиберип жатабыз. Алар да силерге ушул жазылгандарды оозеки айтып беришет.

28 Ошондуктан Ыйык Рухка да, бизге да эң зарыл көрүнгөн төмөнкү эки-үч нерседен башканы талап кылбоону туура деп таптык:

29 буркандарга чалынган курмандыктан ооз тийбегиле, кан менен арам өлгөн малдын этин жебегиле жана бузукчулуктан денеңерди сактагыла. Ошондо жакшы иш жасаган болосуңар. Саламатта калгыла».

30 Ошентип, бу кишилер жолго чыгып, Антахияга келишти. Ишенгендердин жыйынын чогултуп, катты беришти.

31 Алар катты окуп, андагы насыят сөздөргө ыраазы болуп кубанышты.

32 Өздөрү пайгамбар болгон Жүйүт менен Сила сөз сүйлөп, боордошторго көп жакшы насааттарын айтып, көңүлдөрүн көтөрүштү.

33-34 Бир нече убакыт алар менен болгон соң, боордоштор аларды жылуу-жумшак келген жагына узатып коюшту.

35 Ал эми Пабыл менен Барнап болсо Антахияда калышты. Алар башка дагы көптөгөн ишенүүчүлөр менен бирге Эгебиздин сөзүн сүйлөп, элге жарыялашты.

36 Бир нече күн өткөндө, Пабыл Барнапка: — Эми кайтып барып, биз мурда Эгебиздин Жакшы Кабарын айткан шаарлардагы боордошторубуздун ал-акыбалы кандай болду экен, ошону көрүп келели, — деди.

37 Барнап Марк аталган Жаканды да өзүнө кошуп алгысы келди.

38 Бирок Пабыл буга каршы болду. Анткени Марк мурда алар менен бирге Кудайдын кызматына баргысы келбей, Памфилиядан таштап кеткен эле. Ошондуктан Пабыл мындай адамды кошкусу келген жок.

39 Натыйжада, алардын арасында абдан катуу пикир келишпестик пайда болуп, Пабыл менен Барнап бири биринен бөлүнүштү. Барнап өзү менен бирге Маркты алып, Кипрге сүзүп кетти.

40 Пабыл болсо өзү тандаган Силаны жанына алып, боордоштор тарабынан ырайымдуу Эгебиздин колуна тапшырылган соң, жөнөп кетти.

41 Ал Сирия жана Киликия аймактарын аралап, андагы ишенгендер жыйындарындагы адамдардын ишенимин бекемдеди.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28