меню

Элчилердин Иштери 9 Бөлүм


1 Шабыл Эгебиздин шакирттерин өлтүрөм, житирем деп коркутуп-үркүтүп, башкы динкызматчынын алдына барды.

2 Андан Ыйсанын жолуна түшкөндөрдү аял-эркегине карабай байлап, Иерусалимге алып келүүгө жиберилди деген, Дамаск шаарындагы синагогалардын жетекчилерине арналган тил кат жаздырып алды.

3 Ошентип, Шабыл Дамаск шаарына жакындап калганда, капыстан асмандан бир нур төгүлүп, айланасын жарык кылып жиберди.

4 Шабыл жерге жыгылды да, өзүнө кайрылган үндү укту. — Шабыл, Шабыл! — деди ошол үн. — Эмнеге Мени куугунтуктап жүрөсүң?!

5 Шабыл Ага: — Оо, Кудурет, сиз кимсиз? — деди. Ошондо Эгебиз мындай деди: — Мен сен куугунтуктап жүргөн Ыйсамын.

6 Тур да, шаарга кир. Эмне кыла тургандыгыңды сага айтып беришет.

7 Аны менен бара жаткан кишилер аң-таң болушуп, үн-сөзсүз туруп калышты. Алар үндү угушкан менен айланадан эч кимди байкашкан жок.

8 Шабыл өйдө болуп, көзүн ачканда, эч нерсени көрө албады. Ошондуктан жанындагы адамдар аны колунан жетелешип, Дамаскка алып келишти.

9 Шабыл үч күн бою эч нерсе көрө да, жей да албады.

10 Дамаскта Ыйсанын Анания аттуу шакирти жашачу. Эгебиз ага аян берип, ошондо аны: — Анания! — деп атынан чакырды. Ал: — Угуп жатам, Эгем! — деди.

11 Эгебиз ага мындай деди: — Ордуңан туруп, Түз аттуу көчөгө бар да, Жүйүттүн үйүнө кирип, тарстык Шабылды сура. Ал азыр сыйынып жатат.

12 Мен ага Анания аттуу бирөөнүн келип, көзү көрүп калсын үчүн колун койгонун көргөзүп аян бердим.

13 Анания Эгебизге мындай жооп берди: — Эгем, бул кишинин Иерусалимде Сенин ыйыктарыңа жасаган жамандыктары тууралуу көп адамдардан уккан элем.

14 Эми ал бул жерге келиптир. Колунда «Ыйсага табынгандардын баарын кармап келүүгө укуктуу» деген жогорку динкызматчылардан жаздырып алган кагазы бар экен.

15 Бирок Эгебиз ага айтты: — Баргын! Ал Менин тандаган элчим. Менин атымды элдерге айтып, падышаларга маалым кылып, Ысрайылдын урпактарына жарыялайт.

16 Мен үчүн канча азапты башынан өткөрүүгө тийиш экендигин Өзүм ага билдиремин.

17 Анания барды да, Жүйүттүн үйүнө кирип, Шабылдын башына колун коюп, мындай деди:

18 Ошол замат Шабылдын көзүн каптаган кабырчык сыяктуу нерсе жок болуп, ал кайрадан көрүп калды. Ал ордунан туруп, чөмүлдүрүү расмисинен өттү.

19 Анан тамак жеп, кубаттанды. Ушундан соң, Шабыл Ыйсанын шакирттери менен бир нече күн Дамаскта болду.

20 Ошол жердеги синагогаларга барып, Ыйсанын Кудай Уулу экендигин айта баштады.

21 Уккандар таң калышып: — Бул киши Ыйсага ишенгендерди Иерусалимде куугунтуктап, мында да аларды кармап, жогорку динкызматчыларга алып баруу максаты менен келбеди беле? — деп жатышты.

22 Шабыл болсо уламдан-улам күчүнө келип, Дамаскта жашаган иудейлерге Ыйсанын Машаяк экендигин далилдеп, алардын айласын кетирди.

23 Бир топ убакыт өткөндө, иудейлер аны өлтүрүүнү чечишти.

24 Бирок Шабылга алардын мындай ниети билинип калды. Иудейлер аны өлтүрүү үчүн күнү-түнү шаар дарбазасынын айланасынан кетпей, аңдып жүрүштү.

25 Шакирттер болсо Шабылды себетке салып, түн ичинде шаардын сепилинен сыртка түшүрүп коюшту.

26 Шабыл Иерусалимге келип, шакирттердин катарына кошулгусу келди. Бирок алар Шабыл да Ыйсанын шакирти болуп калганына ишенишпей, андан коркушту.

27 Ошондо Барнап Шабылды элчилердин алдына ээрчитип келди да, анын Дамаскка бараткан жолдо Ыйсаны кандайча көргөнүн, Анын ага айткан сөздөрүн жана Шабыл Ал жөнүндө коркпостон жар салганын айтып берди.

28 Шабыл алар менен бирге бүткүл Иерусалимде Эгебиз Ыйсанын атын тайманбастан ачык жарыялап жүрдү.

29 Ал тургай, грек тилинде сүйлөгөндөр менен да Ыйса жөнүндө талашып-тартышты. Алар болсо аны өлтүрүүнүн амалын издешти.

30 Бул тууралуу Ыйсанын үмөттөрү билип калып, аны Кесарияга алып барып, Тарска жөнөтүп жиберишти.

31 Ошентип, бүткүл Иудея, Галилея жана Самария аймактарындагы ишенүүчүлөрдүн жыйындары тынчтыкта жана Эгебизди урматтоо менен жашап, өсүп-өнүп жатышты. Ыйык Рух колдоп, катарлары көбөйдү.

32 Өлкөнүн чар тарабын кыдырып жүргөн Петир Лидда шаарында жашаган ыйыктарга да келди.

33 Ал жерге келгенде, сегиз жылдан бери төшөктөн тура албай шал болуп ооруп жаткан Айней аттуу бир кишиге жолукту.

34 Петир ага кайрылып, мындай деди: — Айней, сени Ыйса Машаяк айыктырып жатат. Өйдө тур да, төшөнчүңдү жыйна! Айней болсо ошол замат ордунан туруп кетти.

35 Муну Лидда менен Шарон шаарларында жашагандардын баары көрүшүп, Эгебизге дитин бурушту.

36 Жаффа шаарында Ыйсанын шакирти — Табита аттуу аял жашачу. Анын аты грекче — Дорка (мааниси — элик) эле. Ал жакшылык кылгандан талбаган, кедейлерге колу ачык адам эле.

37 Ошол күндөрү ал катуу ооруп, каза болуп калды. Анын сөөгүн жууп, кепиндеп, үстүнкү кабаттагы бөлмөгө коюп коюшту.

38 Лидда шаары Жаффага жакын жайгашкандыктан, шакирттер Петирдин Лиддада экенин угуп, ага: «Бизге тезирээк келиңиз», — деген өтүнүч менен эки киши жиберишти.

39 Петир дароо эле алар менен бирге Лиддага жөнөдү. Келери менен аны сөөк жаткан бөлмөгө алып барышты. Бөлмөгө киргенде, жесир аялдар курчап алышып, Дорка көзү тирүүсүндө тигип берген кийим-кечектерин ага көргөзүшүп, боздоп ыйлашты.

40 Петир баарын сыртка чыгарып, өзү болсо тизелеп, Кудайга сыйынды. Анан өлүккө кайрылып: — Табита, тургун! — деди. Аял көзүн ачып, Петирди көрдү да, өйдө болду.

41 Петир колунан кармап, бутуна турганга жардамдашты. Анан ыйыктар менен жесирлерди чакырып, тирилип кеткен Табитаны көргөздү.

42 Бул иш бүткүл Жаффага белгилүү болуп, көптөгөн адамдар Эгебизге ишеништи.

43 Петир бир нече күн Ысман аттуу тери ийлегичтин үйүндө жашап, Жаффада туруп калды.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28