Элчилердин Иштери 8 Бөлүм
1 Шабыл болсо Степанды өлтүрүп жаткандарды жактап турду. Ошол күндөрү Иерусалимдеги жыйын абдан чоң куугунтукка кабылды. Элчилерден башка ишенүүчүлөр чачырап, Иудея менен Самариянын ар кайсы жерине тарап кетишти.
2 Степандын сөөгүн Кудайдан ыйбаа кылган адамдар жерге коюшуп, аны жоктоп ыйлап, катуу кайгыга батышты.
3 Ал эми Шабыл болсо үймө-үй кыдырып, эркек-аял дебей зынданга салдырып, ишенүүчүлөр жыйынын кыйнады.
4 Ошол арада ар жакка тараган Ыйсанын жолун жолдоочулар Кудайдын сөзүн жер-жерлерге таратып, Жакшы Кабарды жайып жүрүштү.
5 Филип Самариядагы бир шаарга келип, ошол жерде Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды айта баштады.
6 Филиптин жасаган кереметтерин уккан-көргөн элдин баары анын сөздөрүнө кунт коюп кулак салышты.
7 Себеп дегенде, көптөгөн адамдардан аларды байлап турган кара күчтөр ач кыйкырык менен чыгып жатышты. Шал оорулуулар менен чолоктор болсо айыгып жатты.
8 Ошондуктан Филип жүргөн шаардагы эл жыргап, кубанычка бөлөндү.
9 Ошол шаарда Ысман деген бир киши жүргөн. Ал Филип келерде өзүн бир улуу киши деп жарыялап, сыйкырчылык кылып, самариялыктардын оозун ачырып жаткан.
10-11 Элдин баары: «Бул кишиде Кудайдын зор кудурети бар экен», — дешип чоң-кичине дебей аны угуп жүрүшкөн.
12 Бирок Кудайдын Падышачылыгы жана Ыйса Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды таратып жүргөн Филипке ишенишкен соң, эркектери да, аялдары да сууга чөмүлүштү.
13 Ысман сыйкырчынын өзү да ишенимге келди. Ал да сууга чөмүлүп, Филиптин артынан калбай ээрчип жүрдү. Болуп жаткан улуу укмуштар менен кереметтүү жышаандарды көргөн ал абдан таң калды.
14 Иерусалимде калышкан элчилер самариялыктар Кудай сөзүн кабыл алганын угушуп, аларга Петир менен Жаканды жөнөтүштү.
15 Алар келишип, самариялыктар Ыйык Рухту кабыл алышы үчүн сыйынышты.
16 Анткени Ыйык Рух али алардын бирине да түшө элек эле. Алар Эгебиз Ыйсанын гана урматына сууга чөмүлүшкөн болчу.
17 Ошондуктан элчилер колдорун алардын үстүнө коюп, батасын беришти жана алар Ыйык Рухту кабыл алышты.
18 Ысман сыйкырчы болсо элчилер кол коюп сыйынганда Ыйык Рух берилип жатканын көрүп, аларга акча алып келип мындай деди:
19 — Кол коюп сыйынган адамым Ыйык Рухту кабыл ала тургандай кылып, мага да силердикиндей кудурет бергилечи.
20 Бирок Петир ага айтты: — Эй, сен акчаң менен жерге кир! Кудайдын бекер берген белегин акчага алмаштыргың келдиби!
21 Бул кызматка сенин эч кандай тиешең да, акың да жок, анткени Кудай алдында ниетиң бузук!
22 Андыктан бул жаман ниетиңди өзгөрт да, Эгебизден кечирим сурап сыйын!
23 Ач көздүк менен арамдыктын чеңгелинде калганыңды көрүп турам!
24 Ысман болсо мындай деп жооп кайтарды: — Айткан сөзүңөр мага тийбесин деп, мен үчүн Эгебизге сыйынып койгула!
25 Элчилер болсо өздөрү күбө болгон Кудайдын кереметтерин айтышып, Эгебиздин сөзүн жар салышып, кайрадан Иерусалимге бет алышты. Жолду карата Самариянын көп айылдарында Жакшы Кабарды жарыялашты.
26 Ал эми Филипке болсо Эгебиздин периштеси мындай деди: — Ордуңан тур да, түштүк тарапта жаткан ээн талаадагы, Иерусалимден Газа шаарына карай кеткен жолго чык!
27 Филип ордунан турду да, периште айткан жакка жөнөдү. Ошол кезде Иерусалимге зыярат кылганы келген эфиопиялык бир киши кайра өз жерине кайтып бараткан. Ал Эфиопия ханышасы Кандакиянын вазири, анын бардык казыналарына башчылык кылып турган киши эле.
28 Вазир өз арабасында Ышая пайгамбардын китебин окуп бараткан.
29 Ыйык Рух Филипке: — Бар да, ушул арабага катарлаш бас, — деди.
30 Филип арабага жакын басып келип, вазирдин Ышая пайгамбардын китебинен окуп жатканын укту да, андан: — Окуганыңызды түшүнүп жатасызбы? — деп сурады.
31 Ал: — Түшүндүрүп бере турган адам болбосо, өзүм кайдан түшүнмөк элем? — деп жооп берди. Ал ушундай деди да, Филиптин арабага чыгып, жанына олтуруусун өтүндү.
32 Анын Ыйык Жазуудан окуп олтурган жери бул эле: «Аны койго окшотуп, Жетелешти союуга. Жүнүн кыркып жаткандын Бут алдында унчукпай Жатып берген козудай, Ал дагы үн катпады.
33 Аны кордоп, кемсинтип, Адилетсиз соттошту. Анын укум-тукумун Баян кылат ким эми? Анткени жер үстүнөн Анын жаны алынды?».
34 Вазир Филипке кайрылып: — Сенден өтүнүч, айтып берчи: пайгамбар ким тууралуу айтып жатат? Өзү жөнүндөбү же башка бирөө жөнүндөбү? — деди.
35 Филип Ыйык Жазуунун ушул жеринен баштап, ага Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды айтып берди.
36 Жолду карата маектешип баратышкан булар сууга туш болушту. Аны көргөн вазир: — Мына, сууга да келип калдык, менин сууга чөмүлүү расмисинен өтүүмө эмне жетишпейт? — деди.
38 Анан экөө тең сууга киришти. Филип вазирди чөмүлдүрүү расмисинен өткөрдү.
39 Алар суудан чыгышканда, вазирге Ыйык Рух түштү, ал эми Филипти болсо Эгебиздин периштеси алып кетти. Ошондуктан ал вазирге көрүнбөй калды. Вазир кубаныч менен жолун андан ары улантты.
40 Ал эми Филип Азот шаарында пайда болуп, Кесарияга келгенче, жолду карата бардык шаарларга Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28