меню

Элчилердин Иштери 16 Бөлүм


1 Пабыл Дербеден өтүп, Листрага келди. Ал жерде Ыйсанын Тиметей аттуу шакирти бар болчу. Анын энеси Ыйсага ишенген эврей, ал эми атасы болсо грек эле.

2 Тиметейди Листра менен Икониядагы боордоштор макташчу.

3 Аны Пабыл өзү менен сапарга кошуп алгысы келип, ошол жердеги иудейлерге эврей экенин билгизүү үчүн сүннөткө олтургузду. Анткени алар анын атасынын грек экенин билишчү.

4 Алар шаардан шаарга кыдырып, Иерусалимдеги элчилер менен жыйын жетекчилеринин чечимдерин сактоону айтышты.

5 Ошентип ишенүүчүлөрдүн жыйындары ишенимден кубат алып, күн сайын саны арбып жатты.

6 Ыйык Рух Асияда сөз айтууга тыюу салгандыгынан улам, алар Фригия менен Галатия аймактарын аралап, сапарын улантышты.

7 Мусия аймагынын чек арасына жакындашканда, Битинияга барууга ниеттеништи, бирок Ыйсанын Руху уруксат бербеди.

8 Ошондуктан Мусияны аралап өтүп, Троаска түшүп келишти.

9 Ошол жерден түн ичинде Пабыл аян көрдү. Анда бир македониялык киши: «Македонияга өтүп келип, бизге жардам берегөр!» — деп Пабылга жалбарды.

10 Пабыл көргөн аяндан кийин Кудай бизди Македонияга Жакшы Кабар таратууга чакырып жатат деген жыйынтыкка келип, дароо эле ошол жакка бет алдык.

11 Троас шаарынан кемеге түшүп, биз түптүз Сематирек тарапка багыт алдык да, эртеси күнү Неапол шаарына жеттик.

12 Андан Филипияга жөнөдүк. Филипия — Македония аймагына киргендеги биринчи шаар жана Рим империясынын колониясы. Бул шаарда биз бир нече күн туруп калдык.

13 Биз дем алыш күнү шаардын сыртында иудейлер сыйына турган жер бар болуш керек деп ойлоп, дарыянын жээгине бардык. Олтуруп алып, ал жерге келген бир нече аял менен сүйлөшө баштадык.

14 Алардын арасында Тиатира шаарынан келген, Кудайга ишенген Лидия аттуу бир аял бар эле. Ал кооз кырмызы кездеме сатчу. Эгебиз анын жүрөгүн жибитип, Пабылдын айткандарына назар салдырды.

15 Ал үй ичи менен бирге сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөн соң, бизди конокко чакырды. «Эгер мени Эгебизге ишенди деп эсептесеңер, анда үйүмө кирип мейман болуп кеткиле», — деп өтүнүп атып, бизди калууга көндүрдү.

16 Бир күнү сыйына турган жайга баратканыбызда, алдыбыздан көзү ачык бир кыз тосуп чыкты. Бул малай кыз көзү ачыктыгы менен кожоюндарына көп киреше түшүрчү экен.

17 Ал биздин аркабыздан калбай: — Булар Кудай Тааланын кызматчылары, силерге күнөөдөн кутулуу жолун көргөзөт! — деп кыйкырып, ээрчип алды.

18 Ал мунусун көп күндөр бою кайталай берди. Ошондо Пабылдын ачуусу келип, кызды кыйкырткан жинге кайрылып: — Ыйса Машаяктын атынан буйрук кылам: бул кыздан чык! — деди. Жин ошол замат андан чыгып кетти.

19 Кыздын кожоюндары пайдасынан кол жууганын көрүшкөндө, Пабыл менен Силаны кармап алып, борбордук аянттагы башкаруучулардын алдына сүйрөп келишти да,

20 аларга: — Бул эврейлер шаарыбыздын элин дүрбөлөңгө салып жүрүшөт.

21 Булар үгүттөп жүргөн нерселер биздин, римдиктердин салтына туура келбейт. Аларды бизге кабыл алууга да, аткарууга да болбойт! — дешти.

22 Топтолгондор Пабыл менен Силага атырылганда, башчылар алардын кийимдерин тыттырып туруп, сабоого буйрук беришти.

23 Абдан катуу сабашкан соң, зынданга таштап салышты да, сакчыга жакшылап кайтарууну буйрушту.

24 Сакчы аларды түрмөнүн эң төркү бөлүгүнө алып кирип, буттарын кишендеп койду.

25 Түн ортосу ченде Пабыл менен Сила сыйынып, Кудайды даңктап ырдай башташты. Түрмөдөгүлөр болсо аларга кулак салышты.

26 Бир убакта жер абдан катуу титиреп, түрмөнүн пайдубалы термеле түштү. Ошондо бардык эшиктер ачылып, бүт байлоолору чечилип кетти.

27-28 Сакчы ойгонуп кетип, эшиктердин ачылып калганын көрдү. Ал түрмөдөгүлөр качып кетишиптир деп ойлоду да, канжарын сууруп алып, өзүн өлтүргөнү жатканда, Пабыл ага: — Эй, токто! Биз мындабыз! — деп кыйкырып жиберди.

29 Сакчы коркконунан калтырап-титиреп, Пабыл менен Силанын алдына жыгылды. Анан от сурап алып,

30 аларды сыртка ээрчитип чыкты да, мындай деди: — Мырзалар, эмне кылсам куткарылам?

31 — Эгебиз Ыйсага ишен, ошондо өзүң жана үйүңдөгүлөрдүн баары куткарыласыңар, — деп жооп беришти алар.

32 Анан ага жана анын үй-бүлөсүнө Эгебиздин сөзүн айтып беришти.

33 Сакчы түн болгонунуна карабай, Пабыл менен Силанын жараларын жууп берди да, дароо бүт үй-бүлөсү менен бирге сууга чөмүлдүрүлдү.

34 Анан үйүнө киргизип, дасторкон жайды. Сакчынын үйүндөгүлөрүнүн баары Кудайга ишенип, чоң кубанычка бөлөнүштү.

35 Таң атканда, шаар башчылары: «Алиги кишилерди бошоткула!» — деп кароол башчыларынан айттырып жиберишиптир.

36 Сакчы бул буйрукту Пабылга жеткизди. — Шаар башчылары киши жиберип, силерди боштондукка чыгарышсын дешиптир, — деди ал. — Ошондуктан силер тынч эле кете берсеңер болот.

37 Бирок Пабыл аларга мындай жооп берди: — Бизди, Рим атуулдарын, сурак-соту жок, эл алдында уруп-сабап туруп, зынданга салышты. Эми акырын гана чыгарып коюшат бекен? Жок, өздөрү биздин алдыбызга келип, бошотушсун.

38 Кароол башчылары бул сөздөрдү кайрадан шаар башчыларына жеткиришти. Пабыл менен Силанын Рим атуулдары экенин укканда, алар коркуп кетишти да,

39 келип кечирим сурашты. Анан сыртка чыгарып, шаардан кетип калгыла деп өтүнүштү.

40 Пабыл менен Сила түрмөдөн чыгып, Лидияныкына барышты. Ал жерден боордоштор менен көрүшүп, алардын көңүлүн көтөрүп, анан сапарын улашты.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28