Элчилердин Иштери 19 Бөлүм
1 Апол Корунтта жүргөн убакта, Пабыл тоолуу аймактарды аралап өтүп, Эфеске келди. Ал жерден Ыйсага ишенгендердин бир нечесине жолугуп,
2 алардан: — Силер Ыйсанын жолуна түшкөндө, Ыйык Рухту кабыл алдыңар беле? — деп сурады. Алар: — Жок, биз Ыйык Рух бар экенин уккан да эмеспиз, — деп жооп беришти.
3 — Анда кандай ишеним менен сууга чөмүлдүрүү расмисинен өттүңөр эле? — деди Пабыл. Алар: — Жакыянын айтканы боюнча ишенип, — дешти.
4 Ошондо Пабыл аларга мындай деди: — Ооба, Жакыя адамдарды ниеттерин өзгөртүүгө чакырып, сууга чөмүлдүргөн. Бирок ал: «менден кийин келе жатканга ишенишиңер керек» деген. Кийин келе жаткан Ыйса болчу.
5 Алар муну укканда, Эгебиз Ыйсага ишенип, анын атынан сууга чөмүлдүрүлүштү.
6 Анан Пабыл сыйынып, колун тийгизгенде, аларга Ыйык Рух түштү. Алар бөтөн бир тилдерде сүйлөп, пайгамбарчылык кыла башташты.
7 Алардын жалпы саны он эки кишиге жакын эле.
8 Пабыл үч ай бою синагогага тынбай барып, анда Кудай Падышачылыгы тууралуу сөз сүйлөп, ишенимдүү далилдерди келтирип, Кудайдын сөзүн тайманбай ачык айтып жүрдү.
9 Бирок кээ бир адамдар бой көтөрүп, кабыл алгысы келбеди. Алар көпчүлүк алдында Кудай жолуна каршы чыгып, тил тийгизишти. Ошондуктан Пабыл алардын арасынан Ыйсага ишенгендерди бөлүп алып, аларга күн сайын Туран деген мектепте сабак өттү.
10 Эки жылдан ашык убакыт бою Пабыл ушундай кылды. Асияда жашаган иудейлер менен башка улуттагылардын баарына Эгебиздин сөзү жетти.
11 Кудай Пабылдын колу менен кудуреттүү, өзгөчө укмуш иштерди кылып жатты.
12 Ал тургай жоолугу менен белине байланган алжапкычтарын оорулууларга тийгизгенде, алар айыгып, кара күчтөрдөн арылып жатышты.
13 Ошол жерде эл аралап, кара күчтөрдү кубалап жүргөн бир нече иудей бар эле. Алар да Эгебиз Ыйсанын атынан кара күчтөрдү кубалаганга аракет кылышып, «Пабыл жарыялап жүргөн Ыйсанын атынан буйрук берем, бул кишиден чыгып кеткиле!» — деп көрүштү.
14 Алардын арасында Скеба аттуу бир башкы динкызматчы иудейдин жети уулу да бар эле.
15 Бир күнү кара күч аларга: «Ыйсаны билем, Пабылды тааныйм, а силер кимсиңер?» — деди.
16 Ичинде кара күчү бар адам ушундай деп, алардын үстүнө секирип минип, сабап кирди. Ошондо алар үйдөн жыпжылаңач, жарадар абалда качып чыгышты.
17 Бул окуя Эфесте жашаган бардык иудейлерге жана иудей эместерге белгилүү болуп, баарынын жүрөгүнүн үшүн алды. Ал эми Эгебиздин зоболосу болсо дагы көтөрүлдү.
18 Ишенимге келгендердин көбү күнөөлөрүн ачык айтып моюндарына алып жатышты.
19 Бир топ киши бал китептерин алып келип, элдин көзүнчө отко ыргытышты. Өрттөлгөн китептердин баасын эсептешкенде, элүү миң күмүш теңге болду.
20 Ошентип, Эгебиздин кудурети менен Анын кабары кеңири тарап, күчүнө кирип жатты.
21 Ушул окуялардан соң, Пабыл көңүлүндө Македония менен Ахая аймактарынан өтүп, Иерусалимге барууну көздөдү. «Ал жакта бир аз болгон соң, Римге да барышым керек», — деп ниет кылды.
22 Жанындагы эки шеригин: Тиметей менен Эрастты Македонияга жиберип, өзү Асия аймагында калып калды.
23 Ошол кезде Эфесте Эгебиз Ыйсанын жолуна каршы бир топ олуттуу козголоң чыгып кетти.
24 Аял кудай Артемиданын ийбадатканасынын күмүш айкелдерин жасаган Деметир деген бир уста бар эле. Бул иши менен ал көп жумушчуларга пайда келтирчү.
25 Ошол жумушчуларды жана башка ушундай иш менен алек болгон адамдарды топтоп алып, ал мындай деди: — Жигиттер, бул соодадан бизге кандай пайда түшүп жатканы силерге маалым.
26 Бирок алиги Пабыл деген неменин эмне кылып жатканын айтпаса деле өзүңөр көрүп-билип турасыңар. Ал: «адам колунан чыккан нерселер кудайлар эмес!» деп элдин баарын айнытып жатат. Бул сөзүн Эфеске гана эмес, дээрлик бүткүл Асияга жайып жибериптир.
27 Бул биздин ишибизди жаман атка калуу коркунучуна гана дуушар кылбастан, аял кудай Артемиданын ийбадатканасынын беделин түшүрүп, бүткүл Асия, ал тургай бүт дүйнө жүзү табынган улуу аял кудайдын өзүнүн да кадырын кетирет.
28 Муну укканда, тигилер катуу ачууланып: — Эфестик улуу Артемидага даңк! — деп, кайра-кайра бакырып жатышты. Шаар ичи бир паста астын-үстүн болуп кетти. Алар Пабыл менен бирге жүргөн эки македониялыкты:
29 Гай менен Аристархты кармап алып, стадионго сүйрөп жөнөштү.
30 Пабыл ээликкен элдин алдына чыгып, сөз сүйлөмөкчү болду эле, бирок ишенгендер жол беришкен жок.
31 Ал тургай, Пабылдын достору болгон Асия аймагындагы чоң кызматтагы адамдар да «стадионго барба» деген өтүнүч менен ага киши жиберишти.
32 Бул арада тополоңдун арасынан бири мындай десе, экинчиси тигиндей деп бакырып, ызы-чуу болуп жатышты. Көпчүлүгү эмнеге чогулганын өздөрү да түшүнүшкөн жок.
33 Эл арасынан кимдир бирөөлөр буга Искендер деген киши жооптуу дешкенде, иудейлер аны алга түртүп чыгарышты. Искендер алдыга чыгып, колу менен ишарат кылып, өзүн актап сөз сүйлөмөкчү болду.
34 Бирок анын иудей экенин билишкенде, топураган эл бир добуштан: «Жашасын эфестик улуу Артемида!» — деп эки саат бою кыйкырып турду.
35 Ошондо шаар акимиатынын кызматчысы элди тынчтандырып, мындай деди: — Кымбаттуу эфестиктер! Улуу Артемиданын ийбадатканасы үчүн кам көргөн Эфес шаарын жана андагы көктөн түшкөн касиеттүү айкелди ким билбейт?
36 Бул чындыкты эч ким жокко чыгара албайт. Ошондуктан сабыр кылгыла, шашылып эч иш кылбагыла.
37 Силер бу кишилерди мында алып келипсиңер. Бирок алар ийбадатканаңардын да эч нерсесин уурдашпаптыр, аял кудайыңарга да тил тийгизишпептир.
38 Эгер Деметир менен анын кесиптештеринин кимдир бирөөгө нааразылыгы болсо, сот мекемелеринин эшиги ачык. Арыз-муңун ошондо иштеген чоңдорго айтып, чечишсин.
39 Ал эми силердин мындан башка талабыңар бар болсо, ал мыйзамдуу чогулушта чечилет.
40 Ансыз деле бүгүнкү окуянын айынан жогору жактагы чоңдор бизди шаарыңарда козголоң болуптур деп бизди айыпка жыгышы мүмкүн. Башыбызда ушундай коркунуч турат. Бүгүнкү тополоң үчүн жооп берип, өзүбүздү актай турган эч шылтообуз да жок. Шаар мекемесинин кызматкери ушундай сөз сүйлөп, чогулгандарды таратып жиберди.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28