Элчилердин Иштери 7 Бөлүм
1 Башкы динкызматчы Степандан: — Айтылган сөздөр ыраспы? — деп сурады.
2 Степан мындай деди: — Кымбаттуу боордоштор жана кадырман аталар! Атабыз Ыбрайым Харан шаарына көчөрдөн мурда улуу Кудай Месопотамия жеринен ага көрүнгөн болчу.
3 Ал ага: «Өз жериңден, туугандарыңдан, атаңдын үйүнөн чык да, Мен көрсөтө турган жерге жөнө!»— деген.
4 Ошондо ал каздийлердин жеринен чыгып, Харанда жашаган эле. Атасы өлгөн соң, Кудай Ыбрайымды ал жерден азыр сиздер жашап жаткан жерге көчүргөн.
5 Кудай ага бул жерден бир карыш да мураска бербеди. Бирок анын баласы жок болсо деле убада кылып, бул жерди ага, анын укум-тукумуна берем деди.
6 Анын тукумдары бөтөн эл, бөтөн жерде көчүп-конуп, төрт жүз жылдай кул болуп, кысымга алынарын айтты.
7 «Бирок Мен, — деди Кудай, — аларды кул кылган элди жазалайм. Андан кийин алар ушул жерге келип, Мага табынышат».
8 Кудай атабыз Ыбрайымга Өзү менен түзгөн келишимдин белгиси катары сүннөткө олтургузуу расмисин берди. Кийин ал Ыскак аттуу бала көрүп, аны сегизинчи күнү сүннөткө олтургузду. Андан кийин Ыскак уулу Жакыпты сүннөткө олтургузду. Жакып болсо он эки уулун сүннөткө олтургузду. Жакыптын балдарынан Ысрайыл элинин он эки уруусу келип чыккан.
9 Жакыптын балдары бир тууганы Жусупту көрө алышпай, Мисирге сатып жиберишти. Бирок Кудай Жусупту колдоду.
10 Ал Жусупту бардык күйүтүнөн арылтып, өзгөчө акылмандык берип, Мисир падышасы — фараондун жүрөгүн жибитип, ага ырайым кылдырды. Фараон аны мүлдө Мисир элине жана хан сарайына башчы кылып дайындады.
11 Ошол кезде катуу ачарчылык болуп, Мисир жерин да, Канаан жерин да жабыркатты. Биздин аталарыбыз жегенге азык таба албай калышты.
12 Жакып болсо Мисирде эгин бар экенин угуп, балдарын ошол жакка жиберди. Бул алардын Мисирге биринчи жолку сапары болчу.
13 Ал эми экинчи жолу келишкенде, Жусуптун ким экенин билинип, алар жөнүндө фараонго белгилүү болду.
14 Анан аларды Канаанга жиберип, атасын, бүт туугандарын Мисирге алдыртты. Атасы менен жетимиш беш киши келди.
15 Жакып Мисирге келип, ошол жерден о дүйнө кетти. Биздин түп аталарыбыз болгон анын он эки баласы да ошол жакта көз жумушту.
16 Алардын сөөктөрү Шехемге алынып келинип, атабыз Ыбрайым шехемдик Омордун балдарынан сатып алган жердеги көрүстөнгө коюлду.
17 Кудай Ыбрайымга ант берип, убада кылган убакыт келгенче, Ысрайыл калкы Мисирде өсүп-өнө берди.
18 Кийин Жусупту тааныбаган башка бир киши падыша болду.
19 Бул падыша биздин элибизге каршы чыгып, аталарыбызды кысмакка алып, жаңы төрөлгөн эркек балдарды өлтүрүүнү буйруду.
20 Ошол убакта Муса төрөлүп, үч ай бою өз үйүндө багылды. Ал өзгөчө сүйкүмдүү бала эле.
21 Аны ата-энеси аргасыздан таштап кетишкенде, фараондун кызы таап алып, өз баласындай кам көрүп, үйүндө чоңойтту.
22 Ошентип Мусага Мисир жеринин бардык илим-билимин үйрөтүштү. Муса сөзү менен да, иши менен да күчтүү чыкты.
23 Ал кыркка чыкканда, бир туугандарын көрүп келейин деп чечти.
24 Келип, боордошторунун бирине мисирлик бирөө зордук көрсөтүп жатканын көрдү да, кордук тартканга болуша кетип, мисирликти өлтүрүп алды.
25 Муса Кудай мен аркылуу боордошторумду куткарып жатканын алар түшүнөт го деп ойлогон. Бирок алар түшүнүшпөдү.
26 Эртеси эки ысрайылдыктын мушташып жатканын көрүп, алардын жанына басып келди да, жараштырайын деген тилекте мындай деди: «Эй, силер боордош болуп туруп, эмне үчүн бири бириңер менен мушташып жатасыңар?»
27 Бирок алдуураагы Мусаны түртүп жиберип: «Ким сени бизге башчы же бий кылып шайлады эле?
28 Кечээ мисирликти өлтүргөнүңдөй, мени да өлтүргүң келип турабы?»— деди.
29 Бул сөздү укканда, Муса качууга аргасыз болду да, мадиандыктардын жеринде чет элдик катары жашап калды. Анын эки уулу ошол жерде төрөлдү.
30 Ал жакта кырк жыл жашагандан кийин, Синай тоосунун этегиндеги чөлдө, күйүп жаткан тикенектүү бадалдын жалынынан ага бир периште көрүндү.
31 Бул көрүнүшкө Муса абдан таң калып, жакшылап карайын деген ой менен жакындап басып келгенде, ага Эгебиздин үнү угулду. Ал мындай деди:
32 «Мен сенин ата-бабаларың: Ыбрайым, Ыскак жана Жакыптын Кудайымын». Муса болсо коркунучтан денеси калтырап, тик кароого даай албады.
33 Эгебиз ага дагы мындай деди: «Бутуңду чеч! Анткени сен турган жер — ыйык жер.
34 Мен Өз элимдин Мисирде кор болгонун көрүп, онтогонун угуп жатам. Ошондуктан аны куткарып алуу үчүн көктөн түштүм. Эми бар, Мен сени Мисирге кайра жиберем».
35 «Ким сени башчы же бий кылып шайлады эле?»деп боордоштору четке каккан Муса ушул эле. Бирок Кудай аны тикенектүү бадалдан көрүнгөн периште аркылуу башчы жана кутказуучу кылып жөнөттү.
36 Мисирде, Кызыл Деңизде жана чөлдө кырк жыл бою кереметтүү жышаандарды көрсөтүп, ысрайылдыктарды Мисирден алып чыккан киши ушул болчу.
37 Ысрайылдыктарга: «Кудай боордошторуңардын арасынан мен сыяктуу бир пайгамбарды чыгарат»,— деген Муса ушул эле.
38 Чөлдө биздин аталарыбыз менен бирге жүрүп, Синай тоосунда периштенин айткан кудуреттүү сөздөрүн кабыл алып, бизге жеткирген Муса ушул эле.
39 Бирок ага биздин аталарыбыз моюн сунгусу келбей, аны таназарына албай, эси-дартын Мисирге бурушту.
40 Ошондуктан Арунга: «Бизди жетектей турган кудайларды жасап бер! Себеби бизди Мисирден алып чыккан жанагы Муса деген кишиге эмне болгонун билбейбиз!»дешти.
41 Ошентип, алар букачардын сөлөкөтүн жасап алып, ошого курмандык чалып, колдорунан жаратылган нерсенин алдында ырдап-чордошту.
42 Кудай болсо терс бурулуп, ай-жылдыздарга табынышкан аларды ошол бойдон калтырып кетти. Бул тууралуу пайгамбарлар китебинде мындай деп жазылган: «Эй, Ысрайыл эли! Кырк жыл бою чөл кезип, Курмандыгың чалганда, Малыңарды сойгондо, Мага беле ошолор?
43 Чоң чатырын Молохтун, Кудайыңар аталган Райпандын жылдызын Жүргөнсүңөр көтөрүп, Өз колуңар жараткан Сөлөкөткө табынып. Ошондуктан Мен дагы Бабылдын ары жагына Сүрүп салам силерди».
44 Кудай Мусага көрсөтүп, Анын айтканындай жасалган касиеттүү чатыр биздин аталарыбыздын колунда, чөлдө болчу.
45 Кийин Кудай Канаанда жашаган элдерди кууп жиберип, аталарыбыз Нун уулу Жашыянын жетекчилиги менен алардын жерин ээлеп алган кезде, касиеттүү чатырды бул жерге апкелишти. Дөөттүн убагына чейин чатыр алар менен болду.
46 Дөөт болсо Кудайга жаккан адам болчу. Ал «Кудай жашай турган, Анын эли сыйына турган жай таап берейин» деп, Эгебиздин Өзүнөн уруксат сурады.
47 Бирок Кудайга ийбадаткананы Сулайман курду.
48 Анткен менен Кудай Таала адам колунан жасалган ийбадатканаларда жашабайт. Бир пайгамбар айткандай, Эгебиз:
49 «Отурар тагым Менин — көк асманың, Жериң да — бутум коёр таканчыгым. Кандай үй курасыңар силер Мага? Эс алчу кандай жайды тургузасың?
50 Жараткан мунун баарын Мен эмеспи?»— дейт.
51 Эй, тоңмоюндар! Кудайга чын жүрөктөн табынбагандар жана Ага кулак салбагандар! Силер Ыйык Рухка дайыма каршысыңар! Ата-бабаларыңар ушундай болушкан, силер да алардан калышпайсыңар!
52 Ата-бабаларыңар куугунтуктабаган пайгамбар барбы деги? Алар Кудайдын адилеттүү Кызматчысынын келишин алдын ала айткандарды өлтүрүшкөн. Эми силер ошол Кызматчыны сатып, өлтүрдүңөр.
53 Силер, ыйык мыйзамды периштелер кызмат кылып турганда кабыл алгандар, аны сактаган жоксуңар!
54 Муну угушканда, тигилердин кыжыры кайнап, тиштерин кычыратышты.
55 Ыйык Рухка толуп турган Степан болсо асманга карап, Кудайдын улуулугун жана Анын оң жагында олтурган Ыйсаны көрдү.
56 Ошондо ал: — Мына, мен асмандын ачылганын жана Кудайдын оң кол жагында олтурган Адам Уулун көрүп турам! — деди.
57 Бирок алар кулактарын жаап алышып, жаны чыкканча кыйкырышып, Степанга жулунушту.
58 Анан шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга ала башташты. Күбөлөр болсо кийимдерин чечип, Шабыл деген бир жигиттин алдына коюшту.
59 Алар таш бараңга алып жатышканда, Степан: — Эгем Ыйса, жанымды кабыл эт, — деп сыйынды.
60 Анан чөк түшө калып, катуу үн менен: — Оо, Эгем! Аларды бул күнөөсү үчүн жазалай көрбө, — деди. Ушуну айтып, Степан жан берди.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28