Элчилердин Иштери 10 Бөлүм
1 Кесария шаарында Корнелий деген бир киши жашачу. Ал «Италия кошууну» деп аталган аскер бөлүмүндө жүз башы эле.
2 Бул такыбаа, бүт үй-бүлөсү менен Кудайдан ыйбаа кылган адам эле. Ал иудейлерге көп кайрым кылып, дайыма Кудайга сыйынчу.
3 Күндөрдүн биринде Корнелий күндүзгү саат үчтөрдө бир аян көрдү. Ага Кудайдын периштеси келип: — Корнелий! — деп атынан чакырды.
4 Корнелий аны көргөндө, коркконунан: — Оо, Кудурет! Эмне болуп кетти? — деп жиберди. Периште ага мындай деди: — Кембагалдарга кылган кайрымың менен сыйынууларыңды Кудай кабыл кылып, сени эстеди.
5 Эми Жаффага киши жиберип, Петир аталган Ысманды үйүңө чакыр.
6 Ал азыр деңиз жээгинде жашаган тери ийлегич Ысман деген кишинин үйүндө.
7-8 Корнелий менен сүйлөшкөн периште көздөн кайым болгондо, ал үй кызматчыларынан экөөсүн жана дайыма жанына алып жүрчү Кудайга табынган бир жоокерин чакырып алып, болгон окуяны толугу менен айтып берди да, аларды Жаффага жөнөттү.
9 Алар бир күндүк жолду басып өтүшүп, экинчи күнү түшкө маал шаарга жакындашты. Ушул убакта сыйынуу үчүн Петир тамдын төбөсүнө чыккан эле.
10-11 Ал ачка болуп, тамактангысы келди. Тамак даярдалып жаткан маалда эстен танып, аян көрдү. Аянда асман ачылып, төрт бурчунан байланган дасторкон сыяктуу бир нерсенин түшүп келе жатканын көрдү.
12 Анын ичинде ар кандай төрт аяктуу жаныбарлар, бака-жыландар, канаттуулар бар эле.
13 Ошондо бир үн чыкты: — Тур, Петир, буларды союп же!
14 Бирок Петир макул болбой: — Жок, Эгем, болбойт! Мен эч качан арам нерсени оозума алган эмесмин! — деди.
15 Ошондо баягы үн экинчи ирет кайталанды: — Кудай адалдаганды арам дебе!
16 Бул көрүнүш үч жолу кайталанды да, баягы дасторконго окшогон неме кайрадан асманга көтөрүлүп кетти.
17 Петир көргөн көзүнө ишене албай, бул эмне болуп кетти деп, деңдароо болуп турган маалда, Корнелийден келген кишилер дарбазага жакындап, Ысмандын үйүн сурап жатышыптыр.
18 Алар үнүн катуу чыгарышып: — Петир аталган Ысман ушул жерде болду бекен? — деп сурашты.
19 Петир көргөн аяны жөнүндө ойлонуп турганда, Ыйык Рух ага мындай деген эле: — Сени үч киши издеп келди!
20 Тур да, төмөн түшүп, эч шектенбестен алар менен бирге жөнө! Анткени аларды сага Мен жибергем.
21 Петир ылдый түшүп, келген кишилерди тосуп алды. Аларга: — Силер издеп жүргөн киши менмин. Кандай иш менен келдиңер эле? — деди.
22 Алар мындай деп жооп беришти: — Бизди Корнелий аттуу жүз башы жиберди. Ал динчил, Кудайдан ыйбаа кылган адам. Атпай иудей элинин арасында анын кадыр-баркы чоң. Ошол кишиге Кудайдын касиеттүү периштеси көрүнүп, үйүнө сени чакырып, сөзүңдү уксун дептир.
23 Ошондо Петир аларды үйгө киргизип, коноктоду. Эртеси Петир алар менен бирге жолго чыкты. Жаффадан келген боордоштордун кээ бирлери ага кошулду.
24 Алар кийинки күнү Кесарияга келишти. Корнелий болсо өзүнүн туугандары менен жакын досторун чакырып, аларды күтүп олтурган эле.
25 Петир үйгө келгенде, Корнелий утурлай чыгып, бутуна жыгылды.
26 Петир болсо ага: — Кой, тур, мен деле адаммын, — деп өйдө тургузду.
27 Аны менен кобурашып үйгө киргенде, көп адамдар чогулуп олтурушуптур.
28 Петир аларга кайрылып мындай деди: — Билесиздерби, биздин диний мыйзамыбыз боюнча иудей адамына башка элдиктер менен байланышууга да, алар жашаган жайга барууга да болбойт. Бирок бир да адам арам эместигин Кудай мага түшүндүрдү.
29 Ошондуктан чакырылар менен шыр эле түптүз силерге келдим. Эми суроо берейин: кандай иш менен мени чакырдыңыздар эле?
30 Корнелий мындай деп жооп берди: — Үч күн мурун мен ушул убакта, күндүзгү саат үчтөрдө үйүмдө сыйынып олтургам. Аңгыча эле бет алдымда жаркыраган кийимчен киши пайда болду да:
31 «Корнелий! Үнүң Кудайга жетип, адамдарга кылган кайрымдарың эске алынды.
32 Жаффага киши жиберип, Петир аталган Ысманды үйүңө чакыр. Ал азыр деңиз жээгинде жашаган тери ийлегич Ысмандын үйүндө», — деди.
33 Муну угарым менен дароо сизге киши жибердим. Сиз келип, жакшы иш кылдыңыз. Эми Эгебиздин сизге айткан сөзүн төкпөй-чачпай бизге айтып бериңиз. Ошол үчүн баарыбыз Кудай алдында күтүп турабыз.
34 Петир мындай деп сөзүн баштады: — Кудайда бет карамачылык жок экен. Буга чындап көзүм жетти.
35 Кудайдан ыйбаа кылып, ак жашаган адам кандай гана улуттан болбосун Ага жагат экен.
36 Кудай Ыйса Машаяк аркылуу Өзү менен тынчтыкка чакырып, Ысрайыл элине кабар берди. Ушул Ыйса Машаяк баарынын Эгеси экен.
37 Жакыя жар салган чөмүлдүрүү расмисинен кийин Галилеядан башталып, бүткүл Иудея аймагында болуп өткөн окуяны сиздер билесиздер.
38 Кудайдын назареттик Ыйсаны Ыйык Рухка толтуруп кудуреттүү күчкө кантип эгедер кылганы сиздерге маалым. Ошондуктан Ал адамдарга жакшылык жасап, ибилистен запкы тарткандарды айыктырып жүрдү. Анткени Кудай Аны колдоп турду.
39 Бүтүндөй иудей жеринде, ошондой эле Иерусалимде Анын кылган иштерине биз да күбөбүз. Алар Аны жыгачка керип өлтүрүштү.
40 Мына ошол Ыйсаны Кудай үч күндөн кийин кайра тирилтип, адамдарга көрсөттү.
41 Бирок баарына эмес. Тек, Кудай Өзү алдын ала эл арасынан тандап алган күбөлөрүнө, Ал кайра тирилгенден кийин Аны менен чогуу бир дасторкондон жеп-ичип, бирге жүргөн бизге гана көрсөттү.
42 Ыйса болсо бизге Өзүнүн өлгөндөр менен тирүүлөрдү соттой турган Кудайдын белгилеген Соту экенин адамдарга жарыялоону жана кепилдикке өтүүнү буйруду.
43 Ыйсанын ысмынын урматы үчүн, Ага ишенген ар бир адамдын күнөөсү кечирилет деп бардык пайгамбарлар да күбөлүккө өтүшкөн.
44 Петир ушул сөзүн айтып жаткан маалда, аны угуп тургандардын баарынын үстүнө Ыйык Рух түштү.
45 Петир менен бирге келген эврей улутундагы ишенүүчүлөр Ыйык Рухтун ыроологон ырыскысы башка улуттагыларга да берилгенине таңданышты.
46 Анткени алардын бөтөн тилдерде сүйлөп, Кудайды даңазалап жатканын угушту. Ошондо Петир мындай деди:
47 — Биз сыяктуу эле, Ыйык Рухту алган адамдардын сууга чөмүлүү расмисинен өтүүсүнө ким кедерги боло алат?
48 Анан аларга Ыйса Машаяктын урматына чөмүлдүрүү расмисинен өтүүнү буюрду. Ушул окуядан соң, алар Петирден бир нече күн өзүлөрү менен бирге болуп кетүүсүн суранышты.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28