Элчилердин Иштери 24 Бөлүм
1 Арадан беш күн өтүп, башкы динкызматчы Анания менен бир нече эл башчылары Тертул деген бир юристти алып, Кесарияга келишип, Пабылды каралай турган арыздарын губернаторго беришти.
2 Пабылды сот залына чакырышканда, Тертул айыптоо сөзүн мындайча баштады: — Сиздин башкарууңуздун алдында биз аман-эсен, бейпил жашап келе жатабыз. Элибиздин турмушу жакшырып, көптөгөн өзгөрүүлөр кирүүдө. Буга сиздин көрөгөчтүгүңүз, көсөмдүгүңүз себеп.
3 Биз бул кылгандарыңыздын баарын качан болбосун, кайда болбойлу чоң ыраазычылык менен мойнубузга алабыз, улуу урматтуу Феликс.
4 Мен сиздин убактыңызды алып, бекер убара кылгым келбейт. Ошондуктан өзүңүзгө мүнөздүү болгон чоң сабырдуулугуңуз менен бизге бир аз көңүл буруп, угуп коюшуңузду өтүнөм.
5 Биз мына бул кишини эл үчүн жугуштуу оору сыяктуу коркунучтуу деп таптык. Анткени бүткүл дүйнөдөгү эврейлерди көтөрүлүш чыгарууга үндөгөн эл бузар жана «назареттиктер» деген диний сектанын жетекчиси ушул экен.
6-7 Ал тургай ийбадаткананы да арамдамакка аракет кылган жеринен биз токтотуп калдык.
8 Муну өзүңүз сурап көрсөңүз, биздин айткандырыбыздын аныгын билесиз.
9 Ошердеги иудейлер да бир ооздон «айткандары ырас» дешип, Тертулду колдоп кетишти.
10 Губернатор кезек берип, сүйлө деп ишарат кылган соң, Пабыл сөзүн мындайча баштады: — Сиздин көп жылдардан бери бул элди сурап келатканыңызды билем, ошондуктан сиздин алдыңызда мен өзүмдү актап сүйлөөгө мүмкүнчүлүгүмдүн бар экенине кубанычтамын.
11 Ийбадат кылуу үчүн Иерусалимге келгениме он эки күн болду. Муну өзүңүз да тактап билсеңиз болот.
12 Ийбадатканада болгонумда да, синагогаларды кыдырып жүргөнүмдө да бирөө-жарым менен талашып-тартышып жатканымды же шаардын ичинде элди чогултуп алып, көтөрүлүшкө үндөгөнүмдү булар көрүшкөн жок.
13 Сиздин алдыңызда мага таккан азыркы айыптарын өздөрү да далилдей алышпайт.
14 А менин сиздин алдыңызда моюнга алып, ачык айтарым — булар «диний секта» деп аташкан Кудайдын жолунда ата-бабабыз сыйынган Кудайга кызмат кылып жүргөнүм. Мен Тоорат менен пайгамбарлар жазууларында айтылгандын баарына ишенемин.
15 Бул олтурган айыптоочуларым сыяктуу эле, мен да адилдер менен күнөөкөрлөрдүн кайра тирилерине ишенип, Кудайга үмүтүмдү артамын.
16 Ошондуктан Кудай алдында да, пенде алдында да ар дайым абийиримди таза сактап жүрүүгө аракеттенем.
17 Иерусалимге келе элегиме көп жыл болду. Бу сапар эврей боордошторума акча жеткизип, Кудайга арнап курмандык чалайын деген тилек менен келгем.
18 Ушундай максат менен ийбадатканада тазалануу расмисинен өтүп жүргөн жеримден булар мени көрүшкөн эле. Жанымда эч кандай эл да, тополоң да жок болчу.
19 Ошол жерде мени Асия аймагынан келген иудейлердин бир нечеси көрүшкөн. Алардын мага каршы бир нерсеси болсо, анда азыр ушул жерге келип, сиздин алдыңызда айтышат эле го.
20 Же бул жерде тургандар өздөрү айтышсын: жогорку кеңештин алдында турганымда менден кандай күнөө табышты эле?
21 А балким, ошондогу: «Мен өлгөндөр кайра тирилет деп ишенип, үмүт кылганым үчүн соттолуп жатам!» — деп катуу кыйкырганым үчүн күнөөлүү чыгармын?
22 Ошондо Эгебиз Ыйсанын жолунан жакшы кабардар болгон Феликс иудейлерге кайрылып: — Бул чатагыңарды миң башы Лусий келгенде чечем, — деп кийинкиге калтырды.
23 Пабылды жүз башыга тапшырып: — Муну камап ташта, бирок жеңилдик берилсин, жоро-жолдоштору менен кезигишине тыюу салынбасын! — деп буюрду.
24 Арадан бир нече күн өткөндө, Феликс Друсила аттуу эврей аялы менен келип, Пабылды алдыртты да, анын Машаяк Ыйсага болгон ишеними тууралуу сурап, сөзүнө кулак салды.
25 Бирок Пабыл адилеттик жөнүндө, напсини тыюу жөнүндө жана келечекте боло турган Кудайдын сурагы тууралуу сөз кылганда, Феликстин жүрөгү түшүп: — Азырынча бара бер, кийин убакыт таап, чакыртам, — деп аны кетирди.
26 Ал пара береби деп үмүттөнүп, Пабылды улам-улам чакыртып, аны менен сүйлөшүп турду.
27 Эки жылдан кийин, Феликстин ордуна Порки Фест губернатор болду. Ал эми Феликс иудейлердин көңүлүн алуу максатында Пабылды камакта калтырып кетти.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28