меню

Элчилердин Иштери 4 Бөлүм


1 Петир менен Жакан элге сүйлөп жаткан маалда, динкызматчылар, ийбадаткананын кароол башчысы жана садукейлер басып келишти.

2 Алар бул экөөнүн элди окутканына жана Ыйсаны мисал кылып, кайра тирилүү жөнүндө айтып жатканына абдан нааразы болушту.

3 Ошондуктан аларды кармап, кеч кирип калгандыктан, таң атканга чейин кайтарып турсун деп, сакчылардын колуна өткөрүп беришти.

4 Уккандардын көбү, беш миңге жакын адам Петир менен Жакандын сөзүнө ишеништи.

5 Эртеси иудей башчылары, эл башчылары жана дин мугалимдери Иерусалимге чогулушту.

6 Башкы динкызматчы Анас менен Каяп, Жакан, Искендер жана башка жогорку динкызматчылардын уруусунан чыккан көптөгөн адамдар топтолушту.

7 Алар эки элчини тегеректешип: — Силер бул кишини кандай күч менен, кимдин кудурети менен айыктырдыңар? — деп сурашты.

8 Ыйык Рухка толуп турган Петир аларга мындайча жооп берди: — Урматтуу эл башчылары! Кадырман аксакалдар!

9 Эгер бүгүн бир алсыз пендеге кылынган жакшылык жайында жана анын кандайча айыкканы туурасында бизден жооп талап кылып жаткан болсоңуздар,

10 анда баарыңыздарга — бүткүл Ысрайыл элине маалым болсун: сиздер жыгачка кадап өлтүргөн жана Кудай кайрадан тирилтип алган назареттик Ыйса Машаяктын кудурети менен бул адам айыгып, алдыңыздарда турат.

11 Ыйык Жазууларда мындай деген сөз бар: «Куруучулар, бул сиздер Таштап салган таш эле, Пайдубалдын негизи Болуп калды ал эми». Ыйса ошол таштын өзү!

12 Ыйсадан башка эч ким бизди куткара албайт, анткени асман алдында бизди куткаруу үчүн жиберилген Андан башка эч ким жок.

13 Петир менен Жакандын атайын билими жок, карапайым адамдар экенин билген эл алардын кайраттуулугун көрүп, таң калышты. Ошондой эле алардын Ыйса менен бирге жүргөнүн эстешти.

14 Ал эми алардын жанындагы айыккан кишини көрүп, каршы эч нерсе дей алышпады.

15 Аларга жогорку кеңештен чыгууну буйрушуп, өз ара мындай деп кеңешишти:

16 — Буларды эмне кылалы? Анткени Иерусалимде жашагандардын баарына булардын анык таң каларлык бир иш жасаганы маалым! Биз муну тана албайбыз.

17 Бирок бул иш эл арасына дагы кеңири жайылып кетпес үчүн аларга: «Ыйса дегениңерди эч кимге айтпагыла!» деп коркутуп, тыюу салалы, — дешти.

18 Анан элчилерди чакырышып: — Мындан ары Ыйсанын атын атап, ал жөнүндө эч нерсе айтпагыла да, окутпагыла! — деп буйрук беришти.

19 Бирок Петир менен Жакан аларга мындай дешти: — Өзүңөр деле ойлоп көргүлөчү: Кудай алдында Аны укпай, силерди угуу туура болобу?

20 Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз.

21 Жогорку кеңештегилер шал болгон адамдын айыкканынан улам Кудайды даңктап жаткан элден айбыгып, анын үстүнө жазалаганга себеп таба алышпагандыктан ызырынышып, колдорун кезеп коркутуп, аларды коё беришти.

22 Бул кереметтүү жышаанды башынан өткөрүп, айыгып кеткен кишинин курагы кырктан ашып калган эле.

23 Бошонгон соң, Петир менен Жакан өз адамдарына келишти. Аларга жогорку динкызматчылар менен эл башчыларынын айткандарын айтышты.

24 Муну уккандар бир добуштан Кудайга кайрылып, сыйынышты: — Ааламдын Эгеси, асман-жердин, деңиздин жана алардагы бардык нерселердин жаратуучусу болгон Кудай!

25 Сен биздин атабыз болгон Өз кулуң Дөөт аркылуу Ыйык Рух менен мындай дедиң эле: «Болбогон ойду ойлошуп Неге каршы чыгышат?

26 Падышалар жердеги Көөдөндөрүн көтөрүп, Чогулуп алып төрөлөр, Эгебизге ат коюп, Анын Машаягына Неге каршы чыгышат».

27 Чындап эле бул шаарда Ирод менен Понтий Пилат, иудей эместер жана ысрайылдыктар Өзүң падыша шайлаган касиеттүү кулуң, Ыйсага каршы чыгышты.

28 Ооба, мындай болору Сенин абалтан эле алдын ала белгилеп койгон эркиңдин жана максатыңдын аткарылышы.

29 Оо, Эгебиз, эми болсо алардын коркутууларына назар салып, кулдарыңдын эр жүрөктүк менен Сенин сөзүңдү сүйлөөсүнө жардам бер.

30 Касиеттүү кулуң Ыйсанын аты менен оорулууларды сакайтып, кереметтүү иштерди жасап, кудуретиңди көрсөтө көр.

31 Ошондо алардын сыйынуусунан кийин алар чогулган жай солкулдап, баары Ыйык Рухка толушуп, Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта башташты.

32 Ишенгендер жыйыны бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымактуу жашашты. Эч кимиси колундагысын меники дебей, баарын ортого салышты.

33 Элчилер болсо Эгебиз Ыйсанын кайра тирилишине күбө болушканын чоң жигер менен айтып жүрүштү. Ошентип, алардын арасына Кудайдын кут-берекеси төгүлүп турду.

34 Муктаж болгон адам болбоду. Анткени кимдин жери, үй-жайы болсо, сатып, түшкөн каражатты ортого алып келип,

35 элчилердин колуна тапшырып жатышты. Элчилер болсо ар кимдин муктаждыгына жараша бөлүштүрүп турушту.

36 Мисалы, Леби уруусунан чыккан Жусуп аттуу бир кипрлик киши бар болчу. Аны элчилер Барнап (мааниси Колдоочунун уулу) дешчү.

37 Анын да менчик жери бар болчу. Ал жерин сатып, түшкөн акчасын алып келип, элчилерге берди.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28