меню

Эврейлерге кат 1 Бөлүм


1 Өткөн замандарда Кудай биздин ата-бабаларыбызга көп ирет жана ар кандай жолдор менен Өзүнүн пайгамбарлары аркылуу сүйлөгөн.

2 Эми ушул акыркы күндөрдө болсо бизге Өз кабарын Уулун жиберип айттырды. Ааламды ошол Уулу аркылуу жаратып, Аны бардыгына мураскор кылып дайындады.

3 Кудайдын улуулугу Уулунан жаркырап көрүнүп, Анын табияты дал Кудайдын Өзүнүкүндөй. Ал Өзүнүн кудуреттүү сөзү менен бүт ааламды кармап турат. Күнөөдөн арылууга жол ачкан соң, Ал көктөгү, баарынан кудуреттүү Кудай Тааланын оң жагындагы сыйлуу жерге олтурду.

4 Кудайдын Уулу периштелерден канчалык жогору турса, Атасынан берилген наамы да алардыкынан ошончолук улуу.

5 Анткени Кудай Өзүнүн кайсы бир периштеси тууралуу: «Сен Уулумсуң, анткени Мен Бүгүн Сага Ата болдум» же: «Мен Ага Ата болом, Ал болсо Уулум болот», — деген беле?

6 Бул гана эмес, Кудай тун Уулун ушул дүйнөгө жөнөтүп жатып: «Периштелеримдин баары Ага таазим кылышсын!» — деген.

7 Периштелери тууралуу Кудай мындай деген: «Периштелеримди Мен Айлантамын шамалга, Жалындаган от кылам Кызматчыларымды Мен».

8 Ал эми Уулу тууралуу айтканы бул: «Тактың турат, о, Кудай, түбөлүк. Башкарасың адилеттикке сүйөнүп.

9 Жакшы көрдүң адилеттүү иштерди, Адилетсиздик кылыктарын жек көрүп. Мен да, Сенин Кудайың, Сени ошон үчүн тандадым, Шериктериңден көбүрөөк Сый көрсөтүп кубанттым».

10 Кудай дагы мындай деген: «Сен, Эге, — а деп жерди негиздеген Өзүңсүң асманга да болгун деген.

11 Каласың түбөлүккө, жок болсо да Бардыгы кийимге окшоп бүт эскирген.

12 Аларды чапан сымал жыйыштырып, Эскирген кийим сымал алмаштырып, Каласың Өзүң болсо өзгөрбөстөн, Эч качан өмүр жашың түгөнбөстөн»

13 Кайсы бир периштесине Кудай: «Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча, Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда» — деди беле?

14 Периштелер кызмат кылчу рухтар гана эмеспи? Кудай аларды куткарылууга ээ боло турган адамдарга кызмат кылууга жиберген.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13