меню

Эврейлерге кат 13 Бөлүм

тез өтүү:

1 Боордоштор катары мындан ары да бири-бириңерди сүйүп жүргүлө.

2 Чоочун адамдарга меймандостук көрсөтүүнү унутпагыла, анткени ушундай кылганы менен кээ бирөөлөр, өздөрү билбей, периштелерди коноктошкон.

3 Ишеними үчүн камакка алынган боордошторуңар менен кошо өзүңөр да камакка алынгандай, азап тартып жаткандар менен бирге өзүңөр да азап тарткандай болуп, аларды эсиңерден чыгарбагыла.

4 Никени баарыңар сыйлап, бири-бириңердин төшөгүңөрдү булгабагыла, анткени Кудай бузукулар менен нике бузгандарды соттойт.

5 Акчаны сүйүүдөн оолак болуп, колуңарда барына каниет кылгыла, анткени Кудай: «Мен силерди эч качан таштабайм да калтырып кетпейм», — деген.

6 Ошондуктан биз тайманбастан: «Эгем — менин колдоочум. Эч нерседен коркпоймун. Мага адам баласы Эми эмне кыла алат?» — деп келебиз.

7 Силерге Кудайдын сөзүн сүйлөгөн жол башчыларыңарды унутпагыла. Алардын кандай өмүр сүргөнүн эстеп, силер да алардыкындай ишенимге ээ болууга дитиңерди койгула.

8 Ыйса Машаяк эч качан өзгөрбөйт: Ал кечээ да, бүгүн да, түбөлүккө да ошол эле бойдон.

9 Ар кандай бейтааныш окуулардын эпкинине айдалып, алдастабагыла. Кудайдын ырайымынан кайрат алгыла. Ал эми тамакка байланыштуу ырым-жырымдардын аларды карманган адамдарга эч пайда-батасы жок.

10 Биздин курмандык жайыбыздан мурдагы ыйык чатырда ийбадат кылган динкызматчылардын жегенге эч акысы жок.

11 Башкы динкызматчы күнөөлөр үчүн курмандык катарында малдын канын эң ыйык жайга алып кирчү да, малдын эти болсо эл конушунан сырткары алып чыгарылып, ошол жактан өрттөлчү.

12 Ушул себептүү Ыйса да Өз каны менен элди адалдоо үчүн шаардын сыртында азап тартып, курман болгон.

13 Андыктан биз да эски конушубуздан чыгып, Анын көргөн кордук-азабын тең бөлүшөлү.

14 Анткени жер жүзүндө биздин түбөлүк өкүм сүрөр шаарыбыз жок. Биз Кудай Өзү орното турган шаарды күтүп жүрөбүз.

15 Андыктан Ыйсаны Эге деп тааныганыбызды оозубуз менен айтып, Ал аркылуу ар дайым Кудайга мактообузду курмандык катары алып келип туралы.

16 Ошондой эле бири-бириңерге жакшылык кылууну унутпай, колуңарда бар болгонун башкалар менен бөлүшүп тургула, анткени булар Кудайга жаккан курмандыктар.

17 Жетекчилериңерге баш ийип, айткандарын аткаргыла. Алар силердин жаныңар үчүн тынбай кам көрүшөт, анткени өз кызматы үчүн Кудай алдында жооп беришет. Алар өз ишин кубаныч менен аткарышсын десеңер, баш ийгиле. Антпесе кылган кызматы аларга да түйшүк болуп, силерге да пайда-бата алып келбейт.

18 Биз үчүн сыйынгыла. Биз ар дайым туура иш кылганга тырышып жүргөндүктөн абийирибиздин таза экенин билебиз.

19 Айрыкча суранарым: мен силерге жакын арада кайра барып калышым үчүн аябай сыйынсаңар.

20-21 Түбөлүктүү келишимдин каны аркылуу улуу Койчубуз болгон Эгебиз Ыйсаны өлүмдөн тирилткен тынчтыктын Кудайы силерди Өзүнүн эркин аткарууда керек болгон бардык жакшы нерселер менен камсыз кылсын. Ошондой эле Ыйса Машаяк бизге Кудайга жаккандай иш кылууга жардам берсин. Ошол Машаякка түбөлүктөн түбөлүккө даңк болсун. Оомийин.

22 Боордошторум, сабыр этип, ушул кайрат берейин деп айткан сөздөрүмдү жакшылап угуп алсаңар деп өтүнөм. Катым деле узун эмес го.

23 Боордошубуз Тиметейдин түрмөдөн бошотулганын билишиңерди каалайм. Эгер ал жакында мага келсе, анда силерге барганымда, аны өзүм менен кошо ала барам.

24 Бардык башчыларыңарга, ошондой эле бардык ыйыктарга да бизден салам айтып койгула. Италиялык боордошторубуз да силерге салам жолдошту.

25 Кудай баарыңа ырайым кылсын!

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13