Эврейлерге кат 12 Бөлүм
1 Ошентип, бизди көптөгөн күбөлөр курчап турат. Андыктан ар кандай тоскоолдуктарды жана жылдырбай кармап турган күнөөнү өзүбүздөн алыс ыргытып, чыдамкайлык менен алдыбыздагы жарыштын соңуна чыгалы.
2 Жалтактабайлы да Ыйсадан көзүбүздү албайлы. Адегенде бизге ишеним берип, анан аны кемелдикке жеткирген — Ал Өзү. Айкаш жыгачка керилип, кордук көрөрүн билсе да, келечекте күтүп турган зор кубаныч үчүн Ал ошого даяр болду. Эми болсо Кудай тактысынын оң жагындагы сыйлуу орунда олтурат.
3 Кайратыңардан кайтпай, кыйынчылыктарга бой бербеш үчүн Ыйсанын күнөөкөрлөргө ушунчалык жек көрүндү болуп, ошонун баарына чыдаганын эстегиле.
4 Күнөөгө каршы согушканыңарда силер али каныңарды төгүп, өлсөм да мейли деп, тобокелге бара элексиңер.
5 Же Өз балдары катары Кудай силерге кайрат берүү үчүн мындай деп айтканын унуттуңарбы: «Тартипке келтиргенде Эгең сени, Барк албай муну, балам, сен калбагын. Көрсөтүп айыбыңды, жазаласа, Чөгөрүп көңүлүңдү кайгырбагын.
6 Анткени кимди сүйсө Кудай Таала, Ошону тартипке да салып турат. Кимди Ал Өз балам деп кабыл алса, Ал адам айыбы үчүн жазаланат».
7 Жаза тартып кыйналганыңарда, буга чыдагыла. Анткени менен Кудай силерге Өз балдары катары мамиле кылып жатат. Же атасы жазалабаган бала болобу?
8 Эгерде башка балдарга окшоп тарбияга чакырылбасаңар, анда Анын балдары экениңер анык эмес.
9 Өз аталарыбыз бизди жазалап турушса да, биз аларды урматтайбыз. Андай болсо, түбөлүк өмүр сүрөбүз десек, рухий Атабызга андан бетер баш ийишибиз керек эмеспи?
10 Аталарыбыз бизди кыска убакыттын ичинде өздөрү туура көргөндөй тарбиялашты. Кудай болсо биздин эле пайдабызды ойлоп, Өзүндөй ыйык болсун деп тарбиялайт.
11 Тартипке салынып жаткан убакта бул бизди кубандырбайт, тескерисинче жаныбызды кейитет. Бирок ушундай тарбия көргөн адам кийин такыбаа, бейпил жашоонун үзүрүн көрөт.
12 Ошентип, шалдайган колуңарды кайра көтөрүп, калчылдаган тизеңерди бекемдегиле.
13 Аксаган бут чалынып жыгылбастан, кайра айыксын үчүн түз жолдо жүргүлө.
14 Бардык адамдар менен ынтымакта болгонго аракет кылгыла. Адал жашоого умтулгула, анткени адал болбогон бир дагы адам Эгебизди көрө албайт.
15 Абайлагыла, Кудайдын ырайымынан эч кимиң куру калып жүрбөгүлө. Араңардан кимдир бирөөнүн уу өсүмдүк сымал өсүп чыгып, көбүнө залакасын тийгизип, арам кылышына жол бербегиле.
16 Араңардан эч ким Эйсапка окшоп, бузукулукка кирип, Кудайга жакпагандай өмүр сүрбөсүн. Бир аяк аш үчүн ал туңгуч уулга тиешелүү укугун сатып жиберген.
17 Өзүңөр билгендей, Эйсап кийин атасынын туңгуч уулга бериле турган батасын алгысы келгенде, четке кагылган. Көз жашын көлдөтүп жалбарса да, жасаган ишин өзгөртө алган эмес.
18 Силер көзүңөр көрүп, колуңарды тийгизе алган Синай тоосунун, алоолонуп жанган оттун жанына барган жоксуңар. Туш-туштан каптаган караңгылыкка, алай-дүлөй түшкөн бороонго кабылган жоксуңар.
19 Кулак жарган сурнайдын үнүн, жанга баткан, мындан ары укпасак экен дегидей сөздөрдү эшиткен жоксуңар.
20 Анткени алар Эгебиздин: «Тоого айбан тийсе да ташбараңга алынып, өлтүрүлсүн!» — деген буйругун көтөрө алышкан жок.
21 Бул көрүнүш үрөй учурарлык болгондуктан Муса: «Жаным чыгып, муунум калчылдап турат»,— деген.
22-24 Ал эми силер болсо Сион тоосуна, тирүү Кудайдын шаары — асмандагы Иерусалимге келдиңер. Бул жерге түмөндөгөн периштелер менен ысымдары көккө жазылган Кудайдын тун уулдары өздөрүнүн шаңдуу жыйналышына чогулушкан. Бардык адамдардын Соттоочусу болгон Кудай да, жеткилеңдикке жетишкен адилдердин рухтары да, жаңы келишимдин арачысы Ыйса да — ушул жерде. Анын чачылган каны Абылдыкына караганда алда канча жакшыраак нерселер жөнүндө кабар берет.
25 Байкагыла, силерге сүйлөгөн Кудайды укпай койбогула. Байыркылар жерден сүйлөгөн сөзүнө кулак салбаганы үчүн жазадан качып кутула алышпаса, анда көктөн сүйлөгөнүн укпай койгон биз тарта турган жазабыздан андан бетер кутула албайбыз.
26 Ошол убакта Кудайдын үнү жер титиреткен, эми болсо Ал: «Мен дагы бир жолу жерди гана эмес, асманды да титиретем»,— деп убада кылды.
27 «Дагы бир жолу» дегени жаратылган нерселер козголуп, ордунан алынып ташталарын билдирет. Ошондо козголбос нерселер гана калат.
28 Андыктан Кудайга рахмат айталы, анткени биз түндүгү эч качан түшпөгөн ордодон орун алабыз. Кудайды кастарлап, Андан ыйбаа кылуу менен табынганыбыз Аны ыраазы кылсын.
29 Анткени биздин Кудай — бул чындап эле бардыгын жалмаган от.