меню

Эврейлерге кат 8 Бөлүм

тез өтүү:

1 Айткандарыбыздын эң негизгиси бул: биздин башкы динкызматчыбыз асмандагы Улуу Кудайдын тактысынын оң жагындагы сыйлуу жерде олтурат.

2 Ал адамдын колу менен эмес, Кудай Эгебиздин Өз колу менен тигилген чыныгы ыйык чатырдын ичиндеги эң ыйык жайда кызмат өтөйт.

3 Ар бир башкы динкызматчы тартуулар менен курмандыктарды Кудай алдына алып келүү үчүн дайындалат. Ошондуктан биздин башкы динкызматчыбыз да бир нерсени тартуу кылышы керек эле.

4 Эгерде Ал жерде болсо, анда динкызматчы болмок да эмес, анткени Тоорат мыйзамы талап кылган тартууларды алып келген атайын динкызматчылар бар.

5 Алардын кылган кызматы асмандагысына окшогону менен, чындыгында, анын көлөкөсү гана. Анткени Муса да ыйык чатыр тургузганы жатканда, Кудай ага: «Байкагын, баарын тоо башында сага көрсөтүлгөн үлгү боюнча жасагандай бол!»— деп эскерткен эле.

6 Бирок Ыйсага тапшырылган кызмат башка динкызматчылардыкынан алда канча жогору турат. Ал мурдагыдан жакшы келишимдин ортомчусу болуп, ошол келишим мурдагыдан жакшы убадаларга негизделген.

7 Биринчи келишимдин эч кемчилиги жок болгондо, кайрадан келишим түзүүнүн кажети болмок эмес.

8 Бирок Кудай Өз элинен кынтык таап, мындай деген: «Мезгил келет, — дейт Жараткан, — Мен Ысрайыл эли менен, Жана Иуда эли менен Жаңыртамын келишимди.

9 Бирок айтам, Мен Мисирден Аталарын колдон алып Чыгарганда түзгөнүмө Бул келишим эч окшобойт. Анткени алар келишимге Бек турбады. Ошондуктан Мен да аларды таштап кеттим.

10 Эми болсо Ысрайылдын Эли менен жаңы түзгөн Келишимим мындай болот: Мыйзамымды салып коём Мен алардын көңүлүнө, Жазып коём жүрөгүнө. Мен Кудайы болуп калам, Алар болсо элим болот.

11 "Эгебизди таанып бил", — деп Эч кимиси бири-бирине Таалим берип айтпай калат. Анткени алар ал убакта — Чоңу дагы кичинеси — Билип калат Мени баары.

12 Мен аларга ырайым кылып, Жамандыгын бүт кечирем, Мурда кылган күнөөлөрүн Андан ары эч эстебейм, — Дейт элине Жараткан Ээ».

13 Кудай Жаңы келишим тууралуу айтканда, ошону менен мурдагы келишимдин эскиргенин билдирген. Ал эми эскирип, мөөнөтү бүткөн ар бир нерсе жок болот.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13