Эврейлерге кат | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Эврейлерге кат 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошондуктан силер, биз менен бирге Кудайдын эли болууга чакырылгандар, биздин ишенимибиздин Элчиси жана Башкы динкызматчысы болгон Ыйса тууралуу ойлонсоңор.

2 Муса Кудайдын бүтүндөй үйүндө ишенимдүү болгондой, Ыйса да Өзүн дайындаган Кудайга ишенимдүү болду.

3 Үйгө караганда үй куруучу алда канча көп кадыр-баркка ээ болгон сыяктуу, Ыйса татыган урмат-сый да Мусаныкынан алда канча зор.

4 Ар бир үй кимдир бирөө тарабынан курулган, ал эми бардыгын куруучу — Кудай.

5 Муса Кудайдын бүтүндөй үйүндө ишенимдүү кул катары кызмат өтөп, Кудай келечекте жарыялай турган нерселер тууралуу айткан.

6 Ал эми Машаяк Кудайдын Уулу катары Анын үйүндө башкаруучулук милдетти аткарат. Эгерде кайратыбыздан жазбай, сыймыктануу менен тутуп келген ишенимибизди бек кармансак, анда ошол үй бизбиз.

7 Ошондуктан, Ыйык Рух айткандай: «Эгер бүгүн уксаңар Кудай үнүн,

8 Болбогула тоңмоюн бабалардай, Чөлдө жүрүп сыноодон өткөн кезде, Бой көтөрүп Кудайга каршы чыккан.

9 Кырк жыл бою Мен кылган зор иштерди Көрүп туруп, сынашты Мени алар.

10 Ошондуктан аларга каарым кайнап, Мындай дегем Мен анда ошол муунга: "Ниеттериң дайыма Менден бөлөк, Түшкүңөр жок көрсөткөн жолдорума".

11 Каардандым да, ант бердим: "Кирбейт алар Эс алдырчу жериме эч качан", деп».

12 Боордошторум, өзүңөргө сак болгула! Бириң да ниетиң бузулуп, ишенимден тайып, тирүү Кудайдан четтеп кетпегиле!

13 Күнөөгө азгырылып, тоңмоюн болуп калбоо үчүн, «бүгүн» делген мезгил али бүтө электе күн сайын бири-бириңерге дем берип тургула.

14 Анткени алгачкы ишенимибизге аягына чейин бек болсок, баарыбыз тең Машаяктын шериктештерибиз.

15 Ыйык Жазууда айтылгандай: «Эгер бүгүн уксаңар Кудай үнүн, Болбогула тоңмоюн бабалардай, Чөлдө жүрүп сыноодон өткөн кезде, Бой көтөрүп Кудайга каршы чыккан».

16 Кудайдын үнүн угуп, анан ага каршы чыккан кимдер эле? Мусанын жетекчилиги астында Мисирден чыккандардын баары эмеспи?

17 Кырк жыл бою Кудай кимге каарданды эле? Чөлдө күнөө кылып, сөөгү ошол жерде сөпөт болгондор эмеспи?

18 Кудай: «Кирбейт алар эс алдырчу жериме эч качан!» — деп ант бергенде, кимдер тууралуу айткан эле? Ага баш ийбей койгондор тууралуу эмеспи?

19 Ошентип, азыр биз көрүп тургандай, ал жерге алар ишенбестиктен улам кире алышкан жок.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13