1 Сөз болуп жаткан Маликсадык Шалем шаарынын падышасы жана Кудай Тааланын динкызматчысы болгон. Падышаларды жеңип, согуштан кайтып келаткан Ыбрайымды алдынан тосо чыгып, ага батасын берген.
2 Ошондо Ыбрайым бардык олжосунун ондон бирин ага тартуу кылган.Маликсадыктын атынын биринчи мааниси — «адилдиктин падышасы». Ошондой эле ал Шалемдин падышасы, демек, «тынчтыктын падышасы» да болгон.
3 Маликсадыктын ата-энеси да, ата-тегинин санжырасы да жок. Анын төрөлгөнү, өлгөнү тууралуу да эч кандай кат-кабар жок. Ал Кудай Уулу сыяктуу түбөлүк динкызматчы бойдон кала берет.
4 Көрдүңөрбү, Маликсадык кандай улуу болгон! Биздин түпкү атабыз Ыбрайым согуштан түшкөн бардык олжосунун ондон бир бөлүгүн ага берген.
5 Калган ысрайылдыктар да аларга окшоп Ыбрайымдан тарагандыгына карабастан, диний кызматты аткарган Лебинин тукумдары, Тоорат мыйзамы буюргандай, элден, демек өз боордошторунан, ондуктарды чогултуп турушкан.
6 Ал эми Маликсадык Лебинин тукумунан болгон эмес. Бирок Кудайдын убадаларына ээ болгон Ыбрайымдын ондугун алып, ага батасын берген.
7 Ал эми батаны даражасы жогору болгону берери талашсыз кеп эмеспи.
8 Ысрайылдыктардан ондук алган динкызматчыларды алсак, алардын баары өтүп кетчү пенделер. Ал эми Ыбрайымдан ондук алган Маликсадыктын али да тирүү экендигин Ыйык Жазуу айгинелеп турат.
9 Ыбрайым Маликсадыкка ондугун бергенде, ошону менен урпактары элден ондук алып турган Лебинин өзү да Маликсадыкка ондук берген десе болот.
10 Анткени Леби ал убакта төрөлө элек болсо да, ал Маликсадыкты жолуктурган Ыбрайымдан келип чыккан.
11 Ысрайыл элине берилген Тоорат мыйзамы динкызматчылар Лебинин тукумунан чыгышы керек деп буюрган. Бирок алардын кызматы жетиштүү болсо, анда Арундун эмес, Маликсадыктын даражасындагы дагы башка динкызматчынын келип чыгышы кажет болот беле?
12 Анткени динкызматчылык өзгөргөндө, Тоорат мыйзамы да өзгөрүүгө тийиш.
13 Жогорудагы айтылган сөздөрдүн төркүнү биздин Эгебизге байланыштуу. Бирок Эгебиздин уруусунан эч ким эч качан курмандык жайда кызмат кылган эмес.
14 Анткени биздин Эгебиз Жүйүт уруусунан экени белгилүү. Ал эми Муса динкызматчылар бул уруудан чыгат деп айткан эмес.
15 Эми болсо, Маликсадыкка окшош башка динкызматчы чыкканда, жогоруда айтылгандар мурдагыдан да түшүнүктүү болуп калды.
16 Ал, Тоорат мыйзамында жазылгандай, динкызматчылар тукумунан чыккандыгынан улам эмес, өчпөс өмүрдүн кудурети менен динкызматчы болду.
17 Анткени Ыйык Жазууда: «Сен алдың Маликсадык даражасын, Сен болдуң түбөлүккө динкызматчы», — деген сөз бар.
18 Бир жагынан алсак, мурдагы эреже өзүнүн күчүн жоготуп, жараксыз болуп калгандыктан жокко чыгарылды,
19 анткени Тоорат мыйзамы эч нерсени жеткилең кыла алган жок. Бирок башка жагынан алсак, азыр Кудай бизди андан да жакшы үмүткө ээ кылды. Ошол үмүт аркылуу биз Ага жакындай алабыз.
20 Бул гана эмес, бизде Кудайдын берген анты да бар. Башкалар динкызматчы болуп шайланганда, эч ант берилбесе,
21 Кудай Ыйсаны динкызматчылыкка дайындаганда, мындай ант берген: «Өз антын салтанаттуу берди Кудай, Бир айтып, кайтпайт эми сөзүнөн Ал: "Сен болдуң түбөлүккө динкызматчы"».
22 Мына ушул аркылуу Ыйса мурдагыдан жакшы келишимдин кепили экендиги көрүнүп турат.
23 Мурдагы динкызматчыларды алсак, биринин көзү өткөндө анын милдетин башкасы улантышы керек эле. Ошондуктан алардын саны көп болгон.
24 Ал эми Ыйса түбөлүккө тирүү, Анын динкызматчылыгы эч качан башка бирөөнүн колуна өтпөйт.
25 Ошондуктан Ыйса Өзү аркылуу Кудайга келгендерди качан болсо да куткара алат, себеби Ал түбөлүк өмүр сүрүп, Кудай алдында алар үчүн өтүнүп турат.
26 Ыйса биздин муктаждыктарыбызга жардам бере турган башкы динкызматчы. Ал — ыйык, кынтыксыз жана жазыксыз. Ал күнөөкөрлөрдөн ажыратылып, көктөн да жогору орунга коюлган.
27 Ал калган жогорку динкызматчылардай эмес. Күн сайын алгач Өзүнүн, анан элдин күнөөлөрү үчүн курмандык чалууга муктаж эмес. Ал бардык адамдар үчүн бир гана жолу курмандык чалды. Бул курмандык — Анын Өзү эле.
28 Адамдардын алсыз жактары болсо да, Тоорат мыйзамы боюнча алар башкы динкызматчылыкка шайланат. Ал эми ошол мыйзам кабыл алынгандан кийин, Кудай ант менен берген убадасы аркылуу башкы динкызматчылыкка Өз Уулун дайындады. Ошол Уул түбөлүк, жеткилең башкы динкызматчы.