меню

Эврейлерге кат 10 Бөлүм


1 Тоорат мыйзамы чыныгы нерселердин так өзү эмес, ал боло турган жакшы нерселердин элеси гана. Жыл сайын чалынган бирдей курмандыктар аркылуу ал Кудайга табынганы барган адамдарды толугу менен тазартып, кынтыксыз кыла албайт.

2 Эгерде курмандык чалуу адамдарды күнөөлөрүнөн биротоло арылтып, абийирин тазалай алса, анда алар курмандык чалганды эбак токтотмок эмес беле?

3 Бирок, чындыгында, жыл сайын чалынган курмандыктар алардын эстерине күнөөлөрүн салып турат.

4 Анткени букачарлар менен текелердин каны аркылуу күнөөлөрдөн биротоло арылуу эч мүмкүн эмес.

5 Ушул себептүү Машаяк бул дүйнөгө келерде Кудайга мындай деген: «Курмандык, тартууларды каалабадың, Сен Мага жердик дене дайындадың.

6 Өрттөлчү курмандыкты, күнөө үчүн Берилчү курмандыкты жактырбадың.

7 Ошондо айттым Мен да: "Оо, Кудайым, Жазууда Мен тууралуу жазылгандай, Эркиңди аткарганы келип калдым"».

8 Адегенде Машаяк: «Курмандык, тартууларды, өрттөлчү курмандыкты, күнөө үчүн берилчү курмандыкты каалабадың, жактырбадың», — деди. Ошол курмандыктардын баары Тоорат мыйзамы боюнча чалынса да, Ал ушундай деди.

9 Андан кийин Ал: «Оо, Кудай, эркиңди аткарганы келип калдым», — деди. Ошентип, Ал жаңы келишимди түзүү үчүн мурункусун жокко чыгарды.

10 Кудайдын бизге деген эрки мына ушундай эле: биз Машаяк Өзүн бир жолу жана бардыгыбыз үчүн курмандыкка бергени менен ыйыкталдык.

11 Ар бир динкызматчы күн сайын милдетин өтөп, күнөөлөрдү жок кыла албаган бирдей курмандыктарды уламдан улам чалып турат.

12 Ал эми Машаяк бардык мезгилдер үчүн бир гана курмандык алып келип, Кудайдын оң жагындагы сыйлуу жерге олтурду.

13 Кудай бардык душмандарын Анын бут алдына алып келгенчекти Ал ошол жерде олтурмакчы.

14 Ал бир жолку курмандыгы менен ыйыкталгандарды эч кынтыксыз кылып койду.

15 Ыйык Рух да бизге бул тууралуу күбөлөндүрүп турат. Ал биринчи мындай дейт:

16 «Эми болсо Ысрайылдын Эли менен жаңы түзгөн Келишимим мындай болот: Мыйзамымды салып коём Мен алардын көңүлүнө, Жазып коём жүрөгүнө».

17 Анан дагы мындай дейт: «Мурда кылган күнөөлөрүн, Жамандыгын эч эстебейм».

18 Ал эми күнөөлөр кечирилген соң, алар үчүн курмандык чалуунун эч кереги жок болуп калат.

19 Боордошторум, Ыйсанын төккөн каны аркылуу биз эми эч кысылбастан эң ыйык жайга кире алабыз.

20 Өз денесин курмандыкка бергени менен Ал бизди Кудайдан бөлүп турган көшөгөнү айрып, түбөлүк өмүргө алып барчу жаңы жол ачты.

21 Бизде Кудай үйүн башкарган улуу Дин кызматчы бар болгондуктан,

22 бизди тазартуу үчүн кыянаттыкка толгон абийирибизге Ыйсанын каны чачылып, денелерибиз таза сууга жуулганын билип, Кудайдын алдына таза жүрөк жана бекем ишеним менен баралы.

23 Ачык айтып жүргөн үмүтүбүздөн тайбай, аны бекем карманалы. Анткени бизге убадасын берген Кудай ишенимдүү.

24 Бири-бирибизди башкаларды сүйгөнгө жана жакшылык кылганга шыктандырууну ойлойлу.

25 Кээ бирөөлөр чогулуштарыбызга барбай коюуну адат кылып алышкан өңдүү. Бирок биз алардай болбой, андан көрө, бири-бирибизге жигер берип туралы. Эгебиздин кайтар күнү жакын калганын билебиз го.

26 Эгерде акыйкатты билип алып, анан кайра эле атайлап күнөө кылганыбызды уланта берсек, анда күнөөлөрүбүздөн эч кандай курмандык арылта албайт.

27 Ошондо жүрөк үшүн алган кыямат сотун жана Кудайга каршы чыккандарды жалмай турган оттун келишин күтүүдөн башка аргабыз калбайт.

28 Эгер Мусанын мыйзамын бузган адам эки же үч күбөнүн алдында эч аёосуз өлүм жазасына тартылган болсо,

29 анда Кудай Уулун тебелеп-тепсегендер, өздөрүн күнөөлөрдөн тазалаган Келишим канын ыйык тутпагандар жана ырайым Рухун кордогондор канчалык оор жазага татыктуу деп ойлойсуңар!?

30 Анткени биз: «Өч алуу — Менин ишим, Мен берем тиешесин», — дегендин ким экенин билебиз. «Эгебиз Өз элин соттойт»,— дегенди да укканбыз.

31 Тирүү Кудайдын колуна түшүп, жазасын алуу кандай коркунучтуу!

32 Мурдагы жашооңорду эстегиле: Кудайдын жарыгы дилиңерди агарткандан кийин силер канча кыйналсаңар да, кыйынчылыктарга бой берген жоксуңар.

33 Бирде өзүңөр эл алдында кордолуп, куугунтук жесеңер, бирде ошого дуушар болгондор мене чогуу болуп, алардын оорчулугун бөлүштүңөр.

34 Түрмөдө олтургандарга боорукерлик көрсөтүп, колуңарда бар болгонду тартып алып жатышканда, андан жакшы, түбөлүктүү байлыкка ээ болоруңарды билип, муну кубаныч менен кабыл алдыңар.

35 Кайратыңардан кайтпагыла. Ошондо келечекте улуу сыйлык аласыңар.

36 Кудайдын эркин аткарып, Ал убада кылган нерселерди алуу үчүн чыдамдуу болушуңар керек.

37 Анткени: «Келүүгө тийиш болгон келе жатат, Жакында келип калат, кечикпестен.

38 Ишенип акталганым өмүр табат, Чегинген адам жакпайт көңүлүмө».

39 Бирок биз артка кайтып, апат боло турган адамдардан эмеспиз. Биз куткарылуу алып келчү ишенимге ээбиз.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13