1 Ошондой болсо да, Кудайдын эс алдырчу жерине киргизем деген убадасы али да күчүндө болуп турган соң, бирибиз да калбай, баарыбыз ошол жерге жеткендей бололу.
2 Анткени биз да алар уккан Жакшы Кабарды уктук. Бирок алар уккандарына ишенбей коюшкандыктан улам Жакшы Кабардын үзүрүн көрүшпөдү.
3 Ал эми ошол кабарды ишеним менен кабыл алган биз Кудайдын эс алдырчу жерине киребиз. Анткени Ал мындай деген: «Каардандым да, ант бердим: "Кирбейт алар Эс алдырчу жериме эч качан" деп». Бирок ошол жерди Кудай дүйнө жаралгандан баштап эле даярдап койгон.
4 Ыйык Жазуунун бир жеринде жетинчи күн тууралуу мындай деп айтылган: «Кудай жетинчи күнү бардык иштерин бүтүрүп, эс алды».
5 Анан кайра эле: «Кирбейт алар Эс алдырчу жериме эч качан» — деп Ыйык Жазууда айтылып жатат.
6 Жакшы Кабарды бизден мурун уккандар Кудайдын эс алдырчу жерине Ага баш ийбегендиктен улам кирбей калышкан. Бирок ал жакка кирүүгө жол дагы эле ачык.
7 Ошондуктан Кудай «бүгүн» деп, кайрадан атайын убакытты белгилеп койду. Жогоруда айтылгандай, көп жыл өткөн соң, Кудай Дөөт аркылуу: «Эгер бүгүн уксаңар Кудай үнүн, Болбогула тоңмоюн!» — деген.
8 Анткени ошол эс алууну элге Нун уулу Жашыя берген болсо, анда Кудай кийин башка күн тууралуу кайра сөз кылмак эмес.
9 Демек, Кудай адамдары үчүн атайын эс алар күн да келет.
10 Анткени Кудай Өзүнүн бардык иштерин бүтүп, эс алгандай, убада кылынган ошол эс алууну кабыл алгандар да өз иштеринен эс алышат.
11 Ошондуктан баш ийбегендиктен улам ойрон болгон байыркылардай болбостон, ошол эс алууга жетүүгө умтулалы.
12 Анткени Кудайдын сөзү тирүү жана кудуреттүү. Ал эки миздүү кылычтан да курч. Ичибизге сүңгүп кирип, ал рух менен жанды, муундар менен чучуктарды ажырата бөлөт да, адамдын жашырын ойлору менен ниеттеринин жакшы же жаман экенин даана көрсөтөт.
13 Жаратылгандын эч бири Кудайдан жашырына албайт. Бардыгы Анын көз алдында алаканга салгандай ачык. Биз баарыбыз Ага чындыкты айтышыбыз керек болот.
14 Биздин көккө көтөрүлүп кеткен улуу Башкы динкызматчыбыз — Кудай Уулу Ыйса бар экенин билип, тутунган ишенимибизде бек туралы.
15 Ал алсыз жагыбызды түшүнүп, бизге боор ачыган Башкы динкызматчы. Бизге окшоп Ал бардык сыноолордон өткөн. Бирок эч качан күнөө кетирген эмес.
16 Ошондуктан ырайымдуу Кудайдын тагынын алдына тайманбастан баралы. Ал бизге боор ачып, муктаж болуп турганыбызда кайрымдуулук менен жардам берет.