Эврейлерге кат 6 Бөлүм
1-2 Машаяк тууралуу башталгыч таалимди калтыралы да жетилиш үчүн алдыга кадам таштайлы. Ниетти өзгөртүү, Кудайга ишенүү, чөмүлдүрүү расмилери тууралуу окутуу, үстүнө кол коюу расмиси, өлүктөрдүн кайра тирилүүсү жана кыяматтагы сот тууралуу айта берип, кайрадан негиз салгандай болбойлу.
3 Кудай буюрса, ушундай болгусу бардыр.
4-6 Ишенимден баш тартып кеткендердин ниетин кантип кайрадан өзгөртүүгө болсун? Бир кезде Кудайдын жарыгына келишип, Анын көктөн жиберген сыйынын даамын татышып, башкалар менен бирге Ыйык Рухтан үлүшүн алышса да, Кудай Сөзүнүн жакшылыгын, келечек замандын кудуретин көрүшсө да, алар ишенимден баш тартып кетишти! Эми алардын ниетин кайрадан өзгөртүү мүмкүн эмес, анткени алар Кудай Уулун кайрадан айкаш жыгачка керип, уятка калтырып жатышат.
7 Улам-улам жааган жамгырга сугарылып, анан өзүн иштеткен дыйканга жакшы түшүм өндүрүп берген жерге Кудай берекесин берет.
8 Ал эми өсүп чыкканы тикенек менен чалкан болсо, анда ал жер жараксыз болот да, каргышка калып, акырында өрттөлөт.
9 Биз ушундай деп жатканыбыз менен, сүйүктүү боордоштор, чындыгында силердин жакшы иштерди кылып, акыры куткарыларыңарга көзүбүз жетип турат.
10 Кудай адилетсиз эмес. Ыйыктарга буга чейин жардам берип келип, азыр да жардам берип жатканыңарды, ошол аркылуу Ага кылган кызматыңар менен көрсөткөн сүйүүңөрдү Ал унутпайт.
11 Эмнеге үмүттөнсөңөр, ошонун ишке ашышы үчүн ар бириңер акырына чейин тырышчаактык көрсөтүшүңөрдү каалайбыз.
12 Тилегенибиз, эринчээк болбой, тескерисинче, Кудайдын убада кылган батасын алганча ишеним менен чыдамдуулук көрсөткөн адамдарды туурап, ошолордой болсоңор экен.
13 Кудай Ыбрайымга убада бергенде, Өзүнүн аты менен ант берген, анткени Андан жогору турган эч ким жок.
14 Ошондо Ал мындай деген: «Мен сага батамды берип, укум-тукумуңду көбөйтөрүм анык».
15 Ыбрайым чыдамкайлык көрсөтүп, акыры убадаланган нерсени алган.
16 Адам баласы ант бергенде, өзүнөн даражасы бийигирээк бирөөнүн атын колдонот. Ошентип, кепилдик катары берилген ант бардык талашты токтотот.
17 Анын сыңары, берилген убадасын энчилей тургандарды Өз оюнун өзгөрүп кетпестигине ынандырыш үчүн Кудай да аны ант менен бекиткен.
18 Кудай үчүн калп айтыш мүмкүн болбогондуктан, ушул эки нерсе: Анын убадасы менен анты эч качан өзгөрбөйт. Муну билип, Андан баш паана тапкан биз зор жигер алып, алдыбыздагы үмүткө шектенбестен таяна алабыз.
19 Бул үмүт биздин жашообуздун ишенимдүү жана бекем кеме казыгы. Ал бизди ийбадаткана көшөгөсүнүн артындагы эң ыйык жайга жеткирет.
20 Ыйса Маликсадыктын даражасындагы түбөлүктүү башкы динкызматчы болуп, биздин өкүлүбүз катары ошол жакка биринчи кирди.