меню

Эврейлерге кат 5 Бөлүм


1 Кандай гана башкы динкызматчы болбосун, ал адамдардын арасынан тандалат да, алардын өкүлү катары Кудайга кызмат кылууга дайындалып, күнөөлөрү үчүн курмандык чалып, тартууларды алып келет.

2 Өзүнүн да кемчиликтери бар болгондуктан, Ал билбестиктен улам жаңылыштык кетиргендерди түшүнөт.

3 Ошол себептен ал элдин күнөөлөрү үчүн гана эмес, жеке өзүнүн күнөөлөрү үчүн да курмандык чалышы керек.

4 Башкы динкызматчы болуу урматына эч ким өз күчү менен жете албайт. Арунду дайындаган сыяктуу, аны Кудай Өзү тандап алышы керек.

5 Машаяк да Өз эрки менен эле башкы динкызматчы болуп алган жок. Тескерисинче: «Сен Уулумсуң, анткени Мен Бүгүн Сага Ата болдум», — деп, Аны Кудай дайындаган.

6 Башка жерде Кудай дагы мындай деген: «Сен алдың Маликсадык даражасын, Сен болдуң түбөлүккө динкызматчы».

7 Ыйса жер бетиндеги жашоосунда Өзүн өлүмдөн сактап кала турган Кудайга боздоп, көз жашын төгүп, жалынып сыйынган. Кудайга ыйбаа кылуу менен моюн сунгандыктан Ал Өз тилегине жеткен эле.

8 Кудайдын Уулу болсо да, тарткан азаптары аркылуу баш ийүүгө үйрөнгөн.

9 Эми Ал кемелдикке жетип, Өзүнө баш ийгендердин бардыгы үчүн түбөлүк куткарылуунун булагы болуп калды.

10 Кудай Аны Маликсадыктын даражасындагы башкы динкызматчы деп жарыялады.

11 Булар туурасында дагы көп кеп кылса болмок, бирок аны силерге түшүндүрүп бериш кыйын, анткени кулагыңар катуулап, дароо уккудай эмессиңер.

12 Силер эбак окутуучу болуп калышыңар керек болчу. Бирок дагы эле кимдир бирөөдөн Кудайдын кабарынан башталгыч таалим алганга муктажсыңар. Коюу тамак жегендин ордуна, кайра эле сүт ичишиңер керек.

13 Сүт менен азыктанган ар ким дагы эле ымыркай баладай болуп, эмне жакшы, эмне жаман экенин биле албайт.

14 Коюу тамак болсо эрезеге жетип, жакшы менен жаманды ажырата билгендер үчүн.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13