меню

Эврейлерге кат 2 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мына ушул себептен биз уккандарыбызга өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек. Ошондо алардан четтеп кетпейбиз.

2 Периштелер аркылуу жарыяланган кабар анык болуп чыгып, ага кулак какпай же баш ийбей койгондор тиешелүү жазасын алышты.

3 Андай болсо Кудай куткарылууга не деген сонун жол ачып койгондугун кулагыбызга илбей койсок, биз кантип жазадан качып кутулмакпыз? Бул кабарды алгач Эгебиз жарыя кылып, кийин Андан уккандар бизге бул кабардын анык экенин ырасташты.

4 Ал турсун Кудай Өзү да жышаан-белги берип, ажайып-кереметтерин көрсөткөнү жана Өз эркине ылайык Ыйык Рух касиеттерин бөлүштүргөнү аркылуу мунун чындык экенин далилдеди.

5 Биз сөз кылып жаткан келечектеги жаңы дүйнө Кудай периштелеринин колуна тапшырылган жок.

6 Кайра, Ыйык Жазуулардын кайсы бир жеринде мындай делген: «Сен мынчалык ойлогудай Деги адам ким эле? Кам көргүдөй ушунчалык Адамзаада ким эле?

7 Периштеден төмөн коюп Бир аз гана убакка, Анан даңктын, урмат-сыйдын Бердиң ага таажысын.

8 Баш ийдирип, жыгып бердиң Бардыгын бут алдына». Кудай аны бардык нерсеге башкаруучу кылып дайындап, ага баш ийбеген эч нерсе болбошу керек. Бирок азыр, биз көрүп тургандай, адам баласы бардык нерселерди башкарган жери жок.

9 Анын ордуна, биз Ыйсанын бир аз убакытка периштелерден төмөн болуп, биз үчүн азап чегип, өлүмгө дуушар болгону үчүн эми атак-даңк менен урмат-сыйга бөлөнүп отурганын көрүп отурабыз. Кудай бизге ырайымдуу болгондуктан, Ыйса бүтүндөй адамзат үчүн Өз жанын берди.

10 Бардыгын Өзү үчүн жаратып, бардыгын бар кылып турган Кудай көптөгөн балдарын Өз атак-даңкына бөлөш үчүн аларды куткарылууга алып баруучу Ыйсаны азап тартканы аркылуу кемелдикке жеткириши керек эле.

11 Ыйыктагандын да, ыйыкталгандардын да Атасы бир. Ошондуктан Ыйса аларды боордошторум деп атагандан уялбайт:

12 «Боордошторум алдында Жарыялайм атыңды, Жыйналышында туруп, Мен Өзүңдү мактаймын».

13 Дагы мындай дейт: «Бел байлаймын мен Ага». Дагы мындай дейт: «Кудайдын мага берген балдарынын Турамын мына Мен да арасында».

14 Ал эми Кудайдын балдары кан менен эттен бүткөндүктөн, Ыйса Өзү да аларга окшоп, адам кейпин кийген. Адамдарды ажал колуна салып берер бийлиги бар ибилисти күчүнөн ажыратуу үчүн Ал өлүмгө барышы керек болду.

15 Өмүр бою өлүмдөн коркуп, кул сыяктуу жашап келгендерди ушундайча боштондукка чыгарды.

16 Ыйса периштелерге эмес, Ыбрайымдын урпактарына жардам берүү үчүн келгендиги айдан ачык көрүнүп турат.

17 Ошондуктан элдин күнөөлөрү кечирилсин деп, Кудай алдында кызмат кылган ырайымдуу жана ишенимдүү Башкы динкызматчы болуу үчүн Ал бардык жагынан боордошторуна окшош болушу керек эле.

18 Эми Ал сыноолорду баштан кечирип жаткандарга жардам бере алат, анткени Өзү да сыноолордон өтүп, азаптарды баштан кечирген.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13