Марктын Инжили 1 Бөлүм
1 Бул Кудай Уулу Ыйса Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабардын башталышы:
2 Ышая пайгамбар жазып кеткендей: «Мына, Сенин алдыңан, Кабарчымды жиберем. Ал Сага жол даярдайт».
3 «Жар салгандын чөлдө үнү угулат: "Даяр кылгын Эгебиздин жолдорун, Талаадагы басар жерин түздөгүн!"».
4 Жакыя чөлгө келип, адамдарды сууга чөмүлдүрүп, күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн ниеттерин өзгөртүп, сууга чөмүлүү керек экендигин жар салып жүрдү.
5 Бүткүл Иудея аймагындагылар жана иерусалимдиктер ага барышып, күнөөлөрүн моюнга алышып, өздөрүн Иордан дарыясында чөмүлдүртүп жатышты.
6 Жакыя болсо төөнүн жүнүнөн жасалган кийим кийип, кайыштан белбоо тагынып, чегиртке менен жапайы аарынын балын жеп тамактанчу.
7 Ал: — Арка жагыман менден алда канча кудуреттүү бирөө келатат. Мен эңкейип анын бут кийиминин боосун чечкенге да татыксызмын.
8 Силерди мен сууга чөмүлтөм, ал болсо Ыйык Рухка чөмүлтөт! — деп жар салды.
9 Ошол күндөрдө Ыйса Галилея аймагындагы Назарет шаарынан келип, Иордан дарыясында Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүү расмисинен өттү.
10 Ал суудан чыкканда, асмандын ачылганын жана Ыйык Рухтун көгүчкөн кейпинде үстүнө түшүп келатканын көрдү.
11 Ошондой эле асмандан үн чыкты: «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын».
12 Ушундан соң, Рух Ыйсаны дароо ээн талаага алып кетти.
13 Жапайы жаныбарлар мекендеген ээн талаада кырк күн шайтандын сыноосунан өттү. Периштелер болсо Ага кызмат кылышты.
14 Жакыя камалган соң, Ыйса Галилея аймагына келип, мындай деп Кудайдын Жакшы Кабарын жарыялады:
15 — Убакыт-сааты келип, Кудайдын падышачылыгы жакындап калды! Ниетиңерди өзгөртүп, Жакшы Кабарга ишенгиле!
16 Галилея көлүнүн жанынан өтүп бара жатып, Ысман менен анын иниси Идристи көрдү. Алар кесиби балыкчы болгондуктан көлгө тор салып жатышкан болчу.
17 Ыйса аларга: — Жүргүлө, Мени менен, силерге балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип апкелүүнү үйрөтөм! — деди.
18 Алар ошол замат торлорун таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.
19 Ыйса ал жерден бир аз узагандан кийин, кайыкта торлорун оңдоп жатышкан Зебедейдин балдары: ага-ини Жакып менен Жаканды көзү чалды.
20 Көрөрү менен аларды Өзүнө чакырды. Алар болсо атасы менен мардигерлерди кайыкка калтырып, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.
21 Ыйса шакирттери менен бирге Капарноом шаарына келип, дем алыш күнү синагогада таалим берди.
22 Ыйсанын таалимине эл таң калды, анткени Ал дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бардай таалим берчү.
23 Алардын синагогасына ошондо кара күчкө байланган бир киши капыстан кирип келип минтип катуу бакырды:
24 — Биз менен сенин эмне ишиң бар, назареттик Ыйса! Түбүбүзгө жеткени келдиңби, ыя! Бил-е-е-м, ким экениңди, сен Кудайдын ыйыгысың.
25 Ыйса ага: — Үнүңдү бас да, андан чыгып кет! — деп буйруду.
26 Кара күч жанагы кишини калчылдатып, катуу чаңырык менен андан чыгып кетти.
27 Баарынын үрөйлөрү учуп, бири бирине: «Бул эмне ыя? Күчтүү окуубу? Бу киши кара күчтөргө да бийлик менен буйрук кылып, алар ага баш ийип атышат!» — дешти.
28 Ошентип, Ыйса тууралуу кабар бүткүл Галилея аймагына тез эле тарап кетти.
29 Синагогадан чыгары менен Ыйса Жакып жана Жакан менен бирге Ысман менен Идристин үйүнө келди.
30 Ысмандын кайненеси ысытма болуп ооруп, төшөктө жаткан. Аял жөнүндө Ага дароо айтышты.
31 Ыйса ага жакын басып келип, колунан алып, өйдө тургузду. Аял ошол замат ысытма оорусунан айыгып, Ыйсаларды коноктой баштады.
32 Кеч кирип, күн батканда болсо эл Ыйсага бардык оорулуулары менен жиндерге чалдыккандарын алып келишти.
33 Бүт шаар эли Ыйса турган үйдүн эшигинин алдына чогулуп калды.
34 Ыйса ар кандай оору менен ооруган көп адамдарды айыктырды, көптөгөн жиндерди кууп чыкты. Жиндер Ыйсанын ким экенин билгендиктен аларга сүйлөгөнгө тыюу салды.
35 Ыйса эртеси таң атпай туруп, үйдөн чыкты да, Өзү жалгыз ээн жерге барып, Кудайга сыйынды.
36 Ысман менен анын шериктери Ыйсаны артынан издеп барышып,
37 табышкан соң: — Баары сени издеп жүрүшөт! — дешти.
38 Ыйса аларга: — Жүргүлө, жакын жердеги айылдарга баралы. Ошол жерде да Жакшы Кабарды жар салышым керек. Анткени Мен ошол үчүн келгемин, — деди.
39 Ошентип Ыйса бүтүндөй Галилея аймагын кыдырып, алардын синагогаларында таалим берип, адамдардан жиндерди кубалап жүрдү.
40 Бир пес оорулуу адам Ыйсага келип, чөк түшүп, мындай деп жалбарды: — Эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз.
41 Ыйса бу кишиге боору ооруп, колун сунуп ага тийгизди да: — Каалаймын, айыккын! — деди.
42 Ошол замат тиги кишинин денеси пестен арылып, айыгып кетти.
43 Ыйса катуу эскертип:
44 — Байкагын, бул тууралуу эч кимге ооз ачпа, бирок өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының!— деп, аны дароо кайра жөнөттү.
45 Ал киши болсо, мындай чыгары менен элдин баарына болгон окуяны жар салып, айтып кирди. Ошондон улам Ыйса шаарга түз кире албай, сыртта, ээн жерлерде калууга аргасыз болду. Эл болсо Ыйсага туш-тараптан агылып келип жатты.