Марктын Инжили 12 Бөлүм
1 Ыйса аларга ибарат менен сүйлөй баштады: — Бир киши болуптур. Ал жүзүм тигип, айланасын коргондойт. Жүзүм ширесин сыгып алгыдай чуңкур казып, кароол мунара курат. Анан жүзүмүн багбандарга ижарага берип, өзү бир жакка кетет.
2 Жүзүм тере турган маал келгенде, жемишинен алып келгиле деп ижарачыларга бир кулун жөнөтөт.
3 Ижарачылар болсо кулду кармап алып, сабап, куру кол кайтарып жиберишет.
4 Ошондо ал кайрадан дагы башка кулун жиберет. Ижарачылар болсо бу кулдун башын жарып, кордоп туруп кайтарып жиберишет.
5 Ал дагы бир кулун жөнөтөт. Ижарачылар аны да өлтүрүшөт. Башка кулдарын жөнөткөндө да, аларды же сабап, же өлтүрүп салышат.
6 Акыры жанындай көргөн уулу калып, ошону жибериш керек болот. Ошондо «уулумдан ийменишээр» деп, аларга уулун жөнөтөт.
7 Ижарачылар болсо өз ара: «Бул мураскор, жүргүлө, өлтүрөлү, ошондо мурасы бизге калат!» — дешет да,
8 аны кармап алып, өлтүрүшүп, жүзүмдүн сыртына ыргытып салышат.
9 Эми жүзүмдүн ээси эмне кылат? Келип, ижарачыларды өлтүрүп, жүзүмдү башкаларга берет.
10 «Куруучулар жаратпай, Таштап салган таш эле, Пайдубалдын негизи Болуп калды ал эми.
11 Биз таң калган бул ишти Өзү кылды Эгебиз» деген сөздү Ыйык Жазуудан эч качан окуган жок белеңер?
12 Ошондо бул ибараттын алар тууралуу айтылганын түшүнүштү да, Ыйсаны кармамак болушту, бирок элден коркуп, Аны калтырып кетип калышты.
13 Ыйсаны сөзүнөн кынтык таап айыптоо максатында эл башчылары тарабынан жиберилген бир нече фарисейлер менен Ироддун жолун жолдоочулар
14 келишти. Алар Ыйсага: — Устат, сиздин чынчыл экениңизди билебиз. Бирөөгө жагынууга аракет кылбайсыз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарга Кудайдын акыйкат жолун окутасыз! Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу? Биз салыкты беришибиз керекпи же бербешибиз керекпи? — дешти.
15 Ыйса алардын эки жүздүүлүгүн билип: — Эмнеге Мени сынап жатасыңар? Бир теңге алып келгилечи, көрөйүн! — деди.
16 Алар алып келишти. — Анын бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? — деп сурады Ыйса алардан. — Падышаныкы, — дешти алар.
17 Ыйса: — Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле, — деди. Ошондо алар Ыйсага таң калышты.
18 Ошондо өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти.
19 — Устат, Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн өтүп, артында аялы эле калып, тукум калбаса, анда анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын», — деп жазып кеткен.
20 Жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү.
21 Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти. Анан үчүнчүсү да ошондой болду.
22 Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту. Эң аягында аял да көз жумду.
23 Эми кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы.
24 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Ыйык Жазууларды да, Кудайдын кудуретин да билбегендиктен жаңылып жүрөсүңөр силер, чынбы?
25 Анткени адамдар өлүмдөн тирилгенде, аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт, алар асмандагы периштелер сыяктуу болушат.
26 Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилери тууралуу Мусанын китебинин күйүп турган бадал тууралуу бабынан окуган эмес белеңер? Ал жерде Кудай Мусага: «Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын»,— деген.
27 Кудай өлүктөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы! Силер катуу жаңылып жүрөсүңөр.
28 Ошол жерде дин мугалимдеринин бири бул талашты угуп турган. Ал Ыйсанын аларга жакшы жооп бергенин көрдү да, басып келип: — Тоораттагы эң биринчи осуят кайсы? — деп сурады.
29 Ыйса ага: — Бардык осуяттардын эң биринчиси: «Ук, Ысрайыл, Эгебиз, биздин Кудайыбыз — жалгыз Эге.
30 Ошондуктан Аны чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бардык акыл-оюң менен, бар күч-кубатың менен сүй!»
31 Экинчиси бул: «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй»Ушул экөөнөн чоң осуят жок, — деп жооп берди.
32 — Жакшы, устат, — деди дин мугалими, — «Кудай жалгыз жана андан башка жок,
33 Аны бүткүл аң-сезимиң, түшүнүгүң жана бүт күч-кудуретиң менен сүйүш керек жана башкаларды өзүңдөй сүйүү бардык өрттөлүүчү курмандыктар менен тартуулардан маанилүүрөөк» деп чындыкты айттыңыз.
34 Ыйса анын абдан жөндүү жооп бергенин көрүп: — Сиз Кудай Падышачылыгынан алыс эмес экенсиз, — деди. Ушундан соң, эч ким батынып, Ага суроо бере албады.
35 Ийбадаткананын короосунда таалим берип жатып, Ыйса мындай деп сурады: — Эмне үчүн дин мугалимдери Машаякты Дөөттүн тукуму дешет?
36 Ыйык Рух аркылуу Дөөт өзү: «Жараткан Эге Эгеме деди мындай: Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча, Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда»,— деген.
37 Демек, Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот? Көп адамдар Анын сөзүн кубануу менен угушту.
38 Ыйса дагы мындай деп таалим берди: — Узун чапан кийип алып жайкала басканды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын,
39 синагогаларда алдыңкы орундарда, аш-тойлордо төрдө олтурганды жакшы көргөн дин мугалимдеринен сак болгула!
40 Жесирлердин үй-жайын тартып алып, атайын элге көрүнүш үчүн узакка сыйынган ошолор. Алардын жазасы өтө оор болот.
41 Ыйса ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнүн маңдайында элдин акча салып жатканын байкап олтурду. Көпчүлүк байлар көп-көптөн салып жатышты.
42 Ал эми колунда жок бир жесир аял келди да, эки тыйынын салды.
43 Ошондо Ыйса шакирттерин чакырып алып: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул колунда жок жесир аял баарынан көп салды!
44 Анткени баары өздөрүнөн артканын салышса, бул аял өзү жакыр болуп туруп, колунда болгонун бүт салып берди, — деди.