меню

Марктын Инжили 3 Бөлүм


1 Ыйса кайрадан синагогага келди. Синагогада колу сенек бир адам бар эле.

2 Ошол кишини дем алыш күн экенине карабай айыктырар бекен деп, фарисейлер Ыйсаны айыпка жыгуунун амалын издеп, алдыртан байкап турушту.

3 Ыйса болсо, колу сенек адамга: — Алдыга чык, — деди.

4 Анан тигилерге кайрылып: — Дем алыш күнү жакшылык кылуу керекпи же жамандык кылуу керекпи? Жанды куткаруу керекпи же кууратуу керекпи? — деди. Тигилер унчугушпады.

5 Ыйса аларды каардуу көзү менен кыдырата карап, ушунчалык таш боордугуна кейиди. Анан жанагы колу сенек кишиге: — Колуңду сун! — деди. Тигил колун сунар замат айыгып кетти.

6 Ошондо фарисейлер сыртка чыгышып, Ирод тараптагылар менен чогулушуп, алар менен бирге кантип Ыйсанын көзүн тазалаштын жолун сүйлөшүштү.

7 Ыйса шакирттери менен бирге Галилея көлү тарапка кетип калды. Галилея жана Иудея аймактарынан,

8 Иерусалимден жана Идумея аймагынан, Иордандын чыгыш тарабынан, Тир жана Сидон шаарларынын айланасынан адамдар Ыйсанын кылган иштерин угушуп, Ага жоон топ болуп агылып келип жатышты.

9 Топураган көп элдин Ыйсаны жөөлөп кысканынан улам Ал шакирттерине: — Мага бир кайыкты камдагыла, — деди.

10 Ыйса көп адамдарды айыктырган болчу, ошондуктан оорулуулар Ага колдорун тийгизүүгө жулунуп жатышты.

11 Кара күчкө чалдыккандар болсо Ыйсаны көргөндө алдына кулап: «Сен Кудайдын Уулусуң!» — деп чаңырып жатышты.

12 Ыйса аларга Өзүнүн ким экенин жарыя кылууга катуу тыюу салды.

13 Анан Ыйса тоого чыгып, Өзү тандап алган бир нече кишини чакырды. Алар келишкенде,

14-15 арасынан он экисин Өзү менен бирге болууга дайындап, буларды элчилер деп атады. Аларды жар салууга жөнөттү да, жиндерди кууп чыгуу бийлигин берди.

16 Төмөндө ошол он эки элчинин аттары: Ысман (Ыйса ага Петир деген ат койду),

17 Зебедей уулу Жакып жана анын иниси Жакан (Ыйса аларды Боонергестер деп атады, аттын мааниси «Күн күркүрөөнүн уулдары»),

18 Идрис, Филип, Барталамей, Матай, Том, Алпей уулу Жакып, Тадай, Динчил Ысман,

19 ошондой эле кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

20 Ушундан соң, Ыйсалар үйгө келишти. Кайрадан эл жыйылып, шам-шум этип алууга да мүмкүнчүлүктөрү болбой калды.

21 Бул тууралуу кабар Ыйсанын жакындарына жеткенде, алар Аны алып кетүү үчүн келишти, анткени эл: «Бул акылынан адашыптыр», — деп сөз кылып жаткан болчу.

22 Иерусалимден келген кээ бир дин мугалимдери болсо: «Мунун ичинде Бээлзебул бар! Бул жиндерди алардын ошол башчысынын күчү менен кубалап жатат», — дешти.

23 Ошондо Ыйса аларды чакырып алып мындай деген ибарат айтты: — Кантип шайтан шайтанды кубалай алат?

24 Эгер мамлекет өз ичинен бөлүнүп-жарылса, кыйрайт.

25 Эгер үй-бүлөнүн ыркы кетсе, соо калбайт.

26 Эгер шайтан да өзүнө өзү каршы чыгып, бөлүнүп-жарылса, анда соо калбайт, соодасы бүтөт.

27 Алдуу адамдын үйүнө кирген бирөө алды менен анын өзүн байлабай туруп, үй-мүлкүн кантип тоноп кетет? Алдууну байлагандан кийин гана анын үйүн тоной алат.

28 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: адам баласынын күнөөлөрү менен жаман сөздөрү бүт кечирилет,

29 а бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, анда ал эч качан кечирилбейт, ошол күнөөсү түбөлүк мойнунда калат.

30 Ыйса бул сөздү кээ бир адамдардын: «Муну кара күч басыптыр!» — дегенинен улам айтты.

31 Ушундан соң, Ыйсанын энеси менен бир туугандары келишип, сырттан туруп Аны чакыртышты.

32 Ыйсанын айланасында толтура адамдар олтурган болчу. Алар Ыйсага: — Энең, инилериң жана карындаштарың келип, сыртта сени чакырып жатышат, — дешти.

33 — Менин энем менен бир туугандарым кимдер? — деди аларга Ыйса.

34 Анан айланасында олтургандарды сыдыра карап алып: — Менин энем менен бир туугандарым булар!

35 Анткени ким Кудайдын каалоосун аткарса, ошол Мага бир тууган ага-ини, эже-карындаш жана эне болот, — деди.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16