Марктын Инжили 8 Бөлүм
1 Ошол күндөрдүн биринде кайрадан абдан көп эл чогулуп, жегенге тамак табылбады. Ыйса шакирттерин чакырып алып:
2 — Элге боорум ооруп атат, үч күндөн бери жанымда, жегенге эч нерселери жок.
3 Эгерде ушул бойдон үйлөрүнө таратып жиберсем, жолдо шайы ооп калат, анткени арасында алыстан келгендери да бар, — деди.
4 Шакирттери: — Мынча элди тойгуза турган нанды бул ээн талаадан ким таба алат? — дешти.
5 Ыйса: — Канча наныңар бар? — деди. Алар: — Жети, — деп жооп беришти.
6 Ошондо Ыйса элди жерге отургузгула деп буйруду. Анан жети нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да элге таратуу үчүн шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты.
7 Алардын дагы бир аз кичине балыктары бар эле. Ыйса шүкүрчүлүк келтирип, аларды да таратууну буйруду.
8 Баары жеп, тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, жети себет болду.
9 Жегендердин эсеби болсо төрт миңдей киши эле. Анан Ыйса аларды үйлөрүнө коё берип,
10 дароо шакирттери менен бирге кайыкка олтуруп, Далманут аймагына келди.
11 Кээ бир фарисейлер Ыйсага келишип, Аны менен талаша башташты. Ыйсаны сынашып, асмандан бир жышаан-белги көрсөт деп талап кылышты.
12 Ыйса терең үшкүрүнүп алды да: — Бул адамдар эмне үчүн Менден жышаан-белги талап кылышат? Силерге бир чындыкты айтып коёюн: бул муунга эч кандай белги берилбейт! — деди.
13 Анан аларды калтырып, кайрадан кайыкка олтурду да, көлдүн наркы өйүзүнө кетип калды.
14 Кайыкта бир эле нан бар болуп чыкты, анткени алар нан алганды унутуп калышкан экен.
15 Ыйса шакирттерине: — Абайлагыла, фарисейлер менен Ироддун ачыткысынан сак болгула! — деди.
16 Алар өз ара: «Биз нан албаганыбыз үчүн айтып жатат го», — дешти.
17 Ыйса муну билип, аларга: — Эмнеге нан ала келбептирбиз деп жатасыңар? Кылгандарымды дале түшүнгөн жоксуңарбы? Алардын маанисин биле элексиңерби? Дале көкүрөгүңөр көрбү?
18 Көзүңөр туруп, көрө албай жатасыңарбы? Кулагыңар туруп, уга албай жатасыңарбы? Эсиңерде жокпу:
19 Мен беш нанды беш миң кишиге сындырып бергенимде, силер чогулткан калдыктары канча себет болду эле? — деди. Шакирттери: — Он эки, — дешти.
20 Ыйса: — Төрт миң кишиге жети нанды сындырып бергенимде, арткандары канча себет болду эле? — деди. Алар: — Жети, — дешти.
21 Ошондо Ыйса аларга: — Дале түшүнө элексиңерби? — деди.
22 Бейтсайдага келишкенде, Ыйсага бир сокурду алып келишип, ага колун тийгизип, айыктырып коюусун суранып жалбарышты.
23 Ыйса аны колунан алып, айылдын сыртына жетелеп чыкты. Анан анын көзүнө түкүрүп туруп, колун үстүнө койду да: — Бирдеме көрүп жатасыңбы? — деди.
24 Сокур киши көз тигиле карап: — Адамдарды көрүп турам. Алар басып жүргөн дарактарга окшош, — деди.
25 Ыйса кайрадан колун анын көзүнө койду. Ошондо ал көз тигиле карады да, бул жолу айыгып, баарын ачык көрүп калды.
26 Ошондо Ыйса: — Айылга кирбе! — деп аны үйүнө жиберди.
27 Анан Ыйса шакирттерин ээрчитип, Филип Кесария деген шаардын жанындагы айылдарга жөнөдү. Жолдо шакирттеринен: — Эл Мени ким деп эсептешет? — деп сурады.
28 — Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси башка пайгамбарлардын бири деп жатышат, — дешти шакирттери.
29 — А силерчи, силер Мени ким деп эсептейсиңер? — деди Ыйса. Петир: — Сен — Машаяксың! — деп жооп берди.
30 Ошондо Ыйса аларга: — Менин ким экенимди эч кимге айтпагыла! — деп катуу эскертти.
31 Анан Адам Уулу көп азап чегип, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан четке кагыларын, анан өлтүрүлүп, үчүнчү күнү кайра тирилүүгө тийиш экендигин айтып, шакирттерин окута баштады.
32 Ал муну аларга ачык айтты. Ошондо Петир Аны четке чакырып алып, каршы болуп баштады.
33 Ыйса болсо бурулуп, шакирттерин карады да Петирге: — Жогол Менден шайтан, себеби сен Кудайдын эмес, пенденин оюн ойлоп жатасың! — деп аны урушуп койду.
34 Анан эл менен шакирттерин чакырып алып мындай деди: — Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын да, өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанын берүүгө даяр болуп, артыман түшсүн.
35 Анткени ким өз жанын сактайм десе, аны жоготот, ал эми ким жанын Мен үчүн жана Жакшы Кабарым үчүн берсе, ал ага кайрадан ээ болот.
36 Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанын жоготкондон адамга не пайда?
37 Же кандай баа менен адам баласы жанын сактап кала алат?
38 Кимде-ким мына бул бузулган, күнөөкөр муундун алдында Менден жана Менин сөздөрүмдөн баш тартса, анда Адам Уулу да Атасынын кудурети менен ыйык периштелеринин коштоосунда көктөн келгенде, андан баш тартат.