меню

Марктын Инжили 13 Бөлүм


1 Ыйса ийбадаткананын короосунан чыгып баратканда, шакирттеринин бири ага: — Устат, карачы, бу не деген таштар, не деген имараттар! — деди.

2 Ыйса ага: — Сен ушул заңгыраган имараттарды көрүп турасыңбы? Таш үстүндө таш калбай, мунун баары талкаланат, — деди.

3 Ыйса ийбадаткананын тушундагы Зайтун тоосунда олтурганда Петир, Жакып, Жакан жана Идрис Андан өзүнчө минтип сурашты:

4 — Айтчы, бул качан болот? Ушунун баары ишке ашар алдында кандай жышаан болот? — дешти.

5 Ыйса аларга мындай деди: — Сак болгула, бирөө силерди алдап кетпесин!

6 Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» дешет да, далай адамды алдап кетишет.

7 Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги согуштар тууралуу имиш-имиштерди угасыңар. Бирок коркуп, үрөйүңөр учпасын! Андайлар болушу керек, бирок бул акыр заман келди дегенди билдирбейт.

8 Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат. Жер-жерлерде жер титиреп, ачарчылыктар болот! Толгоо башталгандагы азаптар сыяктуу, мунун баары боло турган азаптардын башталышышы гана.

9 Силер болсо өзүңөргө сак болгула! Силерди сотко беришип, синагогаларда сабашат. Мага ишенгениңер үчүн өкүмдарлар менен падышалардын алдында суракка алынасыңар жана аларга Мен жөнүндө айтасыңар.

10 Акыр заман болордон мурда, бардык элдерге Жакшы Кабар жетиши керек.

11 Силерди соттоо үчүн кармап, алып жөнөшкөндө, эмнени айтабыз деп алдын ала түйшүк тарпагыла, ошол саатта Кудайдан эмне берилсе, ошону айткыла! Анткени силер эмес, Ыйык Рух сүйлөйт.

12 Бир туугандар бири бирин, атасы өз баласын өлүмгө салып бере турган болот. Балдары өз ата-энелерине каршы чыгышып, аларды өлүмгө салып беришет.

13 Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Бирок ким аягына чейин чыдаса, куткарылат.

14 Жийиркеничтүү арам нерсенин касиеттүү ийбадатканада турганын көргөнүңөрдө(муну окуп жаткан адам өзү түшүнүп алсын), Иудеядагылар тоолорго качсын,

15 ким үйдүн төбөсүндө турса, бир нерсесин алам деп үйүнө кирбесин,

16 ким талаада жүрсө, кийимин алам деп артына кайтпасын.

17 Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору.

18 Бул окуялар кыш убагына туш келбесе экен деп сыйынгыла.

19 Анткени ошол күндөрдө Кудай ааламды жараткандан ушул убакка чейин болуп көрбөгөн алаамат болот. Мындай алаамат келечекте да болбойт!

20 Эгер Жараткан Эге ошол күндөрдү кыскартпаса, анда бир да жан аман калбас эле. Бирок Жараткан Эге Өзү тандап алган адамдары үчүн ошол күндөрдү кыскартып койгон.

21 Ошондо силерге бирөө: «Машаяк бул жакта», же «тигил жакта» десе, ишенбегиле.

22 Анткени жалган машаяктар менен жалган пайгамбарлар чыгат. Алар, эгер мүмкүн болсо, Кудай тандап алган адамдарды да алдап кетүү үчүн жышаандар менен кереметтерди көрсөтүшөт.

23 Силер болсо абайлагыла! Мен силерге баарын алдын ала айттым.

24 Ошол алаамат күндөрдөн кийин «Күндүн бети карарып, Ай калат төкпөй өз нурун.

25 Көктөн кулап жылдыздар Асмандагы күчтөр да Түгөл келет кыймылга».

26 Ошондо улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулункөрүшөт.

27 Анан Ал периштелерди жиберип, алар төгөрөктүн төрт бурчунан Кудай тандап алган адамдарды чогултушат.

28 Анжир дарагынан сабак алгыла. Анын бутактары жумшарып, жалбырагы чыга баштаганда, жай жакындап калганын билесиңер.

29 Анын сыңары, ушул окуялардын башталганын көргөнүңөрдө, кыяматтын босогодо турганын билгиле.

30 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт.

31 Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет.

32 Ал кайсы күнү, кайсы саатта келерин Атабыздан башка эч ким билбейт. Ал убак асмандагы периштелерге да, ал тургай Уулуна да белгисиз.

33 Ошондуктан абайлагыла, сак болгула! Анткени ал убакыт качан келерин билбейсиңер.

34 Бул үйүн таштап алыс сапарга чыгарда кулдарына бийлик берип, алардын ар бирине тиешелүү иш тапшырып, кароолчусуна сак болууну буйруп кеткен киши сыяктуу болот.

35 Ошондуктан сергек болгула! Анткени үй Ээсинин качан келерин билбейсиңер. Ал кечинде, же түн жарымында, же таң эрте короз кыйкырганда, же күн чыкканда келип калышы мүмкүн.

36 Күтпөгөн саатта келип, уктап жатканыңарда үстүңөрдөн чыкпасын!

37 Силерге айтып жатканымды баарына айтам: сак болгула!

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16