меню

Марктын Инжили 4 Бөлүм


1 Ыйса кайрадан көл жээгинде элди окута баштады. Ошондо жыйылган элдин көптүгүнөн кайыкка түшүүгө туура келди. Эл болсо жээкте карап турду.

2 Ыйса ибарат менен көп нерселерди айтып, аларды окутту. Ал элге мындай деди:

3 — Кулак салып, угуп алгыла: бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр.

4 Сепкен уругунун кээси жол боюна түшүп, чымчыктарга жем болот.

5 Кээ бири аз гана топурагы бар таштак жерге түшүп, кыртышы терең болбогондуктан тез эле өсүп чыгат.

6 Күн чыкканда күйүп, тамыры терең болбогондуктан куурап калат.

7 Кээси тикен арасына түшөт. Анан тикен өсүп чыгып, аны басып калгандыктан ал түшүм бербейт.

8 Ал эми кээ бирлери жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, кээси отуз, кээси алтымыш, кээси жүз эсе түшүм берет.

9 Ыйса аягында мындай деди: — Уга турган кулагы барлар уксун!

10 Ыйса жалгыз калганда, он эки шакирти менен бирге айланасында тургандар Андан ибараттардын мааниси тууралуу сурашты.

11 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Кудайдын Падышачылыгынын сырларын билүү силерге буюрган. Ал эми сырттагы, жанагыларга болсо баары ибараттар аркылуу айтылат.

12 Ошондуктан алар: «Караса да, көрүшпөйт, Тыңшаса да, түшүнбөйт. Кайрылышса Кудайга, Кечирилмек күнөөсү».

13 Анан Ыйса аларга мындай деди: — Бул ибараттын маанисин түшүнбөй жатасыңарбы? Анда башка ибараттарды кантип түшүнөсүңөр?

14 Дыйкан сепкен урук — Кудайдын сөзү.

15 Жол боюна түшкөнү мындай адамдарды билдирет: булардын жүрөгүнө Кудайдын сөзү себилет, бирок алар угары менен эле шайтан дароо жетип келе калып, жүрөктөрүнө себилген сөздү уурдап кетет.

16 Ал эми таштак жерге түшкөн үрөн болсо Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамдарды билдирет.

17 Бирок тамыры болбогондуктан бир азга гана ишенип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка же куугунтукка кабылар замат ишенимден баш тартышат.

18 Тикендердин арасына түшкөнү Кудай сөзүн уккан,

19 бирок бул дүйнөнүн түйшүгүнө, акчанын азгырыгына жана башка каалоолорго алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат.

20 Ал эми жакшы кыртышка түшкөндөрү Кудай сөзүн угуп, кабыл алган адамдарды билдирет. Мындай адамдар отуз, алтымыш, жүз эсе жемиш берген үрөнгө окшош.

21 Ыйса дагы мындай деди: — Шамды идиштин же керебеттин астына коюш үчүн жагышабы? Аны шамдалга коюшпайбы?

22 Сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт.

23 Уга турган кулагы барлар уксун!

24 Ыйса аларга дагы мындай деди: — Укканыңарды байкагыла! Кандай өлчөмдө көңүл бөлсөңөр, ошондой өлчөмдө силерге түшүнүк берилет, ал тургай ашыгы менен берилет.

25 Кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат.

26 Ыйса дагы мындай деди: — Кудай Падышачылыгы мындай: адам айдоо талаасына урук себет да,

27 түнү уктап, күндүзү туруп, уруктун кандайча өсүп-өнүп жатканын билбейт.

28 Жер аны өзү өстүрөт: алгач көгөртүп, анан баш байлатып, анан башын данга толтурат.

29 Адам болсо дан бышары менен эгинине орок салат, анткени оруу-жыюу маалы келип жетет.

30 Ыйса дагы мындай деди: — Кудай Падышачылыгын дагы эмнеге салыштырса болот? Аны кандай ибарат менен сүрөттөп берейин?

31 Ал жерге эгилген, бул дүйнөдөгү уруктардын эң кичинеси болгон сары кычы данына окшош.

32 Ал эгилген соң, өсүп чыгат, анан бакчадагы бардык өсүмдүктөрдөн ашып кетет. Чоң-чоң бутак жайып, көлөкөсүнө канаттуулар пааналап, уя салышат.

33 Ыйса элге ушул сыяктуу дагы көптөгөн ибараттарды айтып, алардын сиңирүүгө кудурети жеткиче Кудайдын сөзүнөн таалим берди.

34 Ал элге жалаң ибарат менен сүйлөдү, ал эми шакирттери менен калганда, аларга ибарат менен айтылгандардын баарысынын маанисин чечмелеп, түшүндүрүп берди.

35 Ошол күнү кечинде Ыйса шакирттерине көлдүн аркы өйүзүнө барабыз деп айтты.

36 Ошондуктан шакирттери элден бөлүнүп, кайыктын ичинде олтурган Ыйсага кошулушту. Жанында башка кайыктар да бар болчу.

37 Анан катуу бороон башталып, кайыктын капталына урунган толкундар ичине ашып, ичи толо баштады.

38 Ыйса болсо кайыктын куйрук жагында жаздык жазданып, уктап жатты. Шакирттери Аны ойготушуп: — Устат, өлө турган болдук! Бизди ойлосоң боло! — дешти.

39 Ыйса ордунан туруп, бороонго тыюу салып, толкундарга: — Басыл, токтогун! — деп буйруду. Бороон тынчып, айлана жымжырт боло түштү.

40 Анан шакирттерине кайрылып: — Эмне мынчалык коркоксуңар? Ушул убакка чейин ишене алган жоксуңарбы? — деди.

41 Үрөйлөрү учкан шакирттери өз ара: — Бороон менен деңиз да баш ийген бул ким болду экен? — деп сүйлөштү.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16