меню

Марктын Инжили 7 Бөлүм


1 Фарисейлер менен Иерусалимден келген дин мугалимдери Ыйсанын жанына жыйналышты.

2 Ыйсанын шакирттеринин кээ бири арам колу менен, тагыраак айтканда, колдорун жуубай нан жеп жатканын көрүштү.

3 Анткени фарисейлер башка иудейлердин баары сыяктуу эле колдорун улуулардан калган салтка ылайык жуумайын тамак жешпейт.

4 Ошондой эле базардан келгенди жуумайынча ооздоруна алышпайт. Мындан башка дагы табактарды, чайнектерди, идиштерди, керебеттерди жууп-тазаламай деген, өздөрү кабыл алышкан толгон-токой салттары бар.

5 Ошондуктан фарисейлер менен дин мугалимдери Ыйсага: — Эмне үчүн шакирттериң улуулардан калган салтты бузуп жатышат? Алар кол жуу расмисин сактабай эле нан жешет экен, — дешти.

6 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Эки жүздүүлөр, Ышая силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылып, жазып кеткен: «Тили менен Мени сыйлап жатса да, Дили менен бул эл Менден алыс бейм.

7 Адам салтын Меники деп окутуп, Мага келип табынганы пайдасыз».

8 Силер Кудайдын осуяттарынан баш тартып, адамдардын салттарын кармайсыңар.

9 Ыйса дагы мындай деди: — Өзүңөрдүн салттарыңарды карманыш үчүн Кудайдын осуяттарынан баш тартканыңар жакшыбы?

10 Муса мындай деген эмеспи: «Ата-энеңди сыйла»жана «Атасын же энесин сөккөн адам өлүм жазасына тартылсын!»

11 А силер болсо: «Эгер ким атасы же энесине: "силерге бере турган нерсемдин баарын ‘корбан’, башкача айтканда, ‘Кудайга багыштадым’" десе,

12 анда ал атасы же энеси үчүн эч нерсе кылбай эле койсо болот» деп,

13 элге үйрөткөн ушул салтыңар менен Кудайдын сөзүн жоюп салдыңар. Буга окшогон дагы башка көп нерселериңер толуп жатат.

14 Анан Ыйса элди чакырып алып, дагы мындай деди: — Мага кулак салып, түшүнүп алгыла!

15-16 Адамды анын ичине сырттан кирген нерсе эмес, ичинен чыккан нерсе арам кылат.

17 Ыйса көпчүлүктөн бөлүнүп, үйгө киргенде, шакирттери Ал айткан сөздүн маанисин сурашты.

18 — Чындап эле силер да али түшүнө элексиңерби? — деди Ыйса аларга. — Адамдын ичине сырттан кирген бир да нерсе аны арам кыла албайт.

19 Анткени ал адамдын жүрөгүнө эмес, курсагына кирет да, сыртка чыгып кетет. (Ыйса муну менен бардык тамак адал дегиси келген.)

20 Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат, — деп улантты Ыйса сөзүн,

21 — анткени ичтен, адамдын жүрөгүнөн арам ой, бузукулук, уурулук, адам өлтүрүүчүлүк,

22 ойноштук, ач көздүк, кара ниеттик, алдамчылык, кумарлануучулук, көрө албастык, уу сөздөр, текебердик, акмакчылык чыгат.

23 Ушул жамандыктын баары ичтен чыгып, адамды арам кылат.

24 Ыйса ал жактан чыгып, Тир аймагы жакка жөнөдү. Ошол жерден бир үйгө кирип, турган жерин бирөөлөр билишин каалабады. Бирок баары бир жашырына алган жок.

25 Анткени кара күчкө чалдыккан кызы бар бир аял Ыйса жөнүндө угары менен жетип келип, Анын бутуна жыгылды.

26 Бул аял эврей эмес, сирофиникиялык болчу. Ал Ыйсадан кызынын ичиндеги жинди кууп беришин суранып жалбарды.

27 Ыйса болсо ага: — Кой, адегенде балдардын курсагы тойсун, алардын нанын иттерге ыргыткан жакшы эмес, — деди.

28 — Ооба таксырым, — деди аял, — бирок иттер деле балдардын дасторконунан түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи?

29 Ошондо Ыйса ага: — Ушул сөзүң үчүн бара бер, жин кызыңдан чыгып кетти, — деди.

30 Аял үйүнө келип, кызынын төшөктө жатканын жана жиндин чыгып кеткенин көрдү.

31 Ыйса Тир аймагынан чыгып, Сидон шаарынан өтүп, Оншаар турган жерди аралап, Галилея көлүнө жөнөдү.

32 Аңгыча кимдир бирөөлөр жакшы сүйлөй албаган, кулагы да такыр укпаган кишини алып келишип, Ыйсадан ага колун коюп, айыктыруусун сурап жалбарышты.

33 Ыйса аны элден өзүнчө бөлүп барып, эки кулагына сөөмөйлөрүн тыкты. Анан сөөмөйүнө түкүрүп, тигинин тилине тийгизди.

34 Андан соң, асманга карап, терең дем алды да оорулууга: — Эффата! (мааниси: ачыл!), — деди.

35 Ошол замат дүлөйдүн кулагы ачылып, тилге келди да кадимкидей сүйлөй баштады.

36 Анан Ыйса элге бул тууралуу эч кимге ооз ачпоону буюрду. Бирок канчалык тыюу салган сайын, ошончолук кайра күчөшүп кеп кылышты.

37 Айран таң калган эл: — Ал кылгандын баары жакшы экен: ал тургай дүлөйлөрдү уктуруп, дудуктарды сүйлөтүп жатат! — дешти.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16